Балеттин чолпону – Чолпонбек Базарбаев

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Кыргыз балетинин түптөлүшүнө Бүбүсара Бейшеналиева, Айсулуу Токомбаева, Рейна Чокоева, Уран Сарбагышев менен бирге Кыргыз ССРинин жана СССРдин эл артисти Чолпонбек БАЗАРБАЕВдин салымы да эбегейсиз. Ал 1949-жылы 4-февралда Нарын облусуна караштуу, Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында туулган. 1959-жылы Фрунзедеги М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырган. 1966-жылдан баштап, Кыргыз опера жана балет театрынын Москвадагы жана Ленинграддагы гастролдоруна чыга баштаган. Ч.Базарбаев П.И.Чайковскийдин «Ак куу көлү», А.Адандын «Жизель», У.Мусаевдин «Томирис», Петрушканын «Петрушка» ж.б. отуздан ашык спектаклдерде ойногон. 2002-жылдын 2-сентябрында автокырсыктан көз жумган. Эгерде ал тирүү болгондо, быйыл 68 жашта болмок. Биз төмөндө Чолпонбек Базарбаевдин бир тууган иниси Жумабек мырза менен болгон маекти жарыялайбыз.

– Жумабек мырза, кыргыз балетинин чолпон жылдызы болгон Чолпонбек Базарбаевди эскерүү маегибизге келгениңизге ыраазычылык билдиребиз. Бир маегинде маркумдун жубайы – Надежда жеңебиздин: “Бир туугандары да Чолпонбек кеткен жакка кетишти. Кудайберген, Жумабек деген эки иниси бар”, – дегенин окудук эле?

– Ооба. Негизи биз алты бир тууганбыз. Бир эжекем, үч байкем, анан бир иним бар болчу. Мен –  бешинчисимин. Азыр болсо, Кудайберген байкем экөөбүз калдык. Байкем, эжем, иним дагы ооруп

каза болуп калышты. Чолпонбек байкемдин күйүтүн апам да көтөрө албай кетти. Байкем 54 жашында кетти да.

– Чолпонбек аганын өзүнүн балдары тууралуу да айта кетсеңиз?

– Байкемдин артында эки уулу, кызы калган. Улуусу да байкем өтүп кеткенден кийин ооруп, ал да 32 жашында каза болуп калды. Азыр кичүү баласы, бир кызы бар. Таалай деген уулу Индия элчилигинде, андан киийн Англия элчилигинде иштеп келип, учурда Маданият министрлигинде иштеп жатат. Үйбүлөлүү, эки баласы бар.

– Билишимче, бир кезде Чолпонбек ага сизди да бийчи кылам деп аракет кылган экен? Деги эле бир туугандарына абдан камкор болчу дешет?

Айтурган САТИЕВА, диктор: «Кыргыздар мурда: «Диним ислам, улутум кыргыз – деп эле жашап келген»

–Атабыз биз жаш кезибизде эле өтүп кеткен. Мен ошондо алты жашар бала элем. Чолпонбек байкем анда он сегиз жашта болсо керек. Улуусу болгондон кийин, баарыбызга бирдей камкор болчу. Баарыбызды окутту. Биз анда Токмок шаарында турар элек. Апабыз Сайлык айылында физика-математика сабагынан мугалим болчу.

– Ке чиресиз, сиздерди биөөлөр – атбашылык десе, бирөөлөр кочкорлук, чүйлүк деп айтышат?

– Өз жерибиз – Москва районунун Малтабар айылы. Атабыз маалында Потребсоюзда иштеп, Өкмөт жиберген жактарда – Кочкордо, Ат-Башыда, андан кийин Тогуз-Тородо иштептир. Байкем Кочкордо төрөлгөндүктөн, атын Чолпонбек коюшкан экен. Анын үстүнө апам – Кочкор жергесинен. Ошол себептүү, атабыздын көзү өткөндөн киийн таякелер менен көп мамиледе болуп калдык. Жайкысын дайыма каникулга барар элек. Ошондуктан көбү бизди Кочкордон деп ойлошот.

