«Тойканалардын ордуна муз ареналарын жасашыбыз керек»
Падишахан СУЛТАНАЛИЕВА:
Ата-энесинин каалоосу менен 4 жашынан муз аянтчасына чыгып, кийин муз бийи боюнча 50гө жакын эл аралык турнирлерге катышып, 37 медаль утуп, 2019-жылы өткөн муз бийи боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болгон Элизабет ТУРСЫНБАЕВАны азыр дүйнө жүзү тааныйт. 7 айлык болуп төрөлүп, бирок апасынын колдоосу, өзүнүн талыкпас аракети менен тарыхта биринчи жолу муз үстүндө төрт айлануу(сальх) жасаган атактуу спортчунун апасы Падишахан СУЛТАНАЛИЕВА кыргыз кызы экени баарыбызга маалым. Аксы районунун Итагар айылында жарык дүйнөгө келген, дүйнө чемпионунун апасын кепке тарттык.
– Падишахан айым, өзүңүз Аксы районунун Итагар айылында туулуп, өскөн экенсиз. Дайыма өзгөчө ой жүгүрткөн сиздин бала чагыңыз бизге абдан кызык болуп турат…
– Өзүм жөнөкөй, көп балалуу чабандын эң кичүү, сүйүктүү, шок кызы элем. Кенжеси болгондуктанбы, айтор, атам мени аябай эркелетчү. Негедир бала кезимен муз тепкенди абдан жакшы көрчүмүн. Кышкысын кыздар, балдар айдөш жерлерге жылгаяк жасап алып желим баштык, темир табактар менен тепкен күндөрдү эстеп сагынам. Агезде айылда коньки дегенди эч ким билчү эмес. Телевизордон жалаң орус жана башка улуттагы муз бийчилерин көрүп “Эмнеге кыргыз муз бийчилери жок?” – деп ойлоно берчү элем. Бир күнү атамдан мунун себебин сурасам атам: “Кызым, муз тебүү ата-бабаңдын оюна келбеген спорт. Чет өлкөлүктөр болсо жүз жыл илгери эле муз тээп башташкан да”,-деди.
Ошондой таттуу балалык менен коштошуп, 16 жашымда Кербенге окууга кеттим. Кербенден 1989-жылы Россияга кеткен боюнча мекениме кайтпадым. Көп окуп, көп иштегендиктен айылга анда-санда гана келип жүрдүм. Өзүм туулуп өскөн Итагар айылынын жаратылышы өзүнчө бир керемет жана айылдын жашоочулары өзгөчө жакшы адамдар. Айылымды, туулган жеримди, элимди сагынганда барып турам. Кичи мекенимен кеткениме быйыл туура 36 жыл болуптур.
– Москвада окуп, ал жакта көп жыл жашапсыз. Кезинде СССРдин жүрөгү болгон бул шаар экинчи үйүңүз болуп калса керек…
– Окуучу кезимде “Кийин
Москвага барып окуйм” десем кошуналар чабандын кызы эмнени кыйратмак эле
дегендей күлүп калышчу. Мектепти бүткөндө Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга
тапшырып өтпөй калдым. Билим берүү тармагыбызда коррупция бар экенин, карапайым
үй-бүлөлөрдүн балдары кыялындагы окуусуна тапшыра албай турганын ошондо түшүндүм.
Анан Москвага жол тартып ал жактан М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик
университетинин экономикалык факультетине эч кыйын-
чылыксыз өтүп кеттим. Андан соң Москва агрардык университетинин педагогикалык
факультетин аяктадым. Кийин Москвадагы В.П.Горячкин атындагы агроинженердик
университетте да билим алдым. Ортодо башка окуу жайларда да окуп, 49 жашымда
Москвадагы мамлекеттик спорт академиясында машыктыруучулук боюнча билим алдым.
Албетте, бөтөн элде окуу, иштөө оңой болгон жок. Ал жактан өзүмдүн кемчиликтеримди жоюп, тажрыйба топтоп, турмуш сыноосуна быштым. Окуп, иштеп жүрүп 26 жашымда өзүмө үй сатып алдым. Чынында, ата-бабаң тааныбаган эле башка элге барып, ошол элдин жеринде ийгилик жаратып, жеңишке жетүү өтө оор. Ошондуктан мигрант жердештеримдин кыйынчылыктарын азыр жакшы түшүнөм. Эгер барган өлкөңдүн жарандарынан он эсе так жана принципиалдуу болсоң сага ийгилик жаратуу кезеги келиши мүмкүн. Ошондо да сен кезектин эң артында болосуң. Ага карабай алар менен теңтайлаша билсең, акыры алар сени өздөрүнүн адамы катары кабыл алып, сен жеңишке жетесиң. Муну айтканым, Россияда окуп, иштеп калганымда, кийин кызым Елизабет Турсынбаеваны муз үстүндө бийлөө менен машыктырып жүргөндө далай кыйынчылыктар, тоскоолдуктар, сыноолор болду. Ошонун баарын биз принципиалдуулук, тактык, аракетчилдик, көктүк менен жеңдик.
