ИИМдин Башкы штабынын башчысы дайындалды

Абдиш Коомбаев ИИМдин Башкы штабынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Коомбаев Абдиш Абазович – милициянын полковниги. 1969-жылы 23-февралда туулган. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүрүп, 2008-жылы Россиянын Ички иштер министрлигинин Академия башкармалыгын аяктаган. Юридика илимдеринин доктору.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органында иштеп жаткан учурунда мамлекеттик жана түзүмдүк төш белгилер менен сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *