Үйдөн чыкпай эле көп иш бүтүрүүгө мүмкүндүк түзгөн электрондук жана мобилдик капчыктар

Маектешкен Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу” 


Санариптик коом түзүү багытында “Таза коом” долбоору ишке ашырылуу процесинде турат. Баардык тармактарда санариптик кызмат көрсөтүүгө өтүү жана ошол нерсени өнүктүрүү жаатында бир топ алгылыктуу иштер жасалууда. Ал эми сатып алуу, сатуу жана башка төлөм системалар жааты бул багытка жол алганына көп болду. Натыйжада накталай төлөмдөрдүн саны төмөндөп, накталай эмес төлөм жүргүзүү өнүгө баштады. Бул нерсе дүйнөдө эбак эле өнүгүп кеткени менен биздин коом буга азыр көнүп баштады десек болот. Ошол эле пенсия, жөлөк пул, маяна ж.б. төлөмдөрдү накталай эмес төлөмгө өткөрүү менен каржаттардын көмүскө тегеренүүсүн, коррупцияны азайтуу максатталып келет. Учурда электрондук капчык, мобилдик капчык колдонулуп баштаганына көп болгону менен өлкөдө массалык тарай элек. Ошондуктан электрондук капчык, мобилдик капчык деген эмне? Кандай пайдалуу жактары бар ж.б. ушул сыяктуу суроолорго жооп алуу үчүн “Билайн” мобилдик операторунун Санариптик жана финансылык сервисти өнүктүрүү кызматынын жетекчиси Эрмек Акенеев менен болгон маектештик.

 -Окурмандарга, түшүнүктүү болушу үчүн, алгач электрондук жана мобилдик капчык деген эмне экенин айтып кетсеңиз?

-Электрондук капчык – бул каржылык инструмент. Ал акчалардын калдыгы, же алардын жүрүшү сакталган пластикалык карта, кандайдыр бир системадагы информациялык маалымат, “лептоп”, мобилдик телефон ж.б. болушу ыктымал. Мындай каржылык инструмент атайын финансылык көзөмөл жүргүзүүчү тараптан көзөмөлдөнөт. Башкача айтканда аны түзүү, колдонуу жана колдонуучуларды идентификациясы боюнча атайын нускамалары болот.

Алгачкы электрондук капчыктар түзүлө баштаган кезде 2000-жылдар болчу. Ошол эле “PayPal”  карточканын эсебин ачыктабай, төлөмдөрдү жүргүзө берүү максатында түзүлгөн төлөм системасы кандайдыр дүкөнгө же дагы бир нерсеге акча төлөш керек болсо, болгону электрондук почта гана колдонулуучу жана алар “Декстоп” (ар дайым жылдырууга мүмкүн болгон компьютер) же ошол эле “Лептоп” (алып жүрүүгө ыңгайлуу ноутбук) аркылуу колдонулчу. Ал эми алгачкы смартфондор андан 7-8 жылдан кийин гана пайда болгон.

Төкмөлүк өнөрдүн баркы жана наркы

Ал эми мобилдик капчык болсо, күнүмдүк деп айтсак болот. Анын өзгөчөлүгү оператордун балансындагы каражатты капчыкка которуп алып, колдоно берүүсүндө. Мындай тажрыйба негизинен Борбордук Африка өлкөлөрүндө колдонулган. Баланстагы каражатты төлөм катары колдонгон учурлар ошол эле Кенияда, Бангладеште, Индияда белгилүү. Бирок, бул нерсе жалпысынан төлөм аспабы катары өнүкпөй калган. Анткени, ар бир өлкөдө көзөмөл жүргүзүүчү органдар бул нерсеге көзөмөл кылганга аракет кылат. Ал эми андай нерсе көзөмөл кыла турган органдын карамагында эмес. Анткен менен көчөдө өтүп жаткан ар бир кишиден электрондук капчык жана мобилдик капчык эмне деп сурасак, алар үчүн экөөсү бир эле нерсе. Башкача айтканда алар үчүн айырма жок десек болот.

Негизинен алганда дүйнөдөгү мобилдик операторлор учурда өз абоненттерине балансты (бирдик) колдонуп, ар кандай сатып алууларды жүргүзүүгө руксат беришүүдө. Бул кандайдыр бир деңгээлде мобилдик капчыктын аналогу десек болот. Мисалы бизде азыр Улуттук банктын электрондук контенттин пайдасына кандайдыр бир сатып алууларга руксат берген түшүндүрмө каты бар. Ал кандай сатып алуулар — ошол эле оюн, музыка ж.б. Демек, биз кандайдыр бир деңгээлде бул ишти жүргүзүп жатабыз жана биздин базада 500 миңге жакын колдонуучулар ар кандай кошумча төлөмдөрдү оператордун балансын колдонуп төлөп жатышат. Анткен менен төлөм рыногуна чыгуу үчүн рыноктун башка катышуучулары жүргүзүп жаткан эрежелерди колдонушубуз керек. Башкача айтканда төлөм рыногунун катышуучусу же бир канча катышуучулары менен өнөктөштүк кылып, электрондук капчыктарды төлөм катары колдонууга даярбыз.

