Доха шаарында кыргыз боз үйү тигилди

20-сентябрдан 24-сентябрга чейин Катардын борбор шаарында өтүүчү эл аралык аңчылык жана бүркүт көргөзмөсүндө кыргыздын боз үйү тигилди. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган мамлекеттеги элчиси Нуран Ниязалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, Катар, Кувейт, Испания, Пакистан, Германия, АКШ, Франция, Ливан жана башка бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышкан бул иш-чарада мергенчиликтин заманбап жана салттуу шаймандары көрсөтүлөт. Кыргызстан ага мейман катары катышат.

Катардагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү бул көргөзмөгө боз үйдөн тышкары улуттук тамак-аш, кийимдерди да алып барышат.