Тармактык комитетте бир катар мыйзам долбоорлору жактырылды

Кечээ, 17-январда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карады. Бул тууралуу Парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Нуржигит Кадырбеков, Марлен Маматалиев жана Нилуфар Алимжанова тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Жанарбек Акаев белгилегендей, мыйзам долбоору аркылуу судьянын кызмат ордун ээлөө үчүн Жогорку Кеңештин фракцияларынын, депутаттык топторунун катчылыктарында, тармактык комитеттердин бардык бөлүмдөрүндө иштеген жогорку юридикалык билими бар кызматкерлердин иш убактысын юридикалык кесип боюнча иш стажы катары эсепке алуу сунушталууда.

“Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларына жана башка мыйзамдарга карама-каршы келбейт”, – деди депутат.

Андан тышкары, тармактык комитет “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоорун, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү да биринчи окууда карады.

Муну менен катар “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору да талкууланып, жыйынтыгында бардык каралган маселелер колдоого алынды.

0 Поделились