“Кыргыз Улуттук университетинин эбегейсиз потенциалы бар”
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин ректору Төлөбек АБДЫРАХМАНОВ:“Кыргыз Улуттук университетинин эбегейсиз потенциалы бар”

–Төлөбек Абылович, Кыргызстанда 5 окуу жайга өзгөчө статус берилди. Мындай статус кандай мүмкүнчүлүктөргө жол ачат?
– Өзгөчө статус абдан кенен мүмкүнчүлүк жана ошону менен катар эле өтө чоң жоопкерчиликти алдыбызга коюп отурат.
Мүмкүнчүлүктөрдү айтсак – алар академиялык жана экономикалык эркиндиктин негизинде берилип жаткан мүмкүнчүлүктөр. Эгер мындай шартты учурунда жана натыйжалуу пайдаланып калсак абдан чоң өзгөрүүлөр болуп 5 университет эл аралык деңгээлдеги окуу жайларга айланышат. Бул университеттердин академиялык, экономикалык, илимий-изилдөөчүлүк, адам ресурстук потенциалы, эл аралык аброю жогору жана бул факторлорду эркин, мобилдүү, натыйжалуу пайдалануу менен көп нерселерге жетишүүгө болот.
– Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети Кыргызстанда ар тараптуу адистерди даярдаган бирден бир окуу жай. Контингенти, структурасы жөнүндө айтып берсеңиз?
– Улуттук университет чындыгында эле көп профилдүү багыттарда адистерди даярдаган окуу жай. Анын үстүнө өткөн жылы Кыргыз юридикалык университетинин кошулушу менен көп багыттуулук жана көп сандуулук ого бетер күчөдү. Учурда КУУда 25 миңге жакын студент бакалаврлык 55, магистрлик 44, адистик 7 жана PhD докторантуралык 11 программа боюнча билим алып, илимий иш жүргүзүшүүдө. Булардан сырткары кесиптик орто билим берүү, жалпы билим берүү боюнча дагы иш алып барабыз. Институционалдык структурасы боюнча КУУ 13 институт, 11 факультет, 2 колледж, 1 гимназия жана 4 филиалдан турат.
Илимий изилдөө иштерине дагы өзгөчө көңүл бурулуп, курамында 7-8 модулдан турган технопарк ишин баштап жатат. Жогорудагылардын бардыгы менен билим берүү жана илимий изилдөөчүлүк иштерди 1600дөн ашык окутуучу-илимпоздор алып барышууда.
– Кайсы адистик багыттар боюнча чет өлкөлөр менен кызматташасыздар?
– Негизинен бардык эле багыттар, программалар жана адистиктер боюнча чет өлкөлүк ЖОЖдор, илим-изилдөө субъекттери, ишканалар менен кызматташуудабыз. Мисалы, бирөө менен билим берүү багытында, бирөө менен илимий консорциум боюнча, ал эми дагы бирөөлөрү менен инвестиция тартуу боюнча иштөөдөбүз. Жалпысынан чет өлкөлүк 131 кызматташтар менен алакалаштыгыбыз бар.
– Билим берүү тармагында пара алган учурлар кездешпей койбойт. Бул багытта кандай иш-аракеттерди көрүүдөсүз?
– Айрым студенттердин пара берүүсү жана айрым окутуучу, кызматкерлердин пара алуу маселеси абдан оор жана кечиктирилгис чече турган маселе. Өлкөдө болуп жаткан мындай жат көрүнүш биздин окуу жайда дагы болушу мүмкүн. Так жана далилденген маалымат жок. Ошентсе дагы бул маселени чечүү үчүн атайын иш-чаралар каралып жатат. Алардын эң орчундуусу жана натыйжалуусу башкарууну, окуу процессин жүргүзүүнү жана кызматтык мамилелерди туташ санариптештирүү маселеси ишке ашырылып, колдон келишинче адам факторун азайтуу деп эсептейм. Экинчиден, окутуучу жана кызматркерлердин материалдык абалын олуттуу жакшыртуу керек.
– Билим берүүнүн сапатын арттырууда эмнелерге көңүл буруу керек?
– Билим берүүнүн сапатын арттыруу көп нерселерден көз каранды. Эң оболу университетке жакшы билимдүү абитуриенттерди тандап алуу керек жана алар менен мыкты окутуучуларды бириктирүү керек. Булардын биргелешкен билим майданындагы иштери натыйжалуу болуш үчүн тиешелүү шарт, мүмкүнчүлүк жана өз ара жакшы мамилелешүүнү түзүп берүү шарт.
Буга окуу процессин оптималдуу уюштуруу, окуу процесси, окуу китептери, окуу-методикалык колдонмолору, санариптик каражаттар, жакшы инфраструктура ж.б. иштер кирет.
Өтө маанилүү нерсе, мыкты окутуучулар көп болуп, алар студенттер менен мыктылап иштеши үчүн окутуучуларга материалдык жана моралдык жагымдуу шарт түзүү абзел.
– Болон системасы тууралуу коомчулукта ар кандай сын-пикирлер бар. Көз карашыңызды билсек.
– Менин көз карашым түз.
Универсалдуу система катары студенттерге билим алуу, адистикти тандоо жана дүйнөлүк
билим берүү системасына аралашып, чет өлкөлөрдөн кошумча билим алуу, ал
жерлерде иштеп кетүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Албетте, кемчиликтери
дагы жок эмес, Бирок, жакшы жактары арбы-
ныраак.
Өзгөчө статустун алкагында
академиялык эркиндикти алуу менен Болон
системасынын айрым жактарын өзгөртүп, жакшыртып кетүүгө мүмкүнчүлүктөр болот.
– Союз кезинен бери Кыргыз Улуттук университети билим берүүнүн флагманы болуп келген. Акыркы жылдарда көрсөткүчү төмөндөп кеткендей. Бул жагдайды жолго кое аласызбы?
– Улуттук университеттин флагмандыгын азыр дагы жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Муну КУУнун билимий, илимий, экономикалык жана руханий потенциалы айгинелеп турат. Албетте, ар бир тирүү жан сыяктуу эле тирүү социалдык организм болгон КУУнун тарыхында дагы ар кандай алгоритм болуп, нечен даңазалуу доорлор менен катар эле кыйын учурлар дагы болгон.
Мындай көрүнүштүн бир жагдайы катары билим берүүдөгү коньюнктуралык шарттар жана учурунда ошолорго ылайыкташып кетүү маселесин айтсак болот. Мисалы, айрым университеттердегидей заманга жана шартка шайкеш болгон рыноктун конъюнктурасына ылайык жаңы адистиктердин, илимий-изилдөө багыттарынын ар кандай себептерден улам учурунда ачылбай калганы.
Албетте, учурдагы КУУнун эбегейсиз потенциалы бар. Аны максималдуу жана учурунда пайдалануу менен өзгөрүүлөрдү жасоого болот. Анын үстүнө КУУга өзгөчө статус менен берилип жаткан мүмкүнчүлүк жана жооперчилик жакшы шарт түзүп берерине ишенем. Буга кошумча университет жамаатынын жетекчиликке болгон колдоосу менен ишеними жана убакыт фактору маанилүү. Эң негизгиси, КУУнун патриот, намыскөй жана ке-сипкөй жамааты кыймылга келип, башкача көз карашта болуп, университет, факультет, кафедра, студенттер менен магистранттарга карата көз карашты өзгөртүүсү керек. Болбосо, бир ректор же ректорат алтын баштуу болсо же башы менен жер казса дагы жакшы майнап чыкпайт…