Ала-Тоолук мугалимдин миссиясы
Ырас, эркин ойлонгон, өзүнө-өзү кожоюн, суверендүү, активдүү инсандарды тарбиялап өстүрүү керек. Бирок маселенин олуттуу жагы да көңүлдүн чордонунда турушу абзел. Туура, жаш адам эркин ойлонушу мүмкүн, бирок эркин ойлонгон бейадеп, кишичилиги тайкы, уятсыз пенде болуп калышы ажеп эмес. Урматтуу мугалим, турмуштан көп эле көрүп жатабыз го. Билимдүүлүк, маалыматтуулук, аналитикалык акыл-эс адамды адам катары мүнөздөөдө жетишсиздик кылат экен.
…Аттестаттуу болуу, дипломдуу болуу – бул пенде автоматтык түрдө адам болуп калды деген сөз эмес.
Жандуу турмуштун жүрүшүнөн канчалаган маалыматтуу, билимдүү ууруларды, алдамчыларды, жогорку билимдүү паракорлорду, ташбоорлорду, криминалдык «авторитеттерди» көрүп, күбө болуп жатабыз. Демек аттестаттуу болуу, дип-ломдуу болуу – бул пенде автоматтык түрдө адам болуп калды деген сөз эмес. Эгерде анын билимдүүлүгү, маалыматтуулугу, профессионализми аруу адамдык касиеттер, ички руханий маданият, гуманизм, жакшынакай этика менен жуурулушпаган болсо, анда ал билимдүү социалдык макулук.
Ошон үчүн кыргыздын элдик макалы «Билимдүү болуш оңой, адам болуш кыйын», «Адептүүлүк – адамдын көркү», – деп бекеринен сүйлөп турбаса керек. Маселен, адамды эркин болсун деп атабыз. Эгерде инсан эркиндиги «өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» маанисинде болсо, анда коомдо анархия келип чыгат. Мына ошондуктан эркиндик деген жоопкерчилик, тартип, укуктук аң-сезим, мыйзам сыйлоо маданияты менен айкалышышы эң зарыл нерсе. Биз балдарды мына ушундай этикага тарбиялашка милдеттүүбүз.
Кыскасы, мектеп бүгүн жаш муундардын
–өлкөнүн келечегинин адеп-ахлагын түптөөгө, моралдык тарбияга фундаменталдык
маани бербесе болбойт. Билим берүү математикти эмес, математик – АДАМДЫ, нарктуу
математикти, билимдүү тарыхчыны гана эмес, тарыхчы – АДАМДЫ, нарктуу тарыхчыны,
билим компетенттүүлүгүн гана эмес, адептик-ыймандык ком-петенттүүлүктү калыптандырып
чыгарууга тийиш. Адам жаратуу – мектептеги билим-тарбия берүүнүн башкы мүдөөсү болуусу
кажет.
Адам жаратуу түйшүгүнүн азыгы эки чоң булактан алынат. Мугалимдин маселеге кеңири карашы лаазым. Эки булактын бири – бул дүйнөлүк маданият, илим-билим.
Азыркы заман маданияттардын, цивилизациялардын диалогунун заманы. Дегеле, түпкүлүгүндө бир калктын маданияты, экинчи бир калктын маданиятына каршы келбейт. Адамдын жаратылышы негизинен бир. Биз бардыгыбыз адам балдарыбыз. Адамзаттын маданий өнүгүшү көп түрдүү болгону менен, ал көп түрдүүлүктүн түпкү насили бир. Дүйнөнүн маданий полифониялуулугу бирдиктүү адам жаратылышынын ар түркүн кырларынын көрүнүшү. Чынында, бири-бирине карама-каршы турган Батыш жана Чыгыш деген деле жок. Болгону, Адам ата тукумдарынын маданияты плюралисттүү, дүйнөлүк бир түпкү өзөктөн чачырап чыккан түркүн бутактар бар. Демек, дүйнөдөгү маданияттардын диалогунун, алгоолошууларынын жана өз ара баюуларынын жактоочусу болуу толук логикалуу.
Билим берүү математикти эмес, математик –АДАМДЫ, нарктуу математикти, билимдүү тарыхчыны гана эмес, тарыхчы – АДАМДЫ, нарктуу тарыхчыны, билим компетенттүүлүгүн гана эмес, адептик-ыймандык компе-тенттүүлүктү калыптандырып чыгарууга тийиш.
