Элмирбек өлбөптүр…
Эл ырчысы Элмирбектин туулган күнүнө арналган кечени өзү түптөп кеткен «Төкмө келсе төр бошот» долбоорундагы шакирттери өткөздү.
Эскерүү манасчылардын Семетейдин Таластагы атасынын күмбөзүнө алгачкы келишинен үзүндү айтуу менен башталып, долбоордун бүгүнкү төрагасы, төкмө акын Асылбек Маратов жаңы келген жаш шакирттер Минбаара, Жибек, Бекзат, Бексултанды эл алдына чыгарды. Бул сапар айтышка улуу муундагы акындар катышкан жок. Айтышты чү дегенде эле, Элмирбектен таалим алган Темирбек Матыбаев менен аты уйкашы Элмирбек Иманалиев кызытты.
Бүйүрдү кызыткан айтыш Акматбек Султан менен Аккыз Абазбекованын ортосунда болду.
Аккыз манасчы катары да кеченин ачылышында өзүн мыкты көрсөтүп, эл алкышына ээ болгон. Ал төкмө акындыгы жагынан да кыйла такшалып калды. Аккызда билим десе билим, үн десе үн, өң десе өң бар, буюрса казактын төкмө акын кызы Айнурдан ашса ашат, бирок кем калбайт деген ойдомун. Акматбек Султан уулу бүгүнкү күндө Элмирдин шакирттеринин эң күчтүүсү, суу чайпалбас боз жоргосу, кандай деңгээлдеги эл аралык айтыш болбосун томогосун алып агыткан шумкардай атырылган төкмөгө айланды десем аша чапкандык болбос. (Устатын эстеген сайын көзүнө жаш келип, мукактанып кетмейи бар). Булардын айтышы элдин черин бир жазды окшойт.
Кезек төкмө Шайлообек Отунчиев менен жазма, төкмө акын Мырзайым Айтымбетовага келди. Бул жуптун айтышынын өзгөчөлүгү Мырзайымдын Барпынын обону менен комузсуз төгүп, сөздөрүнүн тактыгы, сүйлөмдөрүнүн уйкаштыгы элдин жүрөгүн жибитти. Шайлообек кыска, бирок нуска төккөнү менен көрүүчүлөрдүн ыраазычылыгына татыды.
Кадимки төкмө акын Ысмайыл Борончиевдин урпагы болгон Мундузбек Борончиев менен Нурайым Бактияр кызынын айтышы залды жарып, эл колдоосуна ээ болду. Мундузбек комузда кол ойнотуп, Эстекемдин кайрыгын чертип баштаганда, Нурайым ыр менен айтышалы деп кайрылды. Эки жуп тең төкмөлөрдүн мектебинен такшалган, Элмирден сабак алган, таланттары толкуган төкмөлөрдөн. Экөөнүн айтышы — Жеңижок менен Барпынын айтышынын деңгээли болду деген баалар айтылды. Айтыш ортосунда эсил кайран Элмирбектин элдин эсинде калган, ырдала элек ырларын Максат Кулуев, Аскат Мусабеков, Кундуз Таштаналиева, Алтынбек Кыдыралиев, Алтынбек Каленовдор аткарышып, элдин купулуна толуп турду.
«Төкмө келсе төр бошот» долбоорунун төкмө мектебинин үч кызынын улуусу да, сулуусу да, далай эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды багындырып келген Изат Айдаркулова менен манасчы, төкмө акын, актёр, Элмирбектин шакирти Арген Биймырза уулунун айтышы да өзүнчө кеп кылууга татыктуу. Изат менен Арген келген көрөрмандарга сонун айтыш тартуулашты.
Бул эскерүү кеченин өзгөчөлүгү, төкмөлөрдү убакытка чектөө болбой, эки тизгин бир чылбырды өздөрү алышып, кыз-жигит болуп айтыштын салттуу үлгүсүн тартуулашты. Буга чейинки 2021,2022-жылдары өткөн эскерүү кечесине салыштырмалуу быйылкы эскерүү айтышы бир топ жогорку деңгээлди көрсөттү.
И баса, КРнын эл артисти Сыймык Бейшекеев менен Германиядан келген немис жигит Джонатан Тремель(Таласка күйөө бала экен) Элмирбектин ырын кыргызча аткарып, элди кубантканын айтпа. Заманыбыздын залкары Замирбек Үсөнбаевдин окуучусу, манасчы, дастанчы Самат Көчөрбаевдин англиялык шакирти Самуэлди билбеген кыргыз жок болсо керектир. Комузду өзү чертип, кыргыз тилинде дастан айтып жатса: “Ап бали. Атаңа рахмат»деп кантип айтпайсың.
Кийинки айтыштын жуптары — мукам үндүү, мурч сөздүү Мундузбек Усупбек уулу менен төкмө акындар мектебине жаңы келген шакирт, өрүк зарлуу Баткендин кызы Минбаара Касымбекова болду. Баткендин баатыр кызы Минбаара оозунда айта турган сөзү бар, колунда кармаган комузу бар, келечекте такшалган төкмө акын кыздардын катарын толуктай турган шакирт экенин далилдеп, Мундузбекти акырындык менен каптап өттү. Мундузбек да чукугандай сөз таап, далай айтыштарда такшалган тажырыйбасына таянып тузак тартып, тор жайып, сыпайылык мүнөзү аркылуу жаш шакиртке аруу каалоо-тилектерин жаадырды.
