Астанада Кыргызстан өлкөнүн электр өндүрүү тармагын даңазалады

Рейна ДОСАЛИЕВА, «Хабар» телеканалынын журналисти


10-сентябрда Астанадагы ЭКСПО–2017 адистештирилген көргөзмө өз ишин жыйынтыктады. ЭКСПО–2017 Казакстанда 10-июнда башталган, бул жылдагы көргөзмөнүн негизги тематикасы «Болочоктун энергиясы» деп аталып, келечекте аны натыйжалуу пайдаланууга арналган. Изилдөөчүлөр бирдей добуш менен колдоп чыгышы, алардын пикиринде коом альтернативдүү энергияны издөөгө мезгил келип жетти. Окумуштуулар айтышат энергияны океандын агымынан, толкундардын ыргалуусунан олжолуу тапса болорун. Мунун баары заманбап технологиялардын жардамы менен, 1 мүнөт ичинде күн электр станцияларын, ошончо энергияны жана заманбап атом электрстанциясына мүмкүндүк берет. Ошондуктан иш чарага Казакстан атайын айнек павильондон футуристтик шар формасындагы 20 кабаттуу шаарча курду. Металл менен айнектери 8 кабат жогору кеткен ийри сызык спираль түрүндө жасалды. Көргөзмөнүн экспозициясы ар кандай лазердик жана техника, компьютердин жардамы менен коштолгон шоулор көрсөтүлдү. Бул жерде ар бир, тагыраагы 115 өлкө өз экспозицияларын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Алардын ичинен эң байлары Германия, Улуу Британия, Кытай жана Франция үчтөн жай ижара алышкан.

ЭКСПОнун пресс-борборунун волонтеру Анастасия Ногай Астана шаарында төрөлгөн. Ал ЭКСПО жөнүндө сөз болуп жатканда эле көргөзмө биздин шаарды мындан дагы көрктүү кылды деп айткан. ЭКСПОнун аркасы менен биз көчөдөн чет элдиктерди көрө алдык. Мен буларды толкундануу менен кабыл алып жаттым. Биз күтөбүз «Болочоктун энергиясы» аркылуу баары жакшы болот. Кореялыктар күндөн энергия алуучу учагын алып чыгышты. Ошону менен бирге эле технологиянын келечегин кандай көрөрүн билдиришти. Алардын пикиринде жакында акылдуу технология баарына жеткиликтүү болот. Ал эми кытайлыктар болсо кадимки учуп жүрүүчү поездди тартуулашты. Асманга учуп чыккан павильондо күн түбөлүктү энергиянын символу экендигин көрүүгө болот. Жапондор болсо, дүйнөгө акылдуу энергосистеманы үй чарбасынын деңгээлинде жада калса муздаткыч, үтүктөрдү пайдаланууга болорун тартуулашты. Ушул Азия өлкөлөрүнүн павильондору эл эң көп киргендердин тизмесинде.

Европалыктар… Италиялыктар энергияны кантип суудан куюп алса болорун көрсөтүшсө, Германиялыктар үйдүн маңдайындагы тирүү балырларды алып келишкен. Мындан тышкары павильондордон ар өлкөнүн табылгаларын өзүнчө барып көрүүгө болот. Кызыктуу ойлоп табуучулардын катарында словактар дагы бар. Алар заманбап тилде айтканда Экокапсула алып келишкен. Бул бир бөлмөлүү үйдү дүйнөнүн кайсы жерине барба өзүң менен бирге чатыр сымал алып жүрүүгө болот. Аянты боюнча эң көлөмдүү бул Казакстандын павильону болду. «Нур–Алем» практика жүзүндө бардык альтернативдик энергия табуу булактарын көрсөтө алды.

Астанада өтүп жаткан ЭКСПО–2017 эл аралык көргөзмөсүндө Кыргызстан өлкөнүн электр өндүрүү тармагын даңазалады. Кыргызстандыктар үчүн көргөзмө аянтынан 36 чарчы метр жер бөлүнгөн. Бардык маалыматтар сенсор экрандар менен сунушталды. Кыргызстан шамал, суу жана күндөн электр энергиясын өндүрүү дарамети, анын натыйжалуулугун даңазалаган видеоролик да даярдап барган. Кыргыз павильону Жибек-Жолу плазасында жайгашкан. Экспозициясында маданият жана өлкөнүн тарыхы көргөзүлсө, «Болочоктун энергиясын»  өнүктүрүү интерактивдүү маалымат берүүчү тактада.

«Бизде өзүбүздүн суу энергетикабыз бар. Болгону анын 10 пайызын пайдаланабыз, калган 90 пайызын өздөштүрсөк, анда электр энергиянын чоң көлөмдүү, запасы болмок. Мындай пикирин Соода өнөр жай палатасынын төрагасы, көргөзмөнүн башкы комиссары Марат Шаршекеев билдирди.

Ал эми күн сайын ар кайсыл өлкөлөрдүн көргөзмө учурунда улуттук күндөрү өтүп жатты. Бул жерден келген делегацияга жөн гана көргөзмөнүн ичине саякат жасатпастан, чыныгы шоу көргөзүлүп турду. Кыргызстандын Эгемендик күнү Казакстандын борбор калаасы Астана шаарында да белгиленди.

ЭКСПО–2017 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын күнү уюштурулду. Салтанаттуу жыйында вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова сөз сүйлөп, кыргыз-казак кызматташтыгын бекемдөө жаатындагы аракеттер, Кыргызстанда жүрүп жаткан негизги реформалар, «Таза коом» программасынын максаттары тууралуу айтты. Ошондой эле вице-премьер министр Чолпон Султанбекова казакстандыктарды жакын арада белгиленген Конституция күнү жана «ЭКСПО–2017» эл аралык көргөзмөсүн жакшы өткөрүп алганы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө Кыргызстан эгемендик алгандан кийин бир катар мамлекеттер менен алака түзүп, анын ичинде Казакстан өзгөчө орунда турарын айтты. 15-октябрда эки мамлекеттин дипломатиялык байланышына 25 жыл толорун баса белгилеп, бирок эки элдин достугу кылымдарды камтый турганын да айтты. Катышуучулардын пикири боюнча Кыргызстандын гидроэнергетикасына кызыгуу мүмкүнчүлүгү чоң.

Өз кезегинде Кыргызстандын улуттук  күнүн белгилеп, ага 300 дөн ашык адам катышты. Астанадагы кыргыз диаспорасы дагы мекендештерди колдоп келишип, парадга чогуу басышты. Биз кыргыз павилонуна өзүнчө концерттик программа уюштуруп, кыргыз ырларын аткарып, улуттук бий бийленип Манас айтылган. Бул туурасында «Кыргызстан–Астана» этно-маданий бирикмесинин төрагасы Шавкат Исмаилов ой бөлүштү.

Кыргызстандын күнү концерттик программа менен коштолуп, кыргыздын ыркүүлөрү жаңырды. «Доор» этнографиялык, «Семетей» бий топтору Атай Өмүрзаков, Закирбек Дүйшөнбек, Динара Акулова жана Темир Назаровдун чыгармачылыгы сунушталды. Келген коноктордун көңүлүн көтөрүп, шаңга бөлөдү. Чимирилте бийлеген кымча бел кыздарыбыз дагы көрүүчүлөрдү таң калтырбай койгон жок. Майрамдык иш-чара концерттик сахнадан Кыргызстандын павильонуна чейин өткөн улуттук парад менен жыйынтыкталды.