Араван районунун билим берүү бөлүмүнүн эсепчилерине кылмыш иши козголду

Араван районунун билим берүү бөлүмү финансылык документтерге туура эмес маалыматтарды жазуу менен айлык акыларды  мыйзамсыз сарпташкан. Бул тууралуу башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Бул мыйзам бузуу 2015- жылдан бери жүргүзүлүп келген. Мындан сырткары, бухгалтердик документтерди жүргүзүү жана өкмөттүн «Билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине айлык акы берүүнүн жаңы шарттары» жөнүндө токтомунун талаптары аткарылган эмес. Натыйжада, жалпысынан мамлекетке 2 миллиондон ашык зыян келтирилген.

Маалыматка ылайык, Ош областынын прокуратурасы тарабынан  мыйзамсыз менчике чыгаруу жана убактылуу имратты жокко чыгаруу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз сарптоо беренелери боюнча кылмыш иши козголду.