«Сүйүүнүн аруу экенин ата-энемдин ортосундагы сүйүүдөн көргөм”

 Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


«Поэзия, сени сүйөм» аттуу ыр жыйнактын автору, кыргыз театрларынын флагманы болгон Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын Адабий бөлүмүнүн башчысы, өзүн журналистикада сынап, маданий жаңылыктарды гезит беттерине чагылдырып жүргөн Нуркыз Рыскул кызы бүгүн биздин төрүбүздө.

 – Нуркыз, акынга эргүү келген учур бир керемет учур эмеспи. Сендеги ошол ирмемдерди айтып берчи?

– Ал учурду сөз менен айтып жеткире албайм. Ыр мага күтүүсүз, капыл-тапыл келгендиктен ошол учурду кармап калуу мен үчүн чоң жетишкендик. Кээде коомдук транспортто бара жатканда сонун ырлар көмөкөйдөн куюлуп, ысып, тердеп бара жаткан тар автобустун ичи да бейиштей кенен сезилип, ойлор бийикке учуп кетет. Ырды сактап калуу үчүн дароо чөнтөк телефонумдун жардамына муктаж болом. Кээде түндүн бир оокумунда кимдир бирөө ойготкондой уйкум умачтай ачылып, жылдыз толгон асманды, толукшуган айды карагым келет. Мындай учурда көбүнчө сезим ырлары жаралат. Колума жаңыдан калем алган кезде ыр жазат десе эле отуруп алып ойлонуп, кандай ыр жазсам экен деп толгоно берчүмүн. Өзүмдү кыйначумун. Азыр андай жок. Ыр өзү келмейинче таптакыр жаза албайм. Ошондуктан буйрутма менен да ыр жаза албайм.

– Бул обончулар менен иштешпейм дегениң го?

Айтурган САТИЕВА, диктор: «Кыргыздар мурда: «Диним ислам, улутум кыргыз – деп эле жашап келген»

– Иштешип калам. Бирок мага буйрутма менен жазылган тексттерим, ырларым өгөй баладай сезилип, жээрип эле туруп алдым. Менин атымды алып жүргөн ырлар жасап эмес, жашап жазылса деген тилегим бар. Ошондуктан буйрутма менен ыр жазуудан бир аз тайсалдап, көп учурда баш тартууга туура келет. Супсак жазылган ырлар менин атымды алып жүрүүсун каалабайм. Ал эми мурда жазылган ырларыма обон жаратам деген обончулар болсо ар дайым кызматташууга даярмын. Мен миң толгонуп жазган ырларыма обончулар жакшы ыр жаратса керек.

– Кайсы ырларыңа обон жазылып, эл арасында ырдалып жүрөт?

– Учурда эл билген, обондуу ырларымдын бири “Ак жоолук” болууда. Обону төкмө акын, обончу Баян Акматов агама таандык. Баян байкенин сунушу менен ырды Элзар Өскөнбаева аттуу дастанчы, булбул үндүү эжекем аткарды. Ыр абдан жакшы чыкты. Клиби да тартылып, учурда эл сүйгөн ырга айланды. Мындан сырткары обончу, ырчы Бакыт Мамаев да бир топ ырларыма обон жазып, аларды жаңыдан чыгып келе жаткан, Бакыт ага өзү тарбиялап жаткан жаш ырчылар ырдап жүрүшөт. “Бир гана апам мени чанып кетпейт” аттуу ырыма Абай Калыев аттуу жаш обончу, ырчы обон жаратыптыр. Обону мага жакты. Дал ушул ырыма обончу Түмөнбай Колдошев агамдын да көзү түшүптүр. “Обон жаратайын дедим эле, Абай обон жаратыптыр, мен оюндан чыктым, жаштарга жол бошоттум”, – деп айтты.

Бул пикири мени абдан кубандырды. Демек заманыбыздын күчтүү, эл сүйгөн обончуларынын көзү түшүп жатса, ырларымда анчамынча дем берүүчү “жылт” эткен саптар бар окшойт…

– Жооптуу кызматты да аркалап, журналистикада да өзүңдү сынап, буга кошумча сулуулук жаратуучуларынын да катарын толуктап жатасың. Убакытты бөлүштүрүүдө кыйналган жоксуңбу?

