Күнөө кризистеби же коммбанктардабы?
Коммерциялык банктар чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга которулган валюталардан комиссиялык алымды 0,33 пайыздан 3-5 пайызга чейин көтөрүп жиберишти. Мындан көбүнчө бизнес чөйрөсү, мигранттар жабыр тартып жатышат. Учурда аларга чара көрүүнү өтүнүп мамлекеттик органдарга кайрылгандар көбөйдү.
Курсту банктар аныктаганы туурабы?
Парламентке келген элдин даттанууларынан улам, Дастанбек Жумабеков баштаган эл өкүлдөрү Жогорку Кеңештин «Валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу жана банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча керектөөчүлөрдүн укугун коргоону жөнгө салуу жөнүндө» токтомунун долбоорун кабыл алышты. Коммерциялык банктардын эл аралык экономикалык кризиске шылтоологон бул жоругу 2022-жылдын акыркы 8 айынан бери өөрчүп, көбүнесе ири көлөмдөгү доллар, рубль менен акча которушкан атамекендик ишкерлердин, мигранттардын көкөйүнө тийди. Депутат Жумабековдун айтымына караганда, мындан Түркияга, Европага төө буурчак экспорттоп ишмердүүлүк жүргүзгөн таластык ишкерлер дагы жабыр тартуу-да. «Кыргызстанга доллар менен которулуп келген акчалай каражаттарды коммерциялык банктар доллардын тартыштыгын айтып доллар менен бербей жатышат. Эгерде жаран анын 5 пайызын берүүгө макул болсо, долларды тез эле таап беришүүдө. Банктар мындай көз боё-мочулук менен кардардын укугун тебелеп, элди кыйнаганды токтотуулары керек. Жарандар рублди улуттук банктын курсу менен сомго алмаштырып берүүнү өтүнсө, коммерциялык банктар ага болбой, өздөрү каалаган курсту коюп жатышат. Мындан айрыкча ишкерлер банкротко кептелиши ыктымал”, – дейт эл өкүлү.
Депутат Алишер Козуев мындай дейт: «Банктар өзүнүн мыйзамсыз жоругун так түшүндүп бере албай коюшту. Булардын мыйзамсыз иштерине январдан баштап бөгөт койбосок болбойт. Парламенттин токтомун аткарышпаса, депутаттык комиссия түзүп, комбанктардын ишмердүүлүгүн кароо керек. Анткени, банктар ишкерлерге бааны көтөрүп, азык-түлүктөрдүн, кийимдердин, буюмдардын наркынын өсүүсүнө, кымбатчылыктын капташына түрткү берип жатышат”.
Таза киреше таза жол менен келген жок
Кыргызстанда 23 коммерциялык банк бар. Алардын таза кирешесин салыштырсак, 2019-жылы 2 млрд. 100 млн. сом, 2020-жылы 2 млрд. 600 млн. сом, 2021-жылы 3 млрд. 500 млн. сомго жеткен. Ал эми 2022-жылдын 10 айында эле 19 млрд. 700 млн. таза киреше табышкан. Белгилей кетүүчү жагдай, алар мындай рекорддук үстөк пайданы кредиттик пайыздардан эмес, а чет мамлекеттерден которулган валюталардын комиссиялык операцияларынан табышкан. Март айында коммерциялык банктар акционерлеринин чогулуштарын өткөрүшүп, үстөк пайдаларын бөлүштүрө башташат. Ага чейин булардын акылга сыйбаган жоруктарын токтотуп, тез арада салыктын жаңы түрүн киргизип, үстөк пайданын 30-40 пайызын мамлекетке төлөтүп алуу керек. Айрым депутаттардын пикири боюнча, банктарды тизгиндөөнүн мындан башка варианты жок.
Улуттук банктын өкүлү мындай сунуштарга карата өз позициясын билдирди. “Жалпы банктарга карата пандемиянын тийгизген киризистик кесепеттери азыр деле биротоло кете элек. Ошого карабай, Улуттук банк коммерциялык банктардын уставдык капиталын көтөрүү талабын коюуда. Анткени, коммерциялык банктар өздөрүнүн уставдык капиталын системалуу түрдө 2 млрд. сомго чейин жеткириши керек. Бул маселе коомдук талкууга чыгарылды. Андан тышкары, банктарга Баткен окуясынан жабыр тарткан жарандарга жардам берүү мамлекеттик программасынын алкагында алардын кредиттик пайыздарынын көлөмдөрүн төмөндөтүү сунушталган. Албетте, мурдагы жылдарга салыштырмалуу коммерциялык банк-тардын 2022-жылдагы тапкан жалпы кирешеси кыйла өстү. Анын эсебинен республикалык бюджетке салык төлөнүп жатат. Ал эми, коммерциялык банктардын комиссия көлөмдөрүн кайра мурдагы калыбына келтирүү боюнча парламенттин токтомун негиз кылып, Улуттук банктын аларга чара көрүүчү укуктук негизи пайда болот”.
Доллар чемодан менен сыртка ташылып жатат
Парламенттеги талкууда бир топ депутаттар самолёт менен накталай акча ташуулар азыр эле орун ала баштаганын баса белгилеп айтышты. Депутат Жусупбек Коргонбаев мындай дейт: “Азыркы күндө аэропорттор аркылуу Түркияга, Россияга, Кытайга ж.б. мамлекеттерге чемодан, мүшөк менен долларларды накталай түрдө чыгарып кетип жатышат. Мен бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине бөгөт койгула деп расмий кайрылгам. Ал эми карапайым эл долларга жетпей калды”.
1,5 айда маселечечилеби?
Шаарларда банктар көп болгондуктан кардар бир банктан болбосо экинчисинен барып алат. Көйгөйдүн көбү айыл жерлеринде болуп жатат.
Депутат Мейкинбек Абдалиевдин айтуусуна караганда, банктардын кеңселеринде валюталардын курсу илинип турат. Бирок, жарандардын ошол курс менен акча алуусу кыйындап калды. Акча алмаштыруучу пункттардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө да солгундап кетти. Акча алмаштыруучу пункттар долларды сатып алган курс менен эмес, өздөрү койгон курс менен сатып калышты. “Россиянын банктары санкцияларга туш болуп жатканын түшүнүп жатабыз. Бирок, Түркиянын, Кытайдын, Кореянын ж.б. банктарынан которулган валюталарга да чайкоочулук көп болуп, коммерциялык банктар атамекендик ишкерлердин терисин сыйрып жатышат”, – дейт эл өкүлү.
Дастанбек Жумабековдун пикири боюнча, банктар 8 ай мурда кандай иштесе, ошол мыйзамдык нукка кайра түшүүлөрү керек. Дүйнөлүк экономикалык кризиске шылтоолоп, элдин эсебинен баюу максатынан баш тартуулары зарыл. Эл өкүлү: “Эгерде принципке таяна турган болсок, парламент силердин кесепеттүү ишиңерге каршы жаңы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга даяр. Азырынча Жогорку Кеңештин токтому менен эле чара көрүүдөн ары өткөн жокпуз”, – деп эскертти.
Жогорку Кеңеш коммерциялык банк-тар ишин мыйзамдык нукка салып алуусуна 1,5 айлык убакыт берди. Аны парламенттин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитети көзөмөлгө алат.