“Дарак ырында” Өмүрбекти шапалак менен чындап ургам”

Ж.Касеинов үй бүлөсү менен

Учурда Казакстан, Кыргызстан кинотеатрларында кыргыз киночуларынын алгачкы криминалдык драма жанрындагы «Разбой» тасмасы көрсөтүлүп, кыргыз, казак көрөрмандарынын бүйүрүн кызытып жатат. Буга чейин бир топ чоң-чоң спектаклдерде ойноп, “Дарак ыры” (Өгүз), “Аврора” (Сутенёр), “Такебай”, “Кошуналар” тасмаларында, “Ак шоола” (Самаган), “Адилет”(Жолон) сериалдарында терс ролдорду ийине жеткире аткарып элге таанылган Жылдызбек КАСЕЙИНОВ “Разбой” тасмасында да Нурландын ролун жогорку деңгээлде аткарып, жылдызы жанды. Актёрдук баралына келип, Ч.Айтматовдун эпикалык каармандарын бүт ойносом деген аруу максаты бар талантыбызды кепке тарттык.

Жылдызбек мырза, эмнеге башка кесипти эмес так ушул актёрлук кесипти тандап алдыңыз?

– Кичинемден эле негедир киноактёр болгум келип, ар кандай кароо сынактарга катышып жүрдүм. Бирок, айылга театр барбагандыктан театр тууралуу анчейин түшүнүгүм жок болчу. 9-классты бүткөндө атам мени Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна алып келди. Окуу жай 9-класстын базасы менен албагандыктан атам мени шаардагы кесиптик лицейлердин бирине тапшыртып, ошол жакта окуп калдым. Курсташтар менен театрларга барып жүрүп театрга болгон кызыгуум, сүйүүм ойгонду. Эки жылдан кийин кайра институтка барып “Актёр, театр жана кино” факультетине тапшырып окуп калдым. 

– Чыныгы турмушта сизди кинодогу терс каармандай кабыл алып, жаман көргөн учурлар болду беле?

– Андай учурлар көп эле болду. “Ак шоола” телесериалында Самаган деген аракечтин ролун ойногом. Ошол сериал көрсөтүлүп жаткан учурда Аксыда бир тойго тамада болгонго барып калдым. Той башталардын астында тойго келген эжелер бирөөлөрдөн “Тамадасы ким экен?” – деп сурап калышты. Алар мени көрсөтүшсө эжелер: – “Тамада жок калгансып ушул алкаш алып барат бекен?” – дешкени эсимде.

“Дарак ыры” тарыхый мюзикл жанрындагы тасмада Өгүздүн ролун аткаргандан кийин эл мени мурдагыдан бешбетер жаман көргөндөй кабыл ала башташты. Ошондон кийин тойдо тамадалык кылганды биротоло жыйынтыктадым. Ролума карап жек көрүшсө тасмаларда жакшы ойногон окшойм деп калам.

– “Дарак ыры” демекчи, ушул тасмада Өгүз Асанды шапалак менен чапканда анын кийиминен чаң чыгып, ал кайкалай түшөт. Ошондо чындап эле ургансызбы?

Катуу тийип жатканын түшүнсөм да эмоция менен дублду аягына чыгардым. Дубль бүткөндө карасак уйдун терисинен өрүлгөн оор шапалак Өмүрбектин артын айрып кетиптир.

– Өмүрбек Израилов (Дарак ырындагы Асан) ал кадр тартылып баштаганда кийимдин ичинен коргоочу темир жилет