Навоий кыргыз тилинде
Улуу акын жана философ Алишер Навоийдин газелдерине пикирлер кыргыз тилинде басылып чыкты.
Кылымдар бою кыргыз жана өзбек элдери бирдиктүү адабий, маданий мейкиндикте биримдиктин, бир туугандыктын рухунда жашап келишкен. Тарыхка көз чаптырсак, таң калыштуу фактыга күбө боло алабыз: бүгүнкү күндө дүйнө элдерин кантип туура жашоого үйрөткүсү келген прогрессивдүү мамлекеттердин ортосунда жүздөгөн жылдар бою кармаш жүрүп жатат, бирок байыркы Түркстанда жашаган элдердин достук байланыштары жек көрүүнүн жана кастыктын кылычы менен эч качан үзүлгөн эмес.
Биздин адабий жана маданий байланыштарыбыз бир күндө пайда болгон жок. Мисалга айтсак, өткөн кылымда кыргыз элинин кереметтүү эпосу – “Манас” толугу менен өзбек тилине которулган. Жакынкы жылдарда да бул эпостун өзбекче котормосунун бир канча варианты жарык көрдү. Кыргыз элинин гана эмес, бүткүл түрк тилдүү элдердин руханий паспорту болгон, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун дээрлик бардык чыгармалары өзбек тилине толук которулган. Булар жөн эле адабий окуя, маданий көрүнүш эмес, биздин элдерибиздин таза жүрөгүнүн белгиси.
Түрк мамлекеттери уюмунун 2022-жылы Самаркандда өткөн саммитинин алкагында түрк дүйнөсүнүн улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовго көзү өтүп кетсе да жаңыдан түзүлгөн Алишер Навоий атындагы эл аралык сыйлыктын ыйгарылышынын терең символикалык мааниси бар.
Мына ушундай жакшы иштердин логикалык уландысы катары түрк, азыркы өзбек адабий тилинин негиздөөчүсү, улуу акын жана философ, даанышман мамлекеттик ишмер Алишер Навоийдин газелдерине жазылган пикирлер кыргыз тилине которулду.
“Маанилердин казынасы” деген ат менен жарык көргөн бул китеп Өзбекстандын белгилүү окумуштуусу, адабиятчы, профессор Олимжон Давлатов тарабынан жазылган. Басылманын маанилүүлүгү, биринчиден, газелдердин тексттери, андан кийин сөздүк берилип, соңунда окумуштуунун комментарийлери жана пикирлери келтирилген. Эми бул чыгарманын кыргыз тилине котормосу аркылуу кыргыз окурманы Навоийдин газелдирин окуу менен бирге анын руханий сырларынан, терең философиясынан да кабардар болот.
Китепти кыргыз тилине оштук адабиятчы, котормочу жана журналист Хосият Бекимирзаева которгон. Бул китептин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жакында Кыргызстанга жасаган мамлекеттик иш сапарынын алкагында жарык көрүшү да кыргыз жана өзбек элдеринин достугу жана кызматташтыгы сөз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө да бар экендигинин, мындан ары да боло беришинин айкын далили.
Навоийдин гуманитардык идеялар менен сугарылган саптары кыргыз окурмандарына жагарынан шек жок.
Барно ИСАКОВА, Ош шаары