Минбаарада кайрыгынын акыркы сабын эки ирет такай кайталоо байкалып, бул анын азырынча өзгөчөлүгү, кийин артыкчылыгына айланат десек жаңылыштык болбостур. Элмирбек устатын көрбөй калганга арманын айтып, элди көзүнө жаш алдырды. Мундузбек айтыштын ыргагын өз колуна алып, Баткенди коргоодо баатырдыктын үлгүсүн көрсөткөн кыргыздын жигиттерине таазим этип, залда отурган элди бир шыпшынтып алды да, устатына шакирттеринин бүгүнкү күндөгү жашоо-турмуш акыбалын тизмелеп төгүп берип, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Мен үчүн Мундузбектин төккөн ушул саптары Байдыкемдин «Мидинге жазган кат» деген ырындай эле сезилди.
Акыркы жупта төрага Асылбек Маратов менен Медер Курбаналиев беттешти. Бирин-бири мыкты билишкен, таасын такшалган бул төкмөлөрдүн алым сабактары төрт саатка созулган Элмирбекке арналган эскерүү кеченин жыйынтыгын чыгарды. Асылбек , Медер, деги эле эскерүү кечеге катышкан бүт шакирттери устаты менен дагы бир ирет коштошуп, бугун чыгаргандай элес калды.
Төрага Маратов Асылбектин, койгон режиссердун эмгеги үчүн жалпы элдин атынан ыраазычылык билдирүү туура болот деген ойдомун.
Кече атадан калган туяк Элмирбектин уулуна берилген бата менен аяктады. Ал озуйпаны депутат Мирлан Самыйкожо аткарып, Элмирбектин уулуна элден бата алперип кечени жапты.
«Атан өлсө тайлак бар,чынар сынса чырпык бар» деген сөз бекер айтылбаса керек. Аккан арыктан суу агат демекчи, Элмирбектин чоң таятасы кадимки айтылуу төкмө, Эшмамбет Байсеит уулу болгон. Эшмамбет төкмө Токтогул Сатылганов менен үзөңгүлөш жүргөн.
Эл ырчысы Элмирбек Иманалиевдин артында экинчи жашоосуна өмүр берген «Төкмө келсе төр бошот»аттуу долбоору, эл ичинде унутулбай түбөлүк ырдалып ырлары, аткарган дастандары, айткан Манасы, жазган поэмалары, чыгарган күүлөрү, ойногон ролдору, нөшөрдөй төккөн айтыштары эл ичинде, КТРКнын архивинде алтын тамгалар менен сакталып калат.
Мен Элмирбек менен 1999-жылы 4-апрелде Бишкек медициналык училищасынын иш-планына ылайык студенттер менен чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрүнүн жолугушуу учурунда таанышкан элем. Жолугушууга атактуу төкмөлөрдөн Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев, Кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиев жана Ашыкемдин шакирти жаш жигит Элмирбек Иманалиевдер келишти.
Жолугушуунун аягында Ашыкем менен Элмирбектен кол тамга койдуруп алдым. Кийин Ашыраалы Айталиев биздин жаныбыздагы Мукаш Абдраев атындагы республикалык музыкалык окуу мектебинде сабак берип калды. Ары-бери өткөндө саламдашып турчумун. Элмирбекке филармонияга концертке барганда кездешип, ал-акыбалды сурашып калаар элек. Эмгеги бааланып КРнын эмгек сиңирген, кийин эл артисти наамына ээ болгондо да манчыркап көөп кеткен жок. «Төкмө келсе төр бошот» долбоорун жетектеп турган кезде жолугуп, Элмирге кол тамгасы тууралуу айтсам, байке эми бир жолукканда ала келсеңиз көрөйүн деди эле. Тагдыр экен, бүгүн-эртең деп жүрүп жолукпай да, кол тамганы көрсөтпөй калганыма алигиче абдан өкүнүп жүрөм. Кол тамга коюлган блокнотту жоготпой, көздүн карегиндей сактап жүргөнүмдү өзүм үчүн чоң сыймык деп ойлойм. Кыргыздын төкмөлүк өнөрүнүн өлбөс-өчпөс эки алпынан, бир күндө, бир блокнотко коюлган кол тамгасы барлар саналуу эле болсо керек. Жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги өтө бийик жан эле, Элмирбек бейиши болгур.
Ушул саптар жазылып жатканда, КРнын эмгек сиңирген артисти, ырчы, дастанчы, төкмө акын Малик Аликеевдин акка моюн сунуп, дүйнө салганы тууралуу суук кабар кабыргамды кайыштырып, жүрөгүмдү сыздатып кетти. Аттиң ай, жалган дүйнөнүн чын экени ушул турбайбы. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун.
Кыргыз совет адабиятынын дөө-шааларынын бири Ч.Айтматов 12-декабрда төрөлсө, бири А.Осмонов дүйнөдөн кайткан.17-январда Элмирбек Иманалиев жарык дүйнөгө келсе, Малик Аликеев кайрылбас сапарга кетти. Бу да болсо, жашоонун бир сырыдыр.
М.Ы.ШАТМАНАЛИЕВ, Бишкек медициналык колледжинин директо-рунун мамлекеттик тил боюнча орун басары