Дени сак эне –дени сак улут
Айрым жаш энелер балалуу болууга алдын ала даярдык көрүшпөйт. Кээ бирлери 7-8 айга чейин дарыгерлерге кайрылбай жүрө беришип, өзүнүн да, баланын да саламаттыгына доо кетирип алышат. Акушёр-гинеколог, эндокринолог Айпери Мурзалымбекова адис катары маанилүү кеңештерин айтып берди.
– Айтсаңыз, балалуу болууга аялдар кантип даярдануу керек?
– Азыркы убакта кыз-келиндер балалуу болууга олуттуу көңүл бөлүп, алдын ала пландап, даярданышпайт. Ден соолуктарына кайдыгер карашат. Ар бир ымыркайдын ден соолугу ата-эненин саламаттыгы менен тыгыз байланышта экенин эстен чыгарбоо керек. Негизи аялдар өздөрүн балалуу болгонго чейин психологиялык жактан даярдап, организмди да көндүрүү керек. Аял менен эркекте жыныс аркылуу бири-бирине өтө турган ар кандай инфекциялар болот. Ал үчүн биринчиден, УЗИден өтүп, инфекцияларга каршы да анализ тапшырып, дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүүлөрү абзел. Ар бир анализден өткөндөн кийин гана өзүнүнүн салмагына жана боюна жараша керектүү витаминдер берилет. Аларга: иод, темир, витамин Д, Омега-3 жана фолий кычкылы кирет. Бул витаминдерди кош бойлуу болордун алдында 2-3 ай мурун ичип баштаганы дурус. Мына ушул этаптардан өткөндөн кийин гана кош бойлуулук толук кандуу өнүгүп, дени сак баланын төрөлүшү шартталат.
– Бойго бүткөндө канча жумасынан баштап учётко турушу керек?
– Негизи УЗИден баланын бар экенин билгенден тартып эле учётко туруш керек. Бала 8-10 жумага чейин учётко туруусу кажет. Анткени, сегизинчи жумадан баштап бала тез өсүп баштайт. Ошол себептен, болочоктогу энелер жергиликтүү дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу шарт.
Кош бойлуулук негизинен үч триместрдан турат. Биринчи триместр 12 жумага чейин, экинчи триместр 24 жумага чейин, ал эми үчүнчү триместр 37-40 жумага чейин созулат. Ар бир триместрдин орду жана өзгөчөлүктөрү бар.
Дарыгерлер учётко тургандарга убагында анализ тапшыртып, жетишпеген витаминдерин жазып берип, такай көзөмөлгө алышы шарт. Азыркылар эмнегедир убагында дарыгерлерге баруудан баш тартышат. Бул туура эмес. Аялдын өзүнө кам көргөнү баласына кам көргөнү болуп саналат. Андыктан дарыгерлер чакырган маалда барып, витаминдерди ичип, туура тамактанып, өзүн-өзү жакшы карашы абдан маанилүү.
– УЗИнин балага зыяны жокпу?
– Азыркы УЗИлердин зыяны жок. Аны ультура үн деп коёбуз. Алар зыяны аз, жылдан-жылга жаңыланып чыгып жатат. Ошондуктан аны кооптуу деп айта албайм. УЗИден бала төрөлгөнчө төрт жолу өткөрүлөт. Биринчи кош бойлуу учурунда өтүлөт. Андан бала жатынга түшүп, жүрөгү согуп жатканын биле алабыз. Анан биринчи скрининг деп коёбуз. Мында баланын 11 жумасынан 14 жумасына чейин барып өтүш керек. Экинчи скрининг 18 жумадан баштап, 22 жумага чейин өткөрүлөт. Анан 31-35 жумасынан эне допплерден өтүшү зарыл. Андан бала менен эненин тамыры аркылуу гемоглобин менен тамактануу кандай кетип жатканын билебиз.
– Бала көтөрүүдө коркунучтуу факторлорго токтоло кетсеңиз…
– Бала көтөрүүдө стресс менен депрессия өтө коркунучтуу факторлор болуп саналат. Кош бойлуу кезде аял көп стресс алса, ичиндеги баланын кайсы бир органы өөрчүбөй ошол бойдон төрөлүп, же аномалия төрөлүп калышы мүмкүн. Экинчиден, биринчи триместрда көп жол жүрбөөгө аракет кылыш керек. Себеби, көп басуунун натыйжасында бала түшүп калуу коркунучу бар.
Андан сырткары, баштын оорусу, баш айлануусу, буту-колдун шишүүсү, зааранын аз чыгуусу, ичтин катуу болуп түйүлүшү, баланын жай кыймылдашы, кан келүүсү, дене табынын жогорулашы, жүрөктүн бат-бат согушу да коркунучтуу факторлорго кирет. Болочоктогу эне мына ушул нерселерди билүүсү абзел.
