Өзүнө өрт койгон аял ооруканадан көз жумду

Ошто өзүнө өзү өрт койгон аял ооруканадан каза болду. Окуя 18-сентябрда болгон. 53 жаштагы аял жаран денесинен 70% күйүк алган абалда ооруканага түшкөн.

Ал Кара-Суу районунун тургуну экени, мурда психикалык оорулуу катары доктурлардын каттоосунда болгону жана жанын кыюу үчүн өзүнө бензин чачып өрт койгону аныкталды.