Биз жалпы адамзаттын казынасындагы орток асыл нарктарды, алатоолук муундун этикалык-рухий жактан өркүндөшүнө, асылданышына сүрөө боло турган универсал дөөлөттөрдү өз-дөштүрүүгө, бул аркылуу өзүбүздү байытууга умтулушубуз абзел. Эгерде биз Конфуцийдин, Махатма Гандинин, Лев Толстойдун, Гетенин маданиятын өздөштүрсөк, эл аралык этикетти үйрөнсөк, мындан утушка гана ээ болобуз? Дүйнөлүк алдыңкы технологияны, инновациялык жаңылыктарды өздөштүрбөй туруп, алдыга ийгиликтүү өркүндөө мүмкүн эмес. Муну мугалим эсине түйүп, иш кылса.
Эми эң негизги булакка көңүл буралы. Бул – улуттук булак, өзүбүздүн бир боор кыртышыбыздын асыл кенчтери.
Ушул жагынан сөзгө киришерден мурда бир аз чегинүү жасайлы. Буга чейин биздин билим берүү, тарбия системабыздын глобалдашуунун шарттарында кыргыз улутунун сакталыш стратегиясынан чыккан улуттук мүдөө-миссиясы болбой келди. Биз бала бакчаларда, мектептерде, жогорку окуу жайларында жалпы эле «дүйнөнүн граждандарын», улутсуз космополит жандарды көбүрөөк тарбиялап келдик. Көп мектептер башка өлкөлөрдүн тилдеринде сүйлөгөн, улуттук иденттүүлүгү жок, өз маданий-тарыхый кыртышынан оолактаган маңкурт тукумдарды уядан учурууда. Бүгүнкү күндө айылдарда да, шаарларда да өз чүрпөсүнүн тилин орусча чыгарып, эне тилинен оолактаткан ата-энелер көбөйүүдө. Ушундай болгондо, баласы эртерээк адам болуп, ийгиликтүү инсан болот имиш. Мынакей, капитализмдин тушундагы турмуштук практиканын эне тилге карата ар-намыссыз жүзү. Байдылда Сарногоевдин төмөнкү саптары ушундай тилбезерлерге түздөн-түз багышталып турат:
Биз жалпы адамзаттын казынасындагы орток асыл нарктарды, алатоолук муундун этикалык-рухий жактан өркүндөшүнө, асылданышына сүрөө боло турган универсал дөөлөттөрдү өздөштүрүүгө, бул аркылуу өзүбүздү байытууга умтулушубуз абзел.
Уй мөөрөйт уйдун тилинде,
Кой маарайт койдун тилинде.
Уй-койдон артта калдык го,
Улуттук тилди билүүдө.
Өлкөнүн Президентинин «Улуттук нарк жөнүндөгү» Жарлыгындагы «Глобалдашуунун шарттарында улуттук өзөгүбүздү жоготуп албоо» туурасындагы жобо бекеринен эмес. Бүгүн Кыргызстан өзүнүн улуттук кыртышына дарак сындуу тамырын жайган, өз элинин баатырлары, каарман улуу инсандары менен сыймыктанган, өз калкынын маданий, рухий-адептик баалуулуктарын боюна сиңирген, эне тилдин туусун желбиретип бийик кармаган, достук идеалдарына берилген, ар-намыстуу, мекенчил, патриот жарандардын, азамат атуулдардын тарбияланып өсүп чыгышына өтө муктаж болуп турат. Бүгүнкү күндө билим-тарбия системасында, үй-бүлөдө өсүп жаткан муундун ушундай улуттук моделине ориентация жасоо аба менен суудай зарыл. Улуттук иденттүүлүктү калыптандыруу философиясысыз Кыргызстан глобалдашуу процессинде өзүнүн улуттук жүзүн жоготуп, дүйнөлүк геосаясий «киттердин» алкымына балыктай жутулуп кетиши ажеп эмес.
Кыргыз элинин улуттук жаңылануусунун кайра жаралуусунун анын өз алдынча парасаттуу улут катары келечегинин башаты мектепте. Демек, улуттун болочогу – урматтуу мугалим, сиздин колуңузда.
