Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн өтөт

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Геннадий Базаров менен коштошуу зыйнаты бүгүн 7-февралда өтөт. Акыркы сапарга узаттуу иш-чарасы саат 10:00дө Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында орун алат.

Кыргыз киносунун негиздөөчүлөрүнүн бири, кинорежиссёр, сценарист Геннадий Базаров 80 жаш курагында оорудан улам дүйнө салды.

0 Поделились