Кыргызстандын Элчиси Борбордук Азия өлкөлөрүн тейлеген Эдмондо Чириелли менен жолугушту
Кечээ, 17-январында КРнын Элчиси Таалай Базарбаевдин жаңы дайындалган Италиянын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министринин орун басары, Борбордук Азия өлкөлөрүн тейлеген Эдмондо Чириелли менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Атап айтканда, жакынкы келечекте жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу, ошондой эле келишимдик-укуктук базаны, анын ичинде консулдук чөйрөнү кеңейтүү маселелери талкууланды.
Т.Базарбаев Кыргызстан Италия менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.
Э.Чириелли саясий, соода-экономикалык, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга максималдуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.