Кыргызстанда биринчи жолу эл аралык жаштар форуму өткөрүлөт

Кыргызстанда алгачкы жолу Эл аралык студенттер жана магистранттар форуму өтөт. Бул тууралуу И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттинин маалымат катчысы Жеңишгүл Тоголокова билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Россиянын билим берүү министрликтеринин каржылоосунда уюштурган иш чара  И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтөт. Ошондой эле, студенттердин көргөзмөсү да камтылган. Анда  илимий-техникалык конференция, Эл аралык студенттер, магистранттар жана жаш окумуштуулар форуму жана Кыргыз — Россия Техникалык Университтеринин Консорциумунун (РККТУ) катышуучу ЖОЖдорунун 5чи жыйыны камтылган. Ага Россия, Казакстан, Таджикстан жана Кыргызстандын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Мындан тышкары КМШ мамлекеттеринин арасында чет элдик окуу документтерин жарактуу деп кабыл алуу маселеси каралмакчы. Форумдун координаторлору Россия тарабынан МЭИ университети жана Кыргызстандын И. Раззаков атындагы КМТУ болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, РККТУ 2012 жылы Кызматташуунун Шанхай Уюмунда Россиянын 11 жана Кыргызстандын 4 ЖОЖунун жетекчилери менен биргеликте түзүлгөн.  Иш чаранын ачылыш аземи И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде башталып , көгүлтүр көлдө уланат.