Президенттике талапкерлердин дебатка чыгуу графиги

БШК КТРК жана «Биринчи радиодо» боло турган дебаттардын графиги менен тааныштырды. Ага ылайык радиодо талапкерлер күндүзү оппоненттери менен кезигишет.

20-сентябрда 12.00дөн 13.00гө чейин Темир Сариев жана Өмүрбек Бабанов дебатка чыгат.

21-сентябрда 12.00дөн 13.00гө чейин Сооронбай Жээнбеков менен Камчыбек Ташиев.

22-сентябрда 12.00дөн 13.00гө чейин Бакыт Төрөбаев менен Таалатбек Масадыков кезигишет.

25-сентябрда 12.00дөн 13.00гө чейин Токтайым Үмөталиева, Арсланбек Малиев жана Улукбек Кочкоров.

Радиодогу дебаттардын экинчи туру 3-октябрда 12.00дөн 13.00гө чейин Токтайым Үмөталиева менен Өмүрбек Бабановдун дебаты менен башталат.

4-октябрда 12.00дөн 13.00гө чейин Темир Сариев менен Камчыбек Ташиев.

5-октябрда 12.00дөн 13.00гө чейин Сооронбай Жээнбеков жана Улукбек Кочкоров.

6-октябрда 12.00дөн 13.00гө чейин Таалатбек Масадыков Эрнис Зарлыков менен дебатка чыгат.

9-октябрда 12.00дөн 13.00гө чейин Арстанбек Абдылдаев менен Адахан Мадумаров.

10-октябрда 12.00дөн 13.00гө чейин Азимбек Бекназаров, Бакыт Төрөбаев жана Арсланбек Малиевдер кездешет.

КТРКдагы теледебат дагы эки тур менен өтүп, 3-октябрда 21.30дан 23.10го чейин Азимбек Бекназаров, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиевдин кездешүүсү менен старт алат.

4-октябрда 21.30дан 23.10го чейин Сооронбай Жээнбеков, Токтайым Үмөталиева, Арстанбек Абдылдаев жана Өмүрбек Бабанов теледебатка чыгышат.

5-октябрда 21.30дан 23.10го чейин Темир Сариев, Эрнис Зарлыков, Таалатбек Масадыков, Арсланбек Малиев жана Улукбек Кочкоровдор кездешишет.

Ал эми теледебаттардын экинчи туру 11-октябрда 21.30дан 23.10го чейин Токтайым Үмөталиева, Таалатбек Масадыков, Арстанбек Абдылдаев, Улукбек Кочкоров, Камчыбек Ташиев жана Өмүрбек Бабановдун кезигүүсү менен башталат.

12-октябрда 21.30дан 23.10го чейин  Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эрнис Зарлыков, Темир Сариев, Арсланбек Малиев, Бакыт Төрөбаев, Сооронбай Жээнбековдор теледебатка чыгышат.