“Тумар ханышасы” баш байгени утуп алды!

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


 Бишкекте өткөн VI эл аралык “АртОрдо” театралдык фестивалына быйыл Кыргызстандан жана Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнөн он үч спектакль катышты.

16-сентябрда фестиваль жыйынтыкталып, баш байгени белгилүү акын, драматург Бактыгүл Чотурованын чыгармасынын негизинде режиссер Марат Козукеев койгон, башкы каармандардын ролун Тынара Абдразаева, Темирлан Сманбеков, Азиз Мурадиллаев баш болгон бир топ чыгаан актерлор ойногон “Тумар ханыша” спектакли утуп алды.

Белгилей кетсек, бул маданий иш-чара эки жыл сайын өткөрүлүп келет. 2015-жылы «Арт-Ордодо» эң мыкты спектакль деп Мухтар Ауэзов атындагы казак академиялык драма театрынын “Каш-кагым” пьесасы табылган.

Ал эми “Тумар ханыша” спектаклинин өзөгү тууралуу кеп кылсак, байыркы көчмөн элдин сак уруусунан чыккан баатыр кызы Тумар ханыша (Томирис) тууралуу грек тарыхчыларынын жазып калтырган эмгектеринин негизинде ар кандай жанрда көркөм чыгармалар жаралган.

Тумар Перс падышасы Дарийге теңтайлашып, дүйнөнүн жарымын басып алган Персиянын падышасы Кирди жеңген аялдан чыккан баатыр падыша болгон. Сактарды басып кирген Кир падышанын 200 миң аскерин Тумар ханыша 80 миң кол менен талкалап, Кирдин башын алгандыгы таң калыштуу тарыхый окуя катары кылымдардан кылымдарга даңаза болуп жашап келет. Драмада баатырдык, эрдик менен бирге эле адамзаттын жаралуусундагы табигый жеке турмуштук асыл сезим баяндалып, Тумар ханышанын махабат баянына трагедиясы чырмалышып, көркөм чагылдырылган. Тарыхый маалыматтарда окуя мындан 3000 жыл мурдагы доордо болгону болжолдонот.

“Кыргыз Туусунун” ардагер журналисти, сыйлык ээси – Бактыгүл Чотурованы жана жалпы чыгармачыл топту, койгон режиссерду гезиттин жамааты куттуктап, мындан аркы иштерине да ийгиликтерди каалайт.