Кыргыз Ата, Манас Ата баштап калтырган улуттук рух казынабызда эмне улук, эмне ыйык? Биринчи иретте, Ата журт ыйык, аскасы бийик
Ала-Тоо мекен ыйык. Ата журттун, ак калпак калктын азаттыгы, эркиндиги, эгемендүүлүгү ыйык. Өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы деген кыргыз элинин биримдиги, баш кошкондугу, ынтымагы ыйык. Ата журттун алдындагы атуулдук парз ыйык. Калк үчүн каруусун казык, башын токмок кылган атуулдук ак мээнет ыйык. Элим-жерим деп күн тынымын билбеген, түн уйкусун көрбөгөн, саргара жорткон, кызара бөрткөн эмгек ыйык. Апа ыйык, ата ыйык. Айлана-тегерекке, алыс-жакынга агынан жарылып ачылган достук ыйык. Жаратылыш менен жуурулушкан биримдик ыйык. Жандүйнөнүн айкөлдүгү, адамдык асылзат нарк-насил ыйык. Ата-бабалардан келе жаткан салт ыйык. Эне тил ыйык, үч кылдуу комуз ыйык. Улуттук ар-намыс, мекенчилдик, патриоттуулук ыйык, ж.б.
Кыскасын айтканда, өйдөтө саналган идеялык-рухий ыйык дөөлөттөр – кыргыз элинин «жүрөгү». Улутубуздун көөдөнүндө ушул «жүрөк» дүкүлдөп согуп турганы үчүн ак калпак калкыбыз тарыхтын бороон-бурганактарында буюгуп жоголуп кетпей, бүгүнкү күнгө жеткен жана мындан ары да журтубуз тарыхтын бороондоруна, кыйын-кезең сыноолоруна ушул «жүрөк» менен туруштук бермек жана жеңмек.
Ушул улуттук «жүрөктүн» нур-жарыгынын убайын өлкөбүздүн ичиндеги боор-дош калктар да көрмөк. Элибиздин социалдык-маданий генетикасындагы ушул ыйык нарктар, асыл рух дөөлөттөр – улут жүрөгү бүгүнкү мектепте дүкүлдөп согуп турушу зарыл. Кыргыз мектеби, мугалим жаш муундарды мына ушул элдик жүрөк менен жашай билүүгө үйрөтө алса, ар бир жаш адамдын руху ушул улуттук дөөлөттөрдүн кыртышынан терең тамырлап өсүп чыкса, анда калкыбыз ар кандай чоочун маданий экспансиянын, сырткы терс таасирлердин бийлигине алдырбай, дүйнөлүк миграция-
нын жана интеграциянын ассимиляциялап жиберүүчү өкүм күчүнө туруштук берип, улут катары өз бетинчелигин сактап, жалпы адамзаттын көчүнө татыктуу кошула алмак. Кыргыз элинин улуттук жаңылануусунун кайра жаралуусунун анын өз алдынча парасаттуу улут катары келечегинин башаты мектепте. Демек, улуттун болочогу – урматтуу мугалим, сиздин колуңузда.
Илгери Польшанын королу поляк жерине саякаттап келген философ Жан-Жак Руссодон «…баарын кыдырып көрдүңүз, мага кандай кеңеш бересиз» деген экен. Анда Руссо «Польшанын мектептеринде көбүнчө немис, англичанин, француз сыяктуу чет өлкөлүктөр сабак берет экен. Бирок польшалык патриотизмге поляк балдарды поляктын өзү гана тарбиялай алат» – деген экен. Мунун сыңарындай, бүгүнкү мугалим мектептин кайсы гана тибинде иштебесин, өзүн биринчи иретте, Кыргыз Республикасынын патриот педагогу катары сезип, профессионалдык жактан кайра курулуп, жалындаган мекенчил жаштарды тарбиялоо миссиясын аркалоого белсениши зарыл.
Ал эми Ата журттун атуулунун адеп-ахлагынын, билиминин өзөк-тамыры түптөлүп жаткан ыйык жайга – мектепке, ал ыйык жайдын каарманы – мугалимге ар тараптан тиешелүү шарттарды түзүүгө бардык күч-аракетин жумшоо өз кезегинде коомдун, мамлекеттин негизги милдети болуп саналат.
Советбек БАЙГАЗИЕВ, Кыргыз эл жазуучусу