– Баланын дени сак болуш үчүн эне кандай тамак-аштарды колдонуусу керек?
– Туура тамактануу эне үчүн абдан маанилүү. Айрымдар тамак жейт десе картошка менен макаронду кууруп жей беришет. Бул туура эмес. Кош бойлуу учурда камыр жана майлуу тамак-ашты көп ичүүгө болбойт. Ал баланын салмагын көбөйтүп, төрөттү кыйындатат. Кош бойлуулуктун биринчи жарымында эне жок дегенде күнүнө 4 маал тамактануусу зарыл. Экинчи жарымында бала тез өсүп, аялдын организмине күч келтиргендиктен 5-6 жолу аз-аздан тамактануусу сунушталат. Көбүнчө тамак-ашка жашылча-жемиш, сүт азыктарын, сууга бышкан эт жана балыкты кошуу керек. Туздуу жана майлуу тамактарды азайтканы туура. Суюктукту көбүрөөк ичиш керек. Бир күндө 1,5 литрден суу ичип турган ден соолукка өтө пайдалуу. Ошондой эле жашылча-жемиштер бышкан учурда көбүрөөк жеп алган жакшы. Алардан кош бойлуу энелер өздөрүнө керектүү витаминдерди ала алышат.
– Төрөгөн айымдардын көбүнүн каны аз. Буга эмне себеп болууда?
– Азыркы ар бир экинчи аялдын каны аз. Кош бойлуулукта пайда болуучу эң кеңири таралган оорулардын бири десем болот. Аз кандуулуктун да бир нече түрлөрү бар. Кош бойлуу аялдарда көбүнчө темирдин жетишсиздигинен улам келип чыгат. Боюнда болгондо организмге келтирилген күч бир нече эсеге жогорулайт. Ушул учурда энеге темир өтө керек болот. Мисалы, жүрөк мурункуга караганда, бат согуп, дем алуу тездейт. Бул үчүн көбүрөөк кычкылтек керектелет. А кычкылтек болсо ткандарга бир гана темир менен кошо жеткирилет. Биринчи үч айлыкта темирге болгон муктаждык суткасына 0,6-0,8 миллиграммды түзөт. Экинчи үч айлыкты-2,4 миллиграммга чейин жогорулайт. Ал эми кош бойлуулуктун акыркы үч айлыгында организм 10-12 миллиграмм темирге муктаж болот. Ошол себептен, кош бойлуу кезде сөзсүз түрдө темир витаминин ичиш керек. Ал канды көтөрөт. Норма боюнча биринчи триместрда 110 г/л түшпөшү керек. Ал эми экинчи жана үчүнчү триместрда болсо 105 г/л кан ылдый түшпөшү зарыл. Төрөттөн кийин 100 г/л болуп калса, анемия болуп калат. Анемия-кандагы гемоглобиндин аз болушу. Норма боюнча аялдарда гемоглобин-120-160 г/л болууга тийиш.
– Кош бойлуу аялдар ай сайын заарадан анализ тапшырат эмеспи. Ошондо кээ бир айымдардын заарасынан белок чыккан учурлар болот. Айтайын дегеним, ал эмнеден улам пайда болот?
– Аялдар кош бойлуу
болгондо баланы эки бөйрөк көтөрөт. Бөйрөктө кандайдыр бир инфекция болсо, аны
заарадан анализ тапшыртуу аркылуу биле алабыз. Дарыгерлер кош бойлуу аялда кант
же туз жок экенин ай сайын текшерип туруусу кажет. Кант менен туз көтөрүлүп
кетсе, инфекция пайда болот. Эки бөйрөктүн начар иштегенде, инфекция же аял
сууктан шамалдап калганда белок чыгат. Белок көбөйгөн сайын кош бойлуу аял
шишип баштайт. Мына ушул учурда кош бойлуу аялдар заарадан анализ тапшырышат.
Анализдин жыйынтыгына карап, ошого карата дарылоо
жүргүзөбүз.
– Негизи эле энелерге кандай сунуш бере аласыз?
– Убагында уктап, туура тамактанышы зарыл. Тамактанганда витаминге бай тамак-аштарды жеш керек. Стресс менен депрессиядан мүмкүн болушунча оолак болушу шарт. Ошондой эле учётко турганда убагында анализдерин тапшырып, төрөгөнчө дарыгерлердин көзөмөлүндө болгондору туура. Кээ бир айымдар убагында учётко турбай жүрө беришет. Алардын кесепетинен балдарынын ден соолуктары чың болбой төрөлүп калууда. Азыркылардын иммунитети начар. Андыктан алар керектүү витаминдерди ичүүсү зарыл. “Дени сак эне, дени сак улут” деп коёт. Канчалык эненин ден соолугу чың болсо, дени сак, күчтүү, акылдуу бала төрөлөт.
Асел Муса кызы