– Жолдошуңуз Байтак Турсынбаев казак экен, балдарыңыздын атасы тууралуу айтып бербейсизби?
– Чынында жолдошумду атама окшоштуруп тандагам. Анан биздин таанышуубуз да кызык болгон. Дипломубузду алган соң группалаштар аны Москвадагы Чоң театрга баруу менен майламай болдук. Тилекке каршы, ошол күнү курбу кызым келбей калды. А билет болсо өтө кымбат болчу. Анан курбу кызымдын билетин метродо сатып ийейин деген ойго келдим. Ошол убакта капыстан эле арт жагыман келген болочок жолдошум “Чоң кыз, сиз мени күтүп жаткан жоксузбу?”,-деп калды. Мен да тамашалап “Ооба, мен сизге билет сатайын деп күтүп турдум эле”,-дедим. Ошентип биз таанышып калдык. Көрсө ал деле мен сыяктуу бир сыйра кийими менен Москвага келген казак жигити экен. Үйлөнүп бир уул, бир кыздуу болдук. Турмуш шартка байланыштуу экөөбүз көп жылдар бою эки башка өлкөдө жашоого туура келди. Кыскасы, ал өтө мыкты инсан. Буюрса, карыганда бирге небере тарбиялайбыз деп турабыз.
Эсимде, жолдошум биринчи жолу мени урушканда “Урушсаң ширин оокат жасабайм, үйдү тазалап, балдарыңды элге үлгү кылып тарбиялабайм. Анткени атаңдан калган же сатып алган кулуң эмесмин. Ата-энемдин өтө тарбиялуу, эрке кызымын. Кыжырыма тийсең сенсиз да өмүр жыргал экенин көрсөтүп коём”, – деп тимеле арстан болгом. Бирок, ичимен “Кокууй, дагы эмне деп салдым”,-деп коркком. Кудайга шүгүр, азыр жашообуз жакшы. Балдарымдын атасын “Эркектердин эң мыктысы сенсиң”, – деп мактагандан тажабайм. Ошол эле кезде ар дайым өзүмө жетерлик тирилик жасаганды билгендиктен ага жүк артпайм. Менимче бирөөнү бактылуу кылыш үчүн ар бир адам өз жан дүйнөсүндө бактылуу болуш керек.
– Казакстанга жана дүйнө жүзүнө таанымал муз бийчилери Тимур Турсынбаев менен Элизабет Турсынбаеванын ушул деңгээлге жетишине сиздин салымыңыз чоң дешет…
– Жогоруда айтканымдай, өзүм муз бийчиси боло албасам да уул, кызым муз бийи боюнча Казакстандын, Дүйнөлүк чемпионаттын чемпиондору болуп кичинемдеги кыялдарым орундалды. Мага Элизабет Турсынбаева, Тимур Турсынбаевдин апасы болуу, өзгөчө сыймык жана чоң жоопкерчилик. Жаратканга шүгүр, экөөсү тең өзгөчө жаралган инсандар болду. Уулумдун, кызымдын жараткан ийгиликтери 4 жашынан берки аракеттеринин жыйынтыгы десек болот. Анан мен эне катары болгон убактымды, энергиямды балдарыма жумшадым. Башкаларчылап мен болбогон бир кечелерге, той-аштарга алтындай убактымды жумшагым келбейт.
Бала ийгиликке жетиш үчүн эң негизгиси төрөлгөндөн тарта ага көңүл буруш керек. Бекеринен, япондор “баланы беш жашка чейин тарбиялаш керек” деп айтышпаса керек. Тилекке каршы, азыр көптөгөн кыргыз балдары бой тарткыча ата-эненин тарбиясын, татыктуу билим ала албай калып жатышат. Муну эске алып мен кенедейинен эле экөөнө көп көңүл бурдум. Өзүмдүн кемчиликтерим сансыз көп экенин түшүнгөндөн кийин булар да мен сыяктуу өкүнүп калбасын деп болгон аракетимди жумшадым. Акыры анын акыбети кайтып уулум да, кызым да Казакстандын атын чыгарган чыгаан спортчулардан болду.
