Үч адам сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткырылды

Нарында Сибирь жарасы же күйдүргү ылаңына шектелип үч киши ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясы билдирет.

Маалыматка ылайык, 31-августа Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айылында сибирь жарасы аныкталган.

Өз кезегинде ветеринардык кызмат тарабынан ыкчам иштер жүргүзүлүп, вирус катталган аймак кылдат текшерүүгө алынган.