Эл өкүлдөрү саламаттыкты сактоо мекемелеринин иши менен таанышты
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети көчмө жыйын өткөрүп, саламаттыкты сактоо жаатындагы көйгөйлөр жана жетишкендиктер менен жеринде таанышты. Бул тууралуу парлементтин басма сөз кызматы кабарлады.
Алгач комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева баштаган депутаттар Айбек Маткеримов, Гүлкан Молдобекова, Аида Изатбек кызы, Эмилбек Жусупов, Мирлан Самыйкожо, Максатбек Сарыбагышев Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасына барды.
Бейтапкананын өкүлдөрү менен маалымат алмашууда профессор, кардиолог Талантбек Батыралиев мекемени Түркия өлкөсү каржыларын белгилеп: “Учурда бейтапкана түркиялык адистер менен биргеликте дүйнөлүк стандартка ылайык кызмат көрсөтүүдө. Дары-дармек жана жабдуулар электрондук система менен көзөмөлдөнөт”, — деди.
Эл өкүлдөрү андан ары Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баштаган жетекчилер катышты. Алгач Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасап: “Эскилиги жеткен айрым жабдыктарды 30-40 жылдан бери пайдаланып, учурда аларды жаңылоо зарыл болуп турат. Аны менен катар оорукана жаңы имаратка муктаж”, — деди.
Талкуу маалында депутат Максатбек Сарыбагышев аймактардан томографияга түшүү үчүн атайын Бишкекке келишерин жүйө келтирип, мындан улам район жана облустарга медициналык керектүү жабдууларды алуу зарылчылыгын кошумчалады.
Ал эми эл өкүлү Айбек Маткеримов бюджет каралып жатканда элдин саламаттыгына байланышкан маселелер толук каралбай калганын айтып: “Бул жол менен кете берсек медицина тармагы талкаланып жок болот”, — деп кошумчалады.
Өз кезегинде депутат Мирлан Самыйкожо “Улуттук госпитал элди акысыз тейлөө үчүн бюджеттен 4 млн сомдой каражат сурашты. Ушул боюнча өкмөткө сунуш берилип, депутаттар колдоп берсек, бүгүнкү жыйындын жемиши болмок”, — деген пикирин билдирди.
Жыйын жүрүшүндө көтөрүлгөн бардык маселелер комитеттин кийинки жыйындарында дагы каралары айтылды.