– Уул, кызыңыздын камын көрүп жүрүп дүйнөнүн 60 өлкөсүн кыдырыпсыз. Кайсыл өлкө сизге эмнеси менен абдан жакты?
– Мен үчүн эң сонун өлкө
бул – Япония. Эмнегедир бул мамлекеттин эли принципиалдуу, тарбиялуу экен.
Европа өлкөлөрүнөн Австрия, Норвегия жагат. Бул өлкөлөрдүн көчөлөрүнөн эле
коррупция жок экени көрүнүп турат. Ошентсе да мен үчүн эң кооз, чексиз тамаша,
юмору көп өлкө — албетте, мекеним Кыргызстан. Киндик каным тамгандыктанбы,
айтор, Кыргызстанга барганда өзгөчө бактылуу болом. Казакстанды болсо акылдуу
уулумдун, татынакай кызымдын, сүйүктүү жолдошумдун мамлекети катары сыйлайм,
баалайм. Ал жакка да барып турабыз. Бирок, келин болгону Казакстанда туруктуу
жашаган жокмун.
– Кыргызстанда төрөлүп, казак жигитине турмушка чыгып, Россияда, Канадада жашоо жана дайыма чет өлкөлөрдө болуу сизге эмне берди?
– Бүткүл дүйнөнү көргөн адам баласы ар бир өлкөнүн эң жакшы жактарын алууга аракет жасайт эмеспи. Анын сыңарындай, мага мени окуткан педагогдор, ар түрдүү улут өкүлдөрү, уулумдун, кызымдын ар башка улуттагы машыктыруучулары, мугалимдери, насаатчылары, коллегалары өтө жакшы таасирлерди калтырды. “Тардыкты жеңбей, кеңдикке жол ачылбайт” дегендей, биз дүйнө кыдырып жүрүп дүйнөнүн патриоту болуп калдык. Кыскасы, ар башка өлкөлөрдө окуу, иштөө, жашоо мени көп жактан өстүрдү, такшалтты, чыйралтты, көзүмдү ачып, акыл, тажрыйба көрөңгөмдү көбөйттү.
– 50гө жакын эл аралык турнирлерге катышып, 37 медаль утуп, тарыхый спортчу аталган Элизабет Турсынбаевадай уул, кыздарды тарбиялоо үчүн эмне кылышыбыз керек?
– Уул, кыздарын биздин балдардыкындай ийгиликтерге жеткирүүгө ар бир кыргыздын акыл-эси, өмүрлүк тажрыйбасы, алган билими, тапкан каражаты жетсе керек. Өкүнүчтүүсү, бизде балдарын жан дили менен берилип тарбиялагандар өтө аз. Дээринде болсо бала өзү алга жылат, жок болсо кайда барат деп чектелебиз. Ошондуктан балага ата-эне стимул, тепкич, түрткүнчүк, күзгү болушу керек. Экинчиден, Кыргызстандагы пайдасыз тойканалардын ордуна муз ареналарын жасасак жүздөгөн чыгаан хок-кейисттер, кёрлингчилер, шорт трекчилер, муз бийчилери чыкмак. Анан алар кышкы Олимпиадаларга катышып кыргыздын атын чыгарышмак. Бешбармак жеп уктап жата бербей, лыжа базаларына муз аянттарын куруп, дүйнөлүк профессионалдарга реклама жасатышыбыз керек. Бизде кышкысын тоңо турган Орто Токой, Соң Көл сыяктуу жүздөгөн көлдөрүбүз бар. Ошолорду кышкысын максаттуу пайдалана билсек эле кышкы спортчулар көбөймөк.
– Кызыңыз Элизабет эки жыл мурун Москвадагы Эл аралык мамилелер мамлекеттик институтунда эл аралык журналистика бөлүмүндө окуп жатты эле. Азыр эмне менен алек?
– Ооба, Элизабет ошол окуу жайда окуучу. Азыр ал Алматыдагы Казакстан менедж-мент, экономика жана прогноздоо институтуна (КИМЭП) которулуп кетти. Анткени Алматыда Элизабет Турсынбаева атындагы муз бийчилер академиясы ачылган. Ошол жакта да иштеп, окуусун улантып жатат. Учурда атасы Байтак Турсынбаев да ошол тармакта иштеп, кызына көмөктөшүп жүрөт.
(Уландысы бар)