Кийин, 1962-жылы атабыз Токмоктон үй алып, көчүп келгенбиз. Чоң таятам жүз эки жашка чыгып каза болду. Өзү балбан, чоң киши эле: “Мына, Кочкордон да эмес, Кара-Балтадан да эмес, так ортодон үй алдыңар”, – деп тамашалап калчу. Атам каза болгондон кийин, Чолпонбек байкем 1972-жылы мени, менден кийинки инимди, анан Кудайберген байкем үчөөбүздү Фрунзеге алып келди. Анда мен он жашта элем, Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайга тапшырып, төрт жыл окудум.

– Анда эмнеге бийчи болбой калгансыз?

– Ойноп жатып бутумду сындырып алып Токмокко келсем, апам: “Чолпонбек, балакетиңди алайын. Кой, эми, бүттү. Бул калсын. Башка кесиптин ээси болор. Сен өзүң эле бийлей берчи”, – деп жибербей койгон. Ошол бойдон калып калдым да, 1978-жылы С.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайына кирип, живопись бөлүмүн бүтүргөм. Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсүмүн.

– Эркин сүрөтчү болсоңуз керек?

– Ооба. Бирок азыр Чүй обулустук театрына сүрөтчү катары чакырышкан, азыр бир спектаклдин үстүндө иштеп жатабыз.

– Бул өнөр сизге кимден калган?

– Билбейм. Ата-энемден деле сүрөтчүлүктү байкаган эмесмин, бирок Чолпонбек байкем өзү да сүрөт тартчу. Китеп окуп жатып, жагып калган жерлерин дептерге көчүрүп алар эле. Анан ошонун чекесине сүрөт тартып койгонун көрүп кызыгып, таң калып калчумун.

– Балким, апаңыз оймочу-чиймечи болгондур? Эл ичиндеги көп эле таланттар ошентип көмүскөдө калат эмеспи?

– Ооба, апам дайыма шырдак жасап, самын менен оймочиймелерди чийип, алектенип отурар эле. Кээде карап отуруп: “Апа, мобу жери кыйшык болуп калды”, – деп оңдоп, кооз кылып тартып берсем күлүп калчу.

Бакыт СЕЙТАЛИЕВ, ырчы: “Билбейм кимди, бирок каттуу сагындым”

– Азыр Токмокто турасыздарбы? Үй-бүлөңүз тууралуу да сөз кыла кетсеңиз?

– Чолпонбек байкем туугандарынын чогуу, бир жерде болушун каалар эле: “Келчи, апамды  алып Бишкекке эле көчүп келчи. Баарыбыз чогуу бололу”, – дечү. Азыр борбордо турабыз. Жубайым экөөбүз 1986-жылы баш кошконбуз. Үч балабыз бар. Кызыбыз – турмушта, уулубуз азыр Владивосток шаарындагы балет театрында бийчи. Көзү тирүү кезинде Чолпонбек байкем өзү хореографиялык окуу жайга өткөрүп койгон. “Таланттуу, шыгы бар”, – деп мактап калар эле. Кичүү кызыбыз – студент.

– Уулуңуз Чолпонбек байкенин жолун уланткан турбайбы. Окшош да болсо керек? Кыргызстанга келем дейби?

– Окшош. Бойлуу дагы. Кудай буюрса, эмки жылы келем деп жатат. Анткени театр балетмейстердин окуусуна жиберип жатышыптыр. Биротоло ошону бүтүп алса, келет го.

– Чолпонбек байкенин бийи – элдин эсинде калды. Антсе да ысымын түбөлүккө сактап калуу үчүн кандай иш-аракеттер болду экен?

– Байкемдин көзү өткөндөн кийин Чолпонбек Базарбаев атындагы фонд ачканбыз. Жетекчиси кылып, байкемдин досу – Иса Токоевди, орун басары катары Надя жеңебизди шайлаганбыз. Кудайберген байкем болуп, биз – мүчөлөрүбүз. Андан сырткары, өзүңүздөр билгендей, Ч.Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жай бар. Эки жыл мурун ал мектепте кыргыз балетинин тарыхына арналган сүрөт музей ачылып, анда балет жылдыздарынын сахнадагы сүрөттөрү жайгаштырылган.