Жогорку Кенеш италиялык пардаларды алуу боюнча тендерди жокко чыгарды

Жогорку Кенеш италиялык пардаларды алуу боюнча тендерди жокко чыгарды. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар кызматынын сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, парламент италиядан алынган пардаларды алууга  1,5 млн сом бөлгөн. Жарыяланган тендердин алкагында келип түшкөн сунуштар 12-апрелде  каралып,  ОсОО «Лайн стиль» аттуу ишканасы жеңүүчү деп табылган.

4-майда аталган тендердик конкурстун жыйынтыгы «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдын 31-беренеси, 2-пунктуна ылайык жокко чыгарылды.

Кошумчалай кетсек, аталган мыйзамга ылайык,  келип түшкөн сунуштардын баардыгы кайра кайтарылганда, эң арзан сунуш бөлүнгөн каражаттан көп болгон учурда тендердик конкурстун жыйынтыгы жокко чыгарылышы мүмкүн.