“Балдарыбыз турмуштун бардык сыноосуна бышып бүттү”

Бишкектин айланасында азыр мыйзамсыз, мыйзамдуу болуп отуруп 54төн ашык жаңы конуш бар. Алардын бири шаардык таштанды полигонунун жанындагы “Алтын-Казык” жаңы конушунун бир бөлүгү, борбордук таштандынын күн чыгыш тарабындагы “Оомат-Алтын-Казык” жаңы конушу. Мындан 6 жыл мурун 4-5 гана үй салынган бул конушта азыр 200дөн ашык адам жашабаган үй жана 5-6 жылдан бери ушул жерде электр жарыгысыз, суусуз жашап жаткан 40ка жакын үй-бүлө бар. Былтыр ал жакка электр чубалгылары тартылып, 5-декабрда жашоочуларга жарык берилген. Бул жаңы конуштун тургуну, 3 баланын энеси Мунажаткан СЫДЫКОВАны кепке тарттык

“Аргасыздыктан улам келгенбиз”

– Мен өзүм Өзбекстандын Анжиян облусунан болом. Атам кыргыз. Жолдошум Куштарбек Пайитов экөөбүз 11 жыл мурун Алайдан баш кошуп, 7 айдан кийин Бишкекке келгенбиз. Жаңы келгенде аябай кыйналып, нанга жетпей калган күндөр болду. Ар кай жерде батирлеп жашап жүрүп эки эркек, бир кыздуу болдук. Балдарыбыз кичине болуп, жолдошумдун туруктуу иши болбогондуктан мыйзамдуу жер сатып ала алган жокпуз. Акыры айлабыз кетип ушул жерге келип эптеп баш калканч тургузганбыз. Бирөөлөр биз турган бул жерди Ак-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу экен десе, дагы бирөөлөр кайсы бир фирмага тиешелүү экен деп жүрүшөт. Ал эмне болгон фирма экенин да билген эч ким жок. Азырынча керектүү справканы Ак-Дөбө айыл өкмөтүнөн алып жатабыз. Бул жакка микроавтобус, автобустар кирбегендиктен айыл өкмөтүнө барып келиш үчүн эле жарым күндүк убактыбыз кетет. Жолдошум “Дордойдо” тачке түртүп иштейт. Кечкисин ал айланма жолдон бери  жөө келет. Бул жакта дүкөн жок болгондуктан азык-түлүктү, керектүүлөрүбүздү жолдошум базардан алып келет. Ун, майды жеткирүү кыйын болгондуктан бир эшек багып алганбыз. Азыр унду ошол эшек менен алып келип
жатабыз. 

“Өлтүрүп кетебиз” деп коркуткандар бар

– Бул жерге отурукташкандан бери Абдырахман деген киши келип “Бул жакты бүт мен тейлейм, “Панорамо” деген айыл болот. Силер мага карайсыңар”, – деп жүрөт. Бирок, Абдрахмандын эл жашабаган жерге “Панорамо” деп өз алдынча статус бергенге акысы жок болсо да ал үйлөргө “Панорамо” дегенин чаптап жүрөт. Былтыр анын адамдары келип мени сабап, мээм чайкалып ооруканага жатып чыктым. Минтип жашаган жерибиз эч жакка карабагандыктан эч кимге, эч жакка арыздана алган жокпуз. Быйыл да жолдошум иштен келе жатса Абдрахмандын төрт адамы тосуп “аялың жөн жүрсүн, болбосо бала-чакаң менен өлтүрүп кетебиз” деп коркутушуптур. Ошондон бери сары санаа менен жашайбыз. Күйөөм да санааркап иште жүргөндө улам-улам чалып кабар алып турат. Бул жак ээн талаа болгондуктан дагы ким эмне кылып кетет деп коркобуз. Жолдошум “Эптеп каражат тапсам үйдү тегерете коргондоп, дарбаза салбасам болбой калды. Сени өлтүрүп кетишсе үч баланы кантип багам”,-деп коёт. Бирок, үйдү коргондогонго көп акча керек экен. Дагы жакшы, быйыл бизге жакын жерге бир казармандык кошуна келип кыштады. Азыр ошолорду эш тутуп калдык. Булар айына 10 миң сомдон батирге төлөп жүрүп былтыр батир акысы дагы кымбаттаганда аргасыз бул жакка көчүп келишиптир.

“6 жыл жарыксыз жашадык”

– Жолдошумдун күнүңкү тапканы тамак-ашыбызга, кийим-кече, отун-сууга араң жетет. Кээде нанга акчабыз жок калган күндөр да болот. Күйөөм экөөбүз тең тырмалап жүрүп күзүндө эптеп эки жарым тонна көмүр сатып алганбыз. Бирок, үйүбүз жакшы жылууланбагандыктан, быйылкы суукта аябай кыйналдык. Дагы жакшы, өкмөт биз жакка электр мамыларын орнотуп, 5-декабрда үйүбүзгө жарык берди. Президенттин, өкмөттүн бул камкордугуна абдан ыраазыбыз. Свет берилгенге чейин тамакты сырттагы казанга бышырып, нанды тандырга жапчумун. Эми нанды үйдө нан бышыргычта жасап, балдардын кийимин үтүктөп, мектепке эл катары жиберип калдым. 6 жыл жарыксыз жашап көнүп калгангабы, электр жарыгына бир топко көнбөй жүрдүк. Электр жарыгынын берилгенине ишенип-ишенбей бир күнү кайра өчүп калат го дегенбиз. Бактыбызга жараша өчкөн жок. Свет колдонгонубузга жакында бир ай болгондо квитанция келип, шаарга барып төгүп келдим. Электр жарыгы келгиче күн батареясы менен чөнтөк телефонду заряддап, кечкисин шам жагып балдарды окутчу элек. Кудайга шүгүр, жарык кирип турмушубуз бир аз жакшырып калды.

