Кыргызстан Швейцариядай боло алат А Швейцария Кыргызстандай боло албайт
Тоолорду, жаратылышты, экологияны сактоо адамзаттын келечеги
Кыргыз эли эң байыркы элдерден экендигибиз тарыхта жазылып, эчен кылымдардан бери атыбыз өчпөй келе жатабыз. Ата-бабаларыбыз мурунку замандарда кенен аймактарды ээлеп, өз жашоосунда көчмөн турмушту башынан өткөрүп келишти. Ээн-эркин жашаганга көнгөн, эркиндикти сүйгөн калкпыз. Ата-бабаларыбыз көк шиберлүү, ак мөңгүлүү тоолордон аккан көк кашка суулары, булактары мол аймактарды тандап көчүп конуп мал жанын, бала-чакасын багып, тукум улап турмуш кечирип келишкен.
Биз жаратканга миң мертебе шүгүрчүлүк келтиришибиз керек. Себеби, элибиз феодалдык доордон капитализм доорун басып өтпөй туруп социалисттик доорго туш келип өсүп өнүктүк. Капитализм доорунда индустриализация, урбанизация тез өнүгүп, байлар эбегейсиз жерлерди ээлеп, жаратылышка бүлүк салып, завод, фабрикаларды курушуп өз кызыкчылыктарын, байышын гана ойлоп келише тургандыгы тарыхтан маалым. Оор өнөр жайдын өсүшү менен эзүүчү тап жана кара жумушка эзилген жумушчу табы пайда болду. Бай капиталисттердин тобу өздөрүнүн баюсун гана көздөп жаратылышка аяр мамиле жасабай, жашоо-тиричиликтин өзөгүн түзгөн жаратылышка чоң зыян алып келишти. Буга бир эле далилдүү мисал, Европа мамлекеттеринде азыркы күндө тоо-токойлорунда жапайы жашаган жаныбарлар жана канаттуулар жок. Европадагы Швейцария, Германия, Франция, Австрия мамлекеттеринин тоолуу аймактары биздин тоолуу аймактарга окшоп кетет. Бирок алардын тоолорунда азыркы мезгилде жапайы жаныбарлардан: жолборс, аюу, аркар, бугу, теке, элик, канаттуулардан: бүркүт, улар, кекилик жана башкалар калган жок. Азыркы Европада жашоочулар өздөрү да, балдары да жаратылыштын көркүн ачып турган тирүүлүктүн символу болгон жапайы жаныбарларды зоопарктан жана коруктардан гана көрүшөт. Алар жаратылышты кайра калыбына келтирүүнү кеч болуп калгандыгына өкүнүшөт.
Келечекке чакырык
Жер жүзүндө экологияны сактоо маселеси эң биринчи
орунга коюлуп жатканы туура, бул -– келечекке чакырык. Кыргыз Республикасынын
Президенти С.Жапаров БУУнун трибунасында чыгып сүйлөп, тоолорду өнүктүрүү,
экологияны сактоо
боюнча айткан сунуштарын бул эл аралык эң абройлуу уюмдун колдоого алганы да
бекеринен эмес. Экология, тоолор, жаратылыш – адамзаттын келечеги.
Эгемендүүлүктү алган алгачкы жылдарда эл башкарган төбөлдөр элди алдап, элдин көңүлүн алаксытып, куру кыялданып келгени баарыбызга маалым. Биз Швейцария, Япония болобуз дешти. Арадан 30 жыл өттү. Алардай боло албадык. А чынында алар биздей болуп алсын. Азыркы мезгилде Европа, Америка мамлекеттеринен биздин жаратылышка кызыгып келген туристтер биздин ажайып кооз тоо-токойлорубузга, мөлтүр булак көк кашка сууларыбызга тамшанышат жана кызыгышат. Айрыкча биздин тоолордо жапайы жаныбарлардын сакталып калышына кызыгышып аңчылыкка келишет, себеби, өздөрүндө жок. Туристтердин аңчылыкка келиши туризмди өнүктүрүүнүн бир чоң жолу, бирок биз жапайы жаныбарларды сакташыбыз жана коргошубуз керек.
Жаратылышка аяр мамиле керек
Кудайга шүгүр, жаратылышыбыз, кээ бир кемчиликтерди айтпаганда, азырынча сакталуу десек болот. Ата-бабаларыбыз Ала-Тообузду, ажайып кооз бейиштей болгон жерибизди бизге сырткы душмандардан кан-жанын аябай коргоп, сактап келишти. Эми кооз жерибизди бүлүндүрбөй, аны бапестеп сактап, кийинки урпактарга өткөрүп берүү – биздин парзыбыз жана милдетибиз.
Ушул тапта кен байлыктарыбыз чет элдик инвесторлор тарабынан казылып алынып жатканда менин өкмөткө айтаар сунушум бар. Албетте, чет элдик инвесторлорсуз кендерди казып, аны иштетүү кыйынга турары белгилүү. Бирок, биринчиден, инвесторлорго эң биринчи казылган жерлерге жашыл токой дарактарын эктирип, экологияны сактап, келтирген зыянын толук эсептеп бизге өткөрүп берүүсүн талап кылуу керек. Экинчиден, келген инвесторлор жетекчиси, инженери, адиси болуп үч кишиден ашпоосу керек. Калган жумуштарга жергиликтүү калкты, жаштарды тартуу туура болот. Жаштарга жумуш орду түзүлөт.
Ал үчүн тоо-кен тармагындагы өзүбүздүн адистерди даярдоо керек. Чет мамлекеттердин тоо-кен боюнча жогорку окуу жайларында жаштарды окутуу зарыл. Биздин мамлекет кен казылып алынып жаткан жерлерге тез аранын ичинде дарактарды эгип, аны өстүрүүнү колго алышы керек. Биз азыртадан алдын алып кооз жаратылышыбызды коргоп, сактап калбасак, биз дагы Европа мамлекеттериндей болуп, тоолорубуздагы жапайы жаныбарлардан жана канаттуулардан ажырап калышыбыз мүмкүн.
Азыркы глобализация – дүйнөлөштүрүү ушунчалык тез өнүгүп жаткан мезгилде өзүнүн жашоо өзөгү болгон жаратылыштан ажырап калган мамлекеттерде руханий жактан дагы өсүп-өнүгүү, адептүү тарбия жагынан туура эмес нукта баратканын сезип байкоого болот. Бул көйгөй боюнча өзүнчө сөз кылмакчыбыз.
Абдырахман ИСАКОВ, КРнын журналисттер союзунун мүчөсү