Азия оюндарынын үчүнчү күнүндө Кыргызстандын куржунунда 8 медаль болду

Ашхабадда өтүп жаткан жабык имараттагы V Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы түркмөн күрөшү боюнча күч сынашкан кыргызстандык Назира Марсбек кызы менен Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду.

Назира Марсбек кызы 58 килограмм салмак категориясында биринчи айлампада пакистандык спортчуну жеңсе, кийинкисинде ирандык атаандашын артта калтырган. Ал эми финалда түркмөнстандык Зухра Мадраимовага утулуп, коло байгени багындырган. Ал эми Мээрим Жуманазарова 70 килограмм салмак категориясында пакистандык атаандашын жеңип жарым финалга чыккан. Анда түркмөнстандык спорчу менен кез келип аны да утуп алган. Алтын медаль үчүн болгон беттеште жергиликтүү спортчу Насиба Суркиевага жеңилип, коло байгенин ээси болду.

Буга чейин жиу-житсу боюнча Абдурахманхаджи Муртазалиев алтын, Ариет Бекишев коло медаль уткан. Андан кийин түркмөн күрөшүнө түшкөн балбандар Эсенбек Кудайбердиев күмүш, Алибай кызы Уулкан, Назира Арзыбекова жана Кененбек Шамшидин уулу коло медалдарга татышкан болчу. Натыйжада Кыргызстандын байге куржунунда 8 медаль болду.