– Бир аз кыйналып калган учурлар болот. Бир кезде менин жан дүйнөмө төп келбеген, бирок финансы жактан көбүрөөк пайда келтирген иштерди да кылып көргөм. Бирок менин табиятымдан көкүрөгүмө, жан дүйнөмө төп келбеген ишти кылбасам чүнчүп кете турган адамдардын катарын толуктайт экенмин. Ошондуктан азыркы кылып жаткан ар бир ишим менин жан дүйнөмө ырахат тартуулайт. Ошондуктан бардык иштериме жеңил-желпи жетишип жатам.

– Өзүңө канааттанасыңбы?

– Адам өзүнө – өлөөр-өлгөнчө канааттанбаса керек. Качан өзүңө өзүң канааттанган учурда адамда өсүү токтосо керек. “Кылым жаша – кылым оку” дегендей, көзүң өткүчө өзүңдү өзүң өнүктүрүүгө аракет кылышың керек.

– Алгачкы ыр жыйнагың 2011-жылы жарык көрдү эле. Андан бери экинчи жыйнак чыгарганга даяр болуп калсаң керек?

Бакыт СЕЙТАЛИЕВ, ырчы: “Билбейм кимди, бирок каттуу сагындым”

–Ооба. Алгачкы ыр жыйнагым ыраматылык атамдын колдоосу, көмөгү менен чыккан. Анда болгону 2-курстун студенти элем. Атам ырларыңды чыгарам деп бардыгына өзү чуркаган. А мен даяр оокатка келип жыргаптырмын. Бирок кийин ошол китебимдеги ырлардын көбүнөн уялып калдым. Ырды да бат-баттан жазбай, качан эргүү келгенде гана жазып калдым. Атам канча жолу “Экинчи китебиңди чыгарам. Даярдан, учуру келди”, – деп айтты. “Али быша элекмин ата, мен бышып, ырларымдан уялбагыдай болоюн анан чыгарам”, – деп өзүмө өзүм канааттанбай жүрүп атакемден айрылып калдым. Азыр жыйнак чыгарууга моралдык жактан колдоочу атакем жок абдан өксүп, бир чыгаргым келип, бир токтоп турган учурум. Канчалык агам, апам, сиңдилерим колдоо көрсөтпөсүн атамдын орду бөлөк…Бирок күчтү жыйнап, кайраттанып, атамдын ушунча жылдык үмүтүн акташым керек.

– Атаңа өтө жакын чоңойсоң керек. Көп эскересиң…

– Ооба, атамдын кызы элем. Адатта кыз бала энесине жакын болот го. Мен, тескерисинче, атама өтө жакын болчумун. Атам бутум басканы кайда барса ээрчитип, бүтүндөй дүйнөнү, ааламды акылы менен да, аракети менен таанытып, болгон аракетин бизге жумшаган үй-бүлө үчүн күйгөн адам эле. Анын үстүнө ыр жазууга болгон шык, талант атамдан калган.

Ошол шыкты өркүндөтүү үчүн борборго жетелеп келип, сизге тааныштырды эле. Атам кезинде Москвага, Японияга чейин барып ырдаган, дастанчы, манасчы, төкмө акын, ырчы эле. Таланты тар чөйрөдө гана таанылып калганына ичим ачышат. Турмуш-шартка байланыштуу айылга көчүп кетип, бүтүндөй Кыргызстанга таанылчу атам райондун деңгээлинде гана таанымал болуп калды. “Мен жетпеген максаттарга сен жет. Менин тумарымсың”, – деп менден көп үмүт кылчу. Атам баарыбызга өзгөчө көңүл бургандыктан, баарыбыз чыгармачылыкка ыктаган инсан болдук. Агам обончу, үнү мыкты адам.

Эки сиңдим профессионал пианисткалар. Апам да чыгармачыл үй-бүлөнүн кызы. Атам менен апамды дал ушул чыгармачылык тааныштырыптыр. Сүйүүнүн аруу экенин ата-энемдин ортосундагы сүйүүдөн улам билем. Себеби атамдын апама жазган каттары азыркыга чейин сакталуу. Апам көңүлү келгенде сандыгынан алып чыгып окуп берет. Окуган сайын ыйлайм. Чыныгы арзуу, аруулук, тарбия-таалим, сылыксыпаа мамиле бардыгы экөөнүн каттарында камтылган.

 

One thought on “«Сүйүүнүн аруу экенин ата-энемдин ортосундагы сүйүүдөн көргөм”

Комментарии закрыты.