Бакыт Төрөбаев: “Экономиканы өнүктүрүүнүн күчү жеке сектор”
Бакыт Төрөбаев экономиканы өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү жеке сектор экенин Биринчи радионун угармандарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
“Жашыл экономика — 2022” регионалдык форумунун алкагында Экономика жана коммерция министрлигинин координациялоосунда, тиешелүү бизнес-ассоциациялар Борбордук Азияда жашыл транспортту, туруктуу туризмди жана туруктуу каржылоону өнүктүрүү маселелери боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын Бакыт Төрөбаев кошумчалады.
Эске салсак, 2022-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарында “Жашыл экономика – 2022: Борбордук Азияда жашыл экономиканы өнүктүрүү” регионалдык форуму болуп өткөн.