Кыргызстан 50 млн. доллар насыя алат

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында “2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоору боюнча маалыматты энергетика министри Таалайбек Ибраев берди.

Министридин маалыматына ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан 50 млн. АКШ доллары суммасында каржыланган «Электр энергия секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоору бөлүштүрүүчү тармактарды реабилитациялоо жана энергияны эсепке алуу системасын санариптештирүү жолу менен электр энергетика секторунун финансылык жана операциялык туруктуулугун жакшыртууга багытталган. Каржылоонун шарттары: «Кредит берүү мөөнөтү — 38 жыл, жеңилдетилген мөөнөт — 6 жыл, кредиттик каражаттарды пайдалангандык үчүн пайыздык чен-жылдык 0,75%, резервдөө үчүн максималдуу комиссиясы — жылдык 0,5%».

“Ошондой эле, финансылык көрсөткүчтөр чыгымдарды кайтаруу багытындагы тарифтик жолун кармануу менен жакшырат деп күтүлүүдө. Социалдык туруктуулук тарифтердин көтөрүлүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон калктын аялуу топторун коргоо үчүн социалдык коргоо системалары аркылуу күчөтүлөт. Долбоор Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагын камтыйт”, — деди баяндамачы.

Мындан тышкары, депутаттар энергетика министрлигин долбоордун алкагында “акылдуу эсептегичтерди” сатып алуу боюнча тендер өткөрүүдө жергиликтүү өндүрүшчүлөргө артыкчылык берүүгө чакырышты.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү сунушталып жаткан мыйзам долбоорду жактырышты.

0 Поделились