Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

 Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


(Башталышын бул жерден окуңуз)

Алдындагы шам күйүп бүтүп, өчкөндөн кийин да Алымкан ушул калыбынан жазбай, көпкө отурду да, бир убакта эсине келип кеткендей “селт” этип, эки жагын каранып алып, желкесине шыпырылып түшүп кеткен жоолугун оңдоп:

– Мени кечир, Кызмончок? – деди жанында тизесин кучактап, тунжурап отурган

келиндин чачынан сылап.

– Сен дагы, Жан… кечир? Кызмончок да, Жан да унчуккан жок.

Алымкан так ушул кырдаалдын, так ушул учурдун, жымжырттыктын, так ушул учугу көрүнбөй жаткан сырдын ханышасы – так ушул Алымкан сыңары, экөө тең ал жараткан кырдаалга баш ийип турушту. Антпеске аргалары да жок эле… Болгону эле, Алымкан бу жолу да кайпактап, кайдагы бир шылтоону айтып, тайсалдап кетпесе болду…

Асан менен Тынар бири-бирин карашты. Башкалар сезгенди сезбей, билбей, бул мамиленин, бул абалдын өздөрүнө тиешеси жоктой коомайлана калышты. Бирок ушул карашта Асан жинди Тынардын көздөрүнөн өтө маанилүү бир нерсени көргүсү келгендей, жок издегендей бүшүркөй да, суроолуу да тиктеди. Эмнегедир муну Тынар да туйду. Ал да адатынча: “Эмне экен? Тапсаң таап ал, кыйын болсоң көрүп ал!” – дегенсип, көздөрүн тартып алып жалтактабай карады.

“Көздөрүнүн курчун кара?! – Асандын оюна ушул келди. – Балким бул жөн эле жинди болумуш болуп жүргөн эмес беле? Болбосо, карабайсыңбы…”

Жандын куйругу “тып!” этип жер сабап алды. Сыягы, туш-туштан жалаң Кызмончок тууралуу башты айланткан ойлордон, суроолордон акыл-туюму чаташып, кайсы бирин тыңдарын билбей калгандай…

Ал үчүн убакыт аябагандай эле узарып кеткендей болду. Бара-бара чыдамы түгөнүп, Алымкандын камырабас, жайма-жай отурушун жактырбай, тынчсыздана баштады. Бирок билди… Кеп эмнеден башталып, окуя кайсыл жерден уланарын да билди. Жомок…

Бул баягы – Бүбү эненин өлөр алдында үстү жалаң чырпык менен жабылган секиченин астында жатып, үнү “дир-дир” этип, кургап кеткен эриндерин тили менен нымдаган болуп, кээде тынчый калып, кээде “уктап кетпейин” дегендей бир акырын “селт” этип алып, Асылбекке айтып берген жомогу…

Бир Асылбек, андан кийин Сырга билип, эмнегедир экөө тең өздөрү менен кошо дүйнөгө алып кеткен, Кызмончок экөө туралуу бул сырды Жан аягына чейин укпай калганына өкүнүп, өксүк кылып жүрбөдү беле…

– Эми айтайын… – деген жана бу жердегилердин баарынын башы бириккен кезде Алымкан Кызмончоктон кечирим сурагандай, аны аягандай жалооруй тиктеп. – Кагылып кетейиним, катуу кыйналдың… Айрыкча ушул күндөру сен көрбөгөн азап калбады. ..

Эмшеңдеп, ыйлап да алган:

– Мени кечир, кагылайыным… Баарына өзүм күнөөлүү болгонсуйм. Асылбек менен Сырга тирүү болгондо сен бул шорго малынбайт элең. Алар да өлбөйт эле, мен…

Андан аркысын айтпай, Кызмончокту жалдырап тиктеди.

