Кечээгибиз жана бүгүнкүбүз ушундай. А эртеңибизчи?

К31-январда А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада “Жалпыга маалымдоо каражаттары: кечээ, бүгүн жана эртең” деген темада конференция болуп өттү. Анда кыргыз журналистикасынын учурдагы абалы, басма сөздүн орду жана коомчулукта пикир жараткан блогерлер тууралуу бир катар ой-пикирлер айтылды. Төмөндө алардын айрымдары менен окурмандарды тааныштырабыз. Аягында ЖМК өкүлдөрүнө жана мамлекеттик бийлик органдарына кайрылуу кабыл алынды.

КРнын Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр СУЛТАНБАЕВ:

– Коомдук пикирди жаратууда, болуп жаткан окуяларды туура чагылдырууда, маалыматты так, ыкчам жеткирүүдө, жарандар менен мамлекеттик бийликтин ортосунда диалогду түзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу чоң.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө глобалдашуунун алкагында маалыматтык технологиялар ыкчам өнүгүүдө. Салттуу жалпыга маалымдоо каражаттары менен катар интернет айдыңында социалдык тармактын түрлөрү, алар аркылуу блогерлер пайда болду. Албетте, жарандар үчүн маалымат алуу булактарынын көбөйүшү жакшы көрүнүш. Азыр блогерлердин зор армиясы пайда болду. Ошол социалдык түйүндөрдөгү блогерлер жана айрым көз карандысыз маалымат булактары тарабынан маалыматтардын бурмаланган же кимдир бирөөнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн учурлар да жок эмес.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, жазуучу-журналист Арслан КОЙЧИЕВ:

– Бүгүнкү күндө Кыргызстанда сөз эркиндиги актуалдуу. Узак жылдардан бери Кыргызстан Борбор Азиядагы мамлекеттердин арасында жана союз мезгилинде сөз эркиндиги боюнча үлгү болуп келген. Жогоруда айтылгандай маданиятыбыз менен кошо жоопкерчиликти калыптандырышыбыз керек. Бүгүнкү күндө коомчулукта “кыргыз демократиясы” деген сөз актуалдуу болуп жатат. Менимче, биз кыргыз демократиясын калыптандыра алган жокпуз. Дагы деле 90-жылдардын эйфориясынан чыга албай келе жатабыз. Мунун баары улуттук тажрыйбабыздын жоктугунан улам биз демократиялык маданиятты да калыптандыра алган жокпуз деп ойлойм. Сөз эркиндиги жөнүндө маданиятты дагы, улуттук жүрүм-турум маданиятын дагы айтсак болот. Себеби, бул жоопкерчилик менен байланыштуу. Ар бир сөздүн артында жоопкерчилик болуш керек. Журналисттер маалыматтарды таркатууда окуяларды так, сапаттуу берүүгө басым жасашы керек. Маалыматтар, жаңылыктар мамлекетке, коомчулукка жол көрсөтүп, учурдун талабында элдин калың катмарына жагымдуу боло турган жагын дагы караш керек.

Басма сөз, ЖМКлар жөнүндө жаңы мыйзамдын долбоору иштелип жатат. Айтылып жаткан пикирлер жаңы мыйзамдын кабыл алынышында эске алынышы керек. Айрыкча акыркы жылдарда интернет айдыңында блогерлер пайда болду. Бул боюнча атайын жобо иштеп чыгуу зарылбы деген суроо турат. Анткени блогерлердин арасында Кыргызстанга эле эмес, бүткүл дүйнөлүк коомчулукка таасир берип, пикир жарата ала тургандары бар. Ошондуктан блогерлер боюнча атайын жобонун зарылдыгы бар го деп эсептейм. Алардын арасында окуяны так бергени да, жеке кызыкчылыкты көздөгөндөрү да бар.

Журналисттер маалыматтарды элге сунуштоодо сапатына көңүл бурушу керек. Мисалы фейсбук баракчасынан “Кыргызстандагы банктар 2022-жылы 23 миллиард киреше көрүптүр” деген жаңылыкты окуп калдым. Албетте, жакшы жаңылык. Бирок, ал теманы экономикалык көрсөткүчтөр менен ачыктай алган эмес. Айтайын дегеним журналисттер, блогерлер ар бир сөзү үчүн жоопкер болушу керек. 

Жогорку Кеңештин басма сөз кыматынын жетекчиси Эркин КАИМОВ:

– Журналистикадагы көйгөйлүү маселелерди талкуулоо үчүн ушул конференцияны уюштурган КРнын Журналисттер союзуна ыраазычылык. Бул жыйында белгилүү журналисттер отурушат. Жогоруда журналистиканын тарыхы, анын көйгөйлөрү тууралуу айтылды.

Мен Жогорку Кеңештин журналисттер менен иштөөдөгү шарттарын айтып берейин. Жогорку Кеңеш – мыйзам чыга-руучу, жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөчү өкүлчүлүктүү орган. Жогорку Кеңештин ишмердигин чагылдырууда журналисттердин эмгеги өтө маанилүү. Бүгүнкү күндө 250дөн ашык журналисттер аккредитациядан өтүшкөн. Алардын маалымат алуусу үчүн парламентке эркин кирүүгө бардык шарт түзүлгөн. Мындан сырткары сайтыбызда парламентаризмдин тарыхынан тартып, учурдун маалыматтарына чейин камтылган. Буга чейин парламент радиосу обого чыкпай келген болсо, азыр ишмердигин жүргүзүп келе жатат. Азыркы төрага маалымат алууда журналисттерге шарт түзүүгө өзгөчө көңүл буруп жатат.

