Бакыт Төрөбаев: “Чет элдик инвестицияларды тартуу күчөтүлөт”

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча долбоордук тобунун биринчи жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча долбоордук тобуна Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, министрликтер жана мамлекеттик ведомстволор кирди.

Инвестиция тармагындагы көйгөйлүү маселелерге жер, мамлекеттик органдар менен иш алып баруу, ченемдик укуктук актылардагы коллизиялар жана инвестициялык конкурстардын өтүшү болууда.

“Ар бир инвестициялык долбоор үчүн кайсы бир мамлекеттик органдын жетекчисинин түздөн-түз жоопкерчилигин киргизүү керек. Мына ошондо, аткаруу бийлигинин жетекчилери инвесторлордун маданиятын түшүнөт. Ошондой эле, инвесторлорду тартуу боюнча маселе жаралган болсо, аны чечүү жолдорун ачкан тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу зарыл”, — деди Бакыт Төрөбаев.

Республика боюнча 105 инвестициялык долбоор бар. КРга чет өлкөлүк инвестициялык долбоорлор негизинен Түркиядан, Кытайдан жана Россиядан келет.

0 Поделились