-Карточка колдонуу менен мобилдик капчыкты колдонууда кандай айырма бар?

-Өнүккөн өлкөлөрдө накталай эмес төлөмдөр пластикалык карталар аркылуу ишке ашыруу жагы жакшы. Ал эми электрондук капчыктар банктык инфратүзүм начар болгон өнүгүп келе жаткан Пакистан, Индия, Бангладеш ж.б. ушул сыяктуу өлкөлөрдө өнүккөн. Тилекке каршы, биз өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө кирип калабыз. Бирок, жалпысынан глобалдык тенденцияны алсак, карточка менен транзакциялар электрондук капчыкка салыштырмалуу төмөндөп бара жатат. Электрондук капчыктар менен транзакцияларда өсүш болуп жатканынын себеби, карточка колдонууда коопсуздук, идентификация жана башкаларга банктагы эсептегидей эле талаптардын колдонулуп жатканы. Башкача айтканда карточкалык эсеп ачыш үчүн адам банкка барып, паспортун көрсөтүп, идентификациядан өтүшү керек.

Ошол эле учурда электрондук капчык  — бул накталай төлөмдүн электрондук түрдөгү аналогу катары болуп калат. Анткени көптөгөн өлкөлөрдө идентификациядан өтпөгөн электрондук капчыктарды кандайдыр бир чектөө менен колдонууга руксат берилген. Бул нерсе оңой, жеткиликтүү сатып алууларды онлайн жүргүзүүгө мүмкүндүк түзөт жана карточкага салыштырмалуу электрондук капчыкка талаптар азырак. Ошондой эле адамдарды ала турган болсок, кандайдыр бир нерселерди идентификациядан өтпөстөн сатып алгысы келет.

Бизде Улуттук банк тарабынан идентификациядан өтпөгөн электрондук капчыктан бир учурда 15 миң сомго чейин жана бир айдын ичинде 30 миңге чейин сатып алууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берилет. Бул карапайым жаранга керектүү нерселерин төлөөгө жетиштүү.

Россияда деле болжол менен ушундай эле көрсөткүчтөр. Мунун натыйжасында Россияда электрондук капчыктардын таркашы абдан жакшы өсүшкө жетишкен. Аларда айтылуу “Яндекс деньги”, “Киви кошелек”, “Веб мани” өздөрүн жакшы көрсөтүп, электрондук капчыкты колдонуу тийиштүү жүрүштө кетип жатат. Мындай өсүшкө мобилдик операторлор да өз салымын кошуп калды. Анткени алар өз абонеттерине өнөктөштүк электрондук капчыкты ачууга жана жеңил толтурууга мүмкүндүк беришкен. Мисалы “Мегафондун” же “МТСтин” (россиянын мобилдик операторлору) абоненти болсом, ошол эле “Яндекс деньги” же “Киви кошелек” электрондук капчыктарын ачып, өзүмдүн “эйр тайм” же бизче айтканда бирдик аркылуу оңой эле толтуруп алсам болот. Эмнеге? Анткени, ар бир бурчтагы терминалдан мобилдик операторго баланс салуу мүмкүндүгү бар. Ал эми ар бир эле терминалда ошол “Яндекс деньги” ж.б. электрондук төлөм системаларынын төлөм жүргүзүү мүмкүндүгү жок болушу ыктымал.

-Улуттук банк мобилдик опреаторлор аркылуу, башкача айтканда бирдик салуу менен электрондук капчыкты толтурууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп чыкты. Учурда ал мыйзам долбоорун кабыл алуу кандайдыр бир убакытка жылдырылды. Ошол тууралуу өз пикириңизди айтып кетсеңиз?

