Келечекте ата мекендик өндүрүш ишканасын ачуу тилегибизди ишке ашырабыз”

Жаш ишкер Дастан Абдрахманов бала кезден кыялданган тракторун жасап, бүгүнкү күндө аны айыл жеринде иштеген фермерлерге тарттуулап келүүдө. Биз аны интернет желесинен таап, кепке тартканыбызда буларды айтып берди. 

Иш учуру

Техника менен иштөө менин хоббим

– Өзүм Баткен облусуна караштуу Бужум айылында төрөлүп, өскөм. Ошол жердеги гимназиядан  соң, Бишкек шаарынан Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин машина куруу факультеттин ийгиликтүү аяктадым.    

Техникага негизи бала кезден жакынмын. Мындайча айтканда, техника менен иштөө менин хоббим. Ар бир адамдын балалыкта ар кандай максаттары болот. Мисалы, бирөө келечекте дарыгер болгусу келсе, экинчиси мугалим болом деп кыялданат эмеспи. Анын сыңары, мен бала чактан техника менен иштөөнү өздөштүрүп, келечекте өзгөчө машина жасап чыгууну ниет кылчу элем. Буюрса, ошол кыялыма  кадам таштап жатам. Көп түрдүү машиналардын ичинен стандарттары жеңил тракторду жасоону туура көрдүм. Анткени, чоң машиналарды жасоого азырынча эч кандай техникалык каражаттарыбыз жок. Ошого байланыштуу трактордон баштадык. Аны жасоодо техникалык жана документ жагынан  өтө деле кыйынчылык болгон жок. Эң негизги максатыбыз – жогорку сапаттагы тракторлорду жасап, айыл жеринде иштеген фермерлерибиздин ишин жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Бүгүнкү күндө колдон келишинче сапаттуу тракторлорду жасап берүүнүн үстүндө тынбай эмгек кылып жатабыз.

Эч кимден үйрөнгөн жокмун

– Трактор жасоону бирөөгө барып деле үйрөнгөн жокмун. Болгону менде кызыгуу аябай күч болду. Адам баласы бир нерсеге чын дилинен кызыгып, изденсе, максаты ишке ашат эмеспи. Ошого мен ишендим. Кээ бир гана билбеген нерселерибизди интернеттен карап, үйрөнүп жаттык. Мисал үчүн моторун жасоо татаал. Аны өзүнүн гана  техникасы менен жасабаса кыйын. Ошол үчүн биз жаңы мотор сатып алып, ага жараша конструкция түзүп, тракторду жасап чыктык. Бул биздин жеке автордук иш десем болот.

Башында көп кыйынчылыктар болду. Биринчиден,  финансылык жактан кыйналдык. Чогуу иштегендерге акча төлөп берүү бир топ кыйынга турду. Андан сырткары, трактордун иш аткаруу мүмкүнчүлүгү боюнча  ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болдук. Кайра-кайра жасап жатып, быйыл жакшы иштеп калды.

15 кВт кубаттуулуктагы ток бере алат

– Башка тракторлордон бир топ айырмаланат. Эң биринчиден, Кыргызстанда жасалат. Аны ушул жактын шартына ылайыкташтырып жасаганбыз. Башкаларга караганда, биз жасаган тракторлордун аткарган функциялары көбүрөөк. Ал суу чыгарат, жер казат, кышында кар күрөйт, чөп чабат. Кыргызстанда иштеп жаткан көпчүлүк тракторлордун чөп чапкычы каптал жагына коюлса, биздики алдында.Ал  чапканга абдан ыңгайлуу.Ошондой эле чиркегич да уланат. Баасы – 270 миң сом. Дагы бир жакшы жери – ага генераторго кошуп койсо, 15 кВт кубаттуулуктагы ток бере алат. Жасаган тракторлор 5-6 жерге тапшырылды

– Азырынча жасаган тракторго ат коё албай жатам. Себеби, азыр бизде трактордун эки маркасы бар. Ал эми фирманын атын жакынкы арада коёбуз.

Жасалган 6 тракторубузду тесттик түрдө Кыргызстандын ар кайсы жерлерине тапшырып бергенбиз. Алардын жыйынтыктары бүгүнкү күндө өтө жакшы. Башында бир аз кыйын болуп жаткан. “Бул жерин туура эмес жасапсыңар. Иштебей калды» дегендер болгон. Аларды  кайра алып келип, оңдоп жасап берип жүрдүк. Ал эми акыркы жасалган тракторлорго эч ким даттанып келе элек. Элдер тарабынан да жакшы бааланып жатат.

Келечекте чоң завод ачсам дейм

– Келечекте трактордун 8 түрүн, машинанын 6 түрүн жасап, элибизге тартууламакчыбыз. Андан тышкары, курулуш, транспорт,  агро тармагында иштеген ишкерлерге  дагы ишин жеңилдете турган техника жасап берсек деген да максат бар. Азыркы тапта чоң завод ачканга чуркап жүрөбүз. Келечекте ата мекендик өндүрүш ишканасын ачуу тилегибизди ишке ашырабыз.

Асел Муса кызы

0 Поделились