Биз дагы журналисттерге маалыматтарды ачык-айкын, так бергенге аракет кылып жатабыз. Өткөн жылда да журналисттер менен Жогорку Кеңеште түз баарлашуулар болду. Ал эми журналистикадагы көйгөйлөр боюнча мыйзам долбоору болсо, аны Жогорку Кеңеш карап берүүгө даяр.

Кыргыз Улуттук университетинин Журналистика факультетинин деканы Ширин КОСТЮК:

– Жыйында журналистиканын көйгөйлөрү, бүгүнкү маселеси, эртеңки келечеги жөнүндө ой-толгоолор, кеп-кеңештер айтылат деген ишеничтемин. Академиялык чөйрөдөн журналисттерди даярдоодо ар кыл маселелер бар экендигин жокко чыгаруу-
га болбойт. Кыргызстандагы окуу жайларда журналисттерди даяр-
доодо көйгөйлөрүбүз, маселелерибиз окшош эле. Бүгүнкү колунда телефону барлар эле журналист болуп калган заманда кесипкөй, жанрларды билген, тилге маани берген, академиялык билими бар журналисттерди даярдоо мезгилдин талабы.

Биз билим берүү системасынын базасында журналисттерди адаттагыдай эле даярдап жатабыз. Максатыбыз – илим, билим жана өндүрүш менен алака түзө ала турган, атаандаштыкка туруштук берип, жаратмандык менен иштей ала турган адистерди даярдоо. Бизге келип жаткан абитуриенттердин жылдан-жылга ой чабыты басаңдап, билим деңгээли төмөндөп баратканы байкалат. Бул жер-жерлердеги билим берүүнүн солгундап калганынан кабар берет.

Кыргыз Республикасынын Журналисттер Союзунун жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жана мамлекеттик бийлик органдарына

КАЙРЫЛУУСУ

Кыргыз Республикасында сөз эркиндиги, ар бир жарандын өз ой-пикирин, көз карашын билдирүү жана айтуу мүмкүнчүлүгү мыйзам менен кепилденген. Демократиялык өлкөлөргө таандык бул баалуулуктар менен принциптерди бекем сактоо, ыйык тутуу жана өнүктүрүү баарыбыздын милдетибиз.

Эгемендүүлүк жылдарында биздин республикада мамлекеттик жана көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарынын таасирдүү, күчтүү институту түзүлдү. Журналисттик сөздүн, алардын жазгандарынын, көрсөтүүлөрүнүн жана уктурууларынын коомдук процесстерге тийзизген таасири улам артып бара жатат. Мамлекеттик органдардын кабыл алуу чечимдеринде журналисттердин пикири, сунуштары эске алына баштады.

Коомдук пикирди жаратууга таасир этүүдө, республикада болуп жаткан окуяларды туура чагылдырууда, маалыматты так, ыкчам жеткирүүдө, жарандар менен мамлекеттик бийликтин ортосунда диалог түзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарына зор ишеним артылууда. Ушул жетишкендиктерди баалай жана сактай билели, ага доо кетирип албайлы.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө глобалдашуу маселелери менен катар маалыматтык технология абдан ыкчам өнүгүүдө. Салттуу жалпыга маалымдоо каражаттары менен катар интернет айдыңында социалдык тармактын түрлөрү, алар аркылуу блогерлер жана башкалар пайда болду. Жарандар үчүн маалымат алуунун жаңы булактарынын көбүрөөк болушу, бүгүнкү күндүн жакшы көрүнүшү.

Ушундай шартта биз жалпыга маалымдоо каржаттарынын өкүлдөрүнөн профессионалдуулукту көрсөтүүнү, кесиптик этиканы сактоону, маалыматты так, туура берүүнү жана чагылдырууну өтүнөбүз. Айрыкча сөз эркиндиги, ар кандай көз карашты, ой-пикирди билдирүү мүмкүнчүлүгү сөзгө болгон жоопкерчиликти да талап кылат.

Эзелтен элибиз сөзгө абдан этият мамиле жасаган, анын күчтүүлүгүн
баалай, барктай билген. Таамай, так, туура айтылган сөз катуу таасир берген. Калпыс, туура эмес айтылган, жалаа жана ушактар сөз эркиндигине, сөз касиетине доо кетирет. Биз, урматтуу кесиптештер, элге таасир көрсөтүүнүн эң күчтүү, кубаттуу каражатынын, сөздүн ээлери экендигибизди унутпайлы, аны калыс жана адилет колдоно билели. Такталбаган, инсандын жеке намысына шек келтирген жалаа, ушактардан алыс бололу. Бардык иште кесипкөйлүктүн жогорку үлгүсүн көрсөтөлү.

Мамлекетти бийлик органдарын жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу мыйзамдарды так сактоого, маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга, өз ара түшүнүүчүлүк мамилени түзүүгө жана журналисттерге,  ЖМК органдарына кысым көрсөтпөөгө, сөз эркиндигин сыйлоого, талаш-тартыш маселелерди мыйзам чегинде чечүүгө чакырабыз!

Сөз, басма сөз эркиндиги баарыбыздын жетишкендигибиз, аны ыйык туталы жана сактайлы. 2023-жыл сөз жана маалымат айдыңында чыр чатаксыз жыл болушун каалайбыз.

«Жалпыга маалымдоо каражаттары: кечээ, бүгүн жана эртең» конференциясынын катышуучулары.
31-январь, 2023-жыл, Бишкек шаары

0 Поделились