БУУну реформалоо сунушун 142 өлкө колдоду

Дүйнөнүн 142 өлкөсү, анын ичинде АКШ, Улуу Британия, Германия жана Жапония Бириккен Улуттар Уюмун реформалоо сунушун колдошту. Бул тууралуу дүйнөлүк уюмдун алдындагы америкалык дипломатиялык миссиянын сайтындагы расмий документине щилтеме жасап, «Кабар» маалымат агентиги жазып чыкты.

Декларацияга кол койгон мамлекеттер БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришти реформа жараянын жетектөөгө үндөштү. 10 пункттан турган документте уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө жана аларды өз ара айкалыштыруу зарылдыгы тууралуу айтылат. Ошондой эле декларацияда БУУнун кадр саясатын оптималдаштыруу маселеси дагы көтөрүлгөн.