-Ооба, өткөн айда бул мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда коомдук резонанс жаралып, Улуттук банк коомдук пикирди угуп, тыюу салуу жолу менен кетпестен, боло турган коркунучтарды азайтуу, эске алуу жолунда кеткени жакшы болду. Анткени, ошол эле кошуна Казакстандын, Россиянын тажрыйбасын эске алуубуз керек. Анткени ал жактарда баардык эле алдыңкы мобилдик операторлорунун өздүк эсепке байланган төлөм карточка, электрондук капчык сыяктуу төлөм аспаптары бар. Башкача айтканда ал жактарда деле үчүнчү жактардын пайдасына түздөн-түз төлөм жүргүзө алышпайт. Алар деле төлөм уюмдары, банктар менен өнөктөштүк кылышат. Бул биздин мобилдик операторлор дагы тандаган жол. Биз дагы өзүбүздүн стратегиялык өнөктөш банк, төлөм уюмдары менен өнөктөштүк кылып, кошуна өлкөлөргө жеткиликтүү болгон кызматтарды ошондой эле сапаттуу, оңой жана жеткиликтүү кылып сунуштоону максаттап жатабыз. Анткени Россия, Казакстанда деле бул жолго бир түндө эле келип калган жок да. Алар бир топ жолду басып, боло турган коркунучтарды эсепке алып, тийиштүү кадамдарды жасашкандан кийин ушундай мүмкүндүктөр түзүлүп жатат. Ал эми тыюу салуу жолу менен кеткен эң оңой. Ошол эле мобилдик алдамчылык боюнча кептер көп айтылып келет. Маселен, абактагылар алдоо жолу менен тургундардын каражаттарын алып жатышат деген сөз бар. Ушул сыяктуу, кандайдыр бир тобокелчиликтер бар. Ошонун айынан мобилдик телефон колдонууга тыюу салып салсак болбой калат го. Ошондуктан бул маселеде боло турган тобокелчиликтердин алдын алып, алар менен күрөшүү жолдорун издегенибиз туура деп ойлойм. Бул маселеде жакынкы убактарда Улуттук банк, банктар жана Банктар союзу менен биргеликте баарыбызга, биринчи кезекте колдонуучуларга пайдалуу чечимге келебиз деген үмүттөбүз.

Түбөлүктүү кошуналардын түбөлүк достук кызматташтыгынын жаңы доору

-Биздин мобилдик операторлор жогоруда сиз айтып өткөн электрондук капчыкты мобилдик оператордун балансы аркылуу эсепти толтуруу багытында сапаттуу кызмат көрсөтө алабы?

-2015-жылдан баштап өз алдыбызча мындай кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салып койгон. Ошондуктан мындай кызматты көрсөтүш үчүн биз өнөктөш табууга мажбурбуз. Мисалы: “Мегаком” улуттук оператору KICB банкы менен өнөктөш болуп калса, анын ар бир операторуна “Элсом” эсеби ачылат. Анан абоненттер “Элсом” аркылуу төлөм кылганда, “Элсомдогу” өздүк эсебине, “Мегакомдогу” өздүк эсебинен толтура алат. Бул жаатта өнөктөштү туура тандоо эң маанилүү. Албетте, өнөктөштөрдүн кандайдыр бир комиссиялык кызматы болуусу ыктымал. Ошолордун ичине эң оптималдуусу менен иш алып баруу жолу турат. Алар рынокто көптөн бери жүргөндөр болсо, жакшы. Ошол эле учурда биз абоненттерге болушунча жеткиликтүү кылууну көздөп жатабыз. Анткени, адамдар үчүн ыңгайлуу эле болбой арзан дагы болушу шарт. Болбосо, алар мурдагыдай эле накталай төлөм колдоно бериши толук ыктымал. Ошондуктан биз учурда бир канча өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

-Эгерде өнөктөшү жок өз алдынча иш алып барган болсоңуздар, кызматтар үчүн кандайдыр бир комиссиялык төлөм алат белеңиздер?

— Бул риторикалык суроо десек болот. Анткени биз кайрымдуулук компания эмеспиз да. Ошондуктан эгерде бул нерсени өнөктөшү жок түздөн-түз өзүбүз кыла турган болсок, эртели кеч комиссиялык кызмат үчүн каражат алмакпыз. Бирок, бул дароо эле болмок эмес. Балким ал учур жарандар накталай төлөмдөн алыстап калган учурда болмоктур. Балким кандайдыр бир кызматтар үчүн, мисалы акчаны накталай каражат кылуу же акча которуу кызматтары үчүн комиссия алмакпыз. Экинчи жагынан учурда төлөм системалары транзакциялар үчүн кызмат колдонуучулардан комиссия албайт. Демек, биздин өзүбүздүн төлөм ситема болгондо ошондой эле кылмакпыз. Ал эми учурда өнөктөштөр аркылуу иштеп жаткандыктан, алар өздөрүнүн комиссиялык жыйымын алыш керек болот. Азыркы учурда абонентер бул комиссияны алгач төлөбөйт. Анткени компания бул оорчулукту өзүнө алып, убактылуу субсидиялап турат. Бирок, бул нерсе түбөлүк созулбайт да. Анткени компаниянын өзүнүн кызыкчылыктары дагы эске алынуусу зарыл. Жакынкы келечекте жарандарыбыз коңшу Казакстандагыдай, Россиядагыдай заманбап, жеткиликтүү, ыңгайлуу финасылык кызматтар менен камсыз болот деген чоң үмүттүбүз бар.