Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Асандын оозунан сөзү ыргып, эми элеки жылмайып турган жүзү акырындап өзгөрүп, Тынар көрсөткөн тарапты карады.

Тынар болсо жанагысындай эле апасы менен Кызмончокту жылмайыңкы карап, бактылуу келе жаткан.

Ортого чакан от жагылып, ошонун табы бүтүндөй ай ааламды жылытып жаткандай эле. Чатырап, учкундары бийикке чачыраган оттун табынан албырган жүздөр, кандайдыр бир олуттуу нерсенин түйүнү чечилчүдөй бири-бирин ишеним, күтүү, үмүттүн учкундары чачыраган көздөр…

Алымкандын алдында жерге сайылган жети чий – кебез оролгон жети шам күйүп турат. Муну жана, эки улан отунга кеткенде Алымкандын эски чыптамасынан кебез чубай коюп орошкон. Ара чолодо:

– Бул – ыраматылык кайненемден калган чыптама. Өзү да көп кийбей, ал да келин болуп жаңы келген кезде өзүнүн кайын энеси тигип кийгизгенин айтар эле. Кийин эле кийди апам… Анан көзү өтөрдө мага берип: “Ушуну үстүңдөн түшүрбөй кийип жүр, балам. Ысыкта – ысытпайт, суукта – үшүтпөйт. Касиеттүү кишинин колунан чыккан кийим. Жаман жерге таштаба”, – деп мага берген.

Бир-эки жолу этегинен кебез чубатып алып, экөөбүз так ушинтип отуруп шам орогонбуз. Так ушундай маалда шам жакканды жакшы көрчү… – деп кобурап берди Алымкан. Мына эми, так ошондогудай кылып шам күйгүзүп, көздөрүн бирде жумса, бирде ачып, кандайдыр бир улуу иш баштай тургандай Кудайга жалынып, күбүрөнүп отурат. Башкалар демдерин ичине жутуп, ар бири өз алдынча Кудайдан жакшылык сурап, бирде Алымканды, бирде ортодогу отту, оттун баласындай үлпүлдөгөн шамды тиктеп, үнсүз отурушат.

Анткен менен Асандын ою чакчалекей. Бир жагынан айылда аны күтүп жаткан атаэнесин ойлоп: “Эмне дешер экен? Атам ар качан түшүнүп, туура, калыс жооп айтканга аракет кылчу эле. Бул саам кантээр экен? Эгерде менин Кызмончокко болгон сезимимди четке какса, анда кандай кылам? Же Кызмончок мени теңине албай, тескери жооп айтып койсочу? Мен Бектемирдей боло аламбы? А бирок анын менден деле өзгөчөлүгү жок го?

Өзгөчө болсо, ушинтип аялын ай талаада тентитпейт эле да. Коё турчу, балким Кызмончок меникине эле эмес, айылга баруудан да баш тартсачы? А бирок анда кайда барат? Субай салтаң болсо бир жөн. Кош бойлуу болсо… Же ага деле кайыл болуп, Жанды эрчип кетип калабы? Жайы, кышы талаада – тооташтын коңулунда, үңкүрлөрдө жашаган жапайы адамдар деле болот дешет го. Адамдардын арасындагы азап-тозоктон тажап, андан көрө ошол жапайычылыкты каалап турганы калппы? Эмнеси бар экен, жанында кайтарган жыланы бар..! Ошол жакта төрөп, ошол жакта тукум улап… О, жок, жок! Каалабайм! Мен Кызмончокко андай жашоо каалабайм!

Андан көрө өзүн сүйгөн адам менен бактылуу болуп, кадыресе адамдардай жашоо кечиргени жакшы эмеспи! Мен деген Бектемир эмесмин да, азапка салган!..

Бирок кептин баары Алымкан жеңеге келип такалат окшобойбу. Ал эмне чындыкты айтам деп жатат болду экен?! Адамдар билип, биле элек укмуштуу чындык, тагдыр чечер чындык имиш! Ал эмне болгон чындык болду экен?! Эмнеси болсо да жакшылыкка алып бара турган чындык болсо экен. А бул жеңе аны кайдан билет?!”

Улутунуп, баш көтөрө Алымканды карады Асан. Кызмончок да, Жан да жарым жартылай күйүп калган шамды желпилдеп желипжортуп келип жаткан желден эки алаканы менен калкалап, термелип отурган Алымканды үмүттүү тиктеп турушкан.

Бир убакта Алымкандын калтырак басып, каргылданган добушу айлана-тегеректи ого бетер сырдуу, сүрдүү кылып жиберди:

– Мени кечириңиз, энекебай?.. Кудай үчүн, мына бул кыз үчүн, өзүңүздүн жаман уулуңуз үчүн кечириңиз? Сизден суранам?..

Бул сураныч отургандардын баарын таңдантты. Баары Алымкан тирмийип тиктеп турган жакты карашты. Ал тараптан көөдөй караңгыдан башка эч нерсе көрүнгөн жок:

– Туура жолуңа, он жолуңа баштай көр, айланайын Кудай?! Жаңылдым эле, жаздым эле.. Эми түз жолуңа сал.

Баары өзүңдүн колуңда, баары сен каалагандай болот! Жокту – бар кылып, барды – жок кылып коюуң да бат. Кудуретиңден кагылайын Кудай, колу-бутумдан кеткенин, оозу-мурдумдан кеткенин, баарын кечир?..

Ушинтип, өзү менен өзү сүйлөшүп, кээде кимдир бирөөнүн сөзүн угуп жаткандай бүшүркөй карап, башын акырын ийкеңдетип, алда неге макулдук берип жаткан сыяктанды.

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.