Чыныбай Турсунбеков: «Аткезчиликти жоюп, ата мекендик өндүрүштү колдоо керек»

Аткезчиликти жоюп, ата мекендик өндүрүштү колдоо керек. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков зергерчилик өндүрүшүн мамлекеттик контролдоо жана жөнгө салууну максат кылган “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.

Аткезчиликтен ата мекендик өндүрүш жабыркап жатканына токтолгон Төрага Чыныбай Турсунбеков: «Өкмөт өкүлдөрү билдиргендей, биринчи кварталда эле алтын буюмдарынын 88 пайызы өлкөгө аткезчилик жол менен мыйзамсыз киргизилген. Андыктан, бул жааттагы көзөмөлдү күчөтүү керек. Бирок, мындан он жыл мурун эле алтын-күмүш бумдарын өзүбүздүн ата мекендик өндүрүштөн чыккан материалдардан даярдоо керектигин зергерчилик ассоциациялар, ишкерлер көтөрүп чыккан. Тилекке каршы, Өкмөт тиешелүү иштерди аткарабыз дегени менен азыркыга чейин маанилүү кадамдарды жасай элек», — деди.

Буга себеп катары, аталган тармакты ооздуктаган кызыкдар адамдар бар экенин айткан Чыныбай Турсунбеков Өкмөт өкүлдөрү Кыргызстандын алтын-күмүш буюмдарын өндүрүүнү өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун сунушташы керектигин кошумчалады.