– Баары жакшы, жеңе, өттү-кетти… Эми мындан аркысы жакшы болсун. Мына минтип, буюрса, алардын ордуна чоң эне да болгону жатасыз…

Муну менен Кызмончок жеңесин бир чын ниети менен айтса, бир чети аны чыйралткысы, дагы тийип-качып кайпактабай, уккан-билгенин шыр айтып жиберсе экен деген кыязда айтты.

Ошол кызыкесин жалдырап тиктеген көздөрдүн артынан Кызмончок да, Жан да эчаккы өткөн бир күндү, элестерди көрүштү…

Кызмончок мунун баарын кайрадан жоготуп алгысы келбей, демин ичине катты…

Бирок Жан бир катуу серпиле түштү: “Токточу?! Бүбү эне Асылбекке: “Эч кимге айтпа, ал түгүл катының да билбесин!” – деп катуу убадасын алып туруп айтпады беле?! Анда бул Алымкан жеңе кайдан билет?”

Ошол түнкү көрүнүш кайрадан көз алдына тартылды.

Ошол окуядан Алымканды издегендей чып-чыргасын коротпой так, кылдат эстеди…

Мына, Бүбү эне эшиктин алдындагы, таканчтары ийри-муйру устундан жасалып, үстү дагы чырпык менен жабылган, жанынан шылдырап билектей суу агып турчу секичеде жатат…

Ай сүттөй жарык болгондуктан, так үстүнөн – секиченин төбөсүнө жабылган чырпыктардын арасынан карап жаткан Жанга эненин жүзү дапдаана көрүнүп турган. Чүңүрөйүп, майы өчүп жылтыраган көздөрүн араң ачып, кансөлү качып кубарган, эки жаагы ичине шимирилген эне ошондо Асылбекти атайын чакыртып алып, кагаздай жупжука эриндерин алсыз кыбыратып, каргылданган үнү менен «жомок» айтып жатат…

Кызмончоктон далай жолу жомок уккан Жан муну да ошентип – “жомок” деп түшүнгөн.

Айтор, ошол түнү жомок угуш үчүн Асылбек үйдөн жашырынып чыккан да, ууруга бараткандай эки жагына элеңдеп карап алып, көчө өйдө салган.

Ал артынан кошо Жанды байкаган эмес.

– Балам, бери жакынырак отур… – деген Бүбү эне Асылбекти жанына чакырып. Асылбек жакындап жылып отурган.

– Мен бул таңдан чыкпай калдым го, – деген эне каргылданган добушу менен. Бирок жүз жыл жашаган эненин добушунан эч  кандай өксүүнүн, өкүнүүнүн белгиси сезилген эмес. Ошондуктанбы, Жан алардын «жомогуна» көп деле маани бербей, бирин укса, бирин укпай, көшүлүп жата берген.

– Мен сени чакырган себебим, мен билгенди жер үстүндө бир киши билип калсын дедим… Бирок бу сырды башка эч кимге айтпашың керек.

Бүбү эне Асылбекти суроолуу караган.

– Өзүм менен кошо ала жатам, эне, – деп ийген Асылбек.

– Катының да укпасын.

– Укпайт, эне.

– Ошент, – эне көктү тиктеп, түздөнүп жаткан. – Антпесең, арты жакшы болбой калат.

Асылбек денеси дүркүрөп кеткенине карабай, башын ийкеген:

– Макул…

Ошондон кийин гана Бүбү эне ыраазы болгондой башын ийкеп, көп өтпөй эле «жомок» уланган.

– Илгери-илгери тээ Жинди-Чап түшкөн жер көк тулаңы жайкалган жашыл төр болгон дешет… Береги жылаңач асканын боорунан дирилдеп булак агып, ал булактан кыз-келиндер суу алып, сапырылган шаркыратмага денелерин жуучу тура… – деп Бүбү эне кудум көрүп жаткандай, кудум ошол асканын түбүндө, булактын жанында жаткансып сүйлөгөн…

(Уландысы бар)