Бишкекте таштанды чыгаруу акысы көтөрүлдү.
Бишкектиктер февраль айынан тартып таштанды чыгаруу үчүн төлөмдү жаңы тариф менен төлөй башташат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Рамис Алиев билдирди.
Ал жаңы тарифтерди тизмектеп берди:
— тиричилик керектөөчүлөр үчүн — бир адамга 41 сом;
— чарбалык субъектер үчүн — куб метри 361 сом;
— пенсинерлерге жеңилдиктери менен — бир адамга 22,5 сом.