“Бизди оор тагдыр ушул жерге алып келген”

– Бул жерди жергиликтүү жашоочулар “Оомат-Алтын-Казык” атап алганбыз. Азыр жалпысынан 200дөн ашык үй салынганы менен бир тарабында 25, биз жагында 19 үй-бүлө гана жашайбыз. Азырынча колубузда жерге ээлик кылган эч кандай документ жок. Былтыр февраль айында мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери келип жерлерди тактап кетишкен. Жайында алар участокторду ченеп, бир айдан соң техпаспорт берилет дешкен. Ошол боюнча алардан дайын жок. Свет кандай кыйынчылык менен келсе, техпаспорт да ошондой кыйынчылык менен бүтөт окшойт сыягы. Албетте, таштанды полигонунун жанында жашоо кыйын экенин билебиз. Бирок, башка жактан азыр жер сатып алууга бул жердегилердин каражаты жок. Ошол себептен аргасыз ушул жерге отурукташып калганбыз. Андыктан бизди башкалар туура түшүнүшсө дээр элем. Бул жерде жашагандардын баары үй-бүлөсүн кара тер, адал тамак менен баккандар. Балдарымдын, күйөөмдүн аман болуусун, жер участогубузга техпаспорт берилип, шааргабы же кайсы бир районго каратылып калышын Кудайдан тилейм. Алты баласы менен вагондо жашаган келин да ушул биздин “Оомат-Алтын-Казыкта” жашайт. Менимче, ал жыргаганынан ушул жерге келбесе керек. Бул жерде жашагандардын ар бирин оор тагдыр, турмуш айдап келген. Андыктан бизди шаардыктар, боордошторубуз туура түшүнсө дээр элем. Азыр бирөөлөргө 50 миң сом акча болбосо, бизге 50 сом дагы чоң акча. 

“Суукта, жазгы баткакта мектепке барыш кыйын”

– Балдарымдын улуусу быйыл 3-класс, кичүүсү 2-класс болду. Кичүүсү алтыга чыкты. Справкабыз жарабай эки балабызды тең Калыс-Ордо мектебине акча берип киргиздик. Мен Маевка айыл өкмөтүнө катталып, жолдошумдун каттоосу Алайда болгондуктан үч балага жөлөкпул да ала албайбыз. Аны алсак жашообузга да бир аз тыгынчык болот эле. Ар күнү эртең менен таңкы саат 7.10 балдарымды мектепке жеткирем. Кайра келерде тосуп алам. Күн жылууда, жер кургакта жакшы. Кышкы суукта, жазгы баткакта мектепке барып келүү тирүүлөй тозокко айланат. Жол аябай узак болгондуктан мектепке 50 мүнөттө араң жетебиз. Баткакта балдардын бут кийимдери да бат эле жарабай калат экен. Быйылкы суукта балдарды атасы эшек менен жеткизип
жатты.

Мектепке барганда балдарыбызды жакшы кийинген окуучулар “сен эски кийим кийесиң, эски сумка көтөрүп алыпсың” деп кээде кемсинтип коюшат. Ызаланып келишкенде “эң негизгиси кийимиңер таза, бүтүн, андайга капа болбогула” деп балдарымды сооротуп коём. Ар жылы мектептин кайтаруусуна, майда-барат керектөөсүнө деп 100, 200 сомдон, кээде андан көбүрөөк акчалар чогултулат. Кээде ошону да бере албай калабыз. Ошондой учурларда да айрым мугалимдер балдарыбыздын көңүлүн калтырып, катуу айтып коюшат. Колунда бар балдардын ата-энелери балдарын суукта, ысыкта онлайн окутканды жакшы көрүшөт экен. Мен тескерисинче, балдардын дайыма мектепке барып окуганын туура көрөм. Анткени, эрте туруп, кыймылдаган, ойногон бала чыйрак, сергек болот. Биздин балдар ачка, ток болуп, ысык, суукту көрүп, турмуштун бардык сыноосуна бышып бүттү.  

“Анжиянга да барып турам”

– Анжияндагы туугандарга былтыр күзүндө бир барып келгем. Быйыл жазында барам деп турам. Бул жактан анжияндык жердештеримди анда-санда бир көрүп калам. Өзүбүздүн азыркы акыбалыбыз боюнча бир нече ирет сүйлөп телевидение, интернетке да чыктым. Анан туугандарыма “Мени теледен көрүп калсаңар кыжаалат болбогула. Эң негизгиси мен силерди уят кылган жокмун. Адал тамак менен балдарыбызды багып, силерден жардам сураган жокпуз”, – деп
айтам.

Жолдошумдун тапканы өп-чап жеткендиктен жайкысын айланма жолго чыгып ар кандай жумуштарга иштейм. Улуу балам чоңоюп калды. Балдарыбызга чайды, тамак-ашты дайындап берип коюп жолдошум экөөбүз тең ишке кетебиз. Антип күн жылууда каражат
таап албасак, кышкысын кыйналып калат экенбиз. Кыскасы, биздин жашоо ушинтип өтүп жатат.

Мелис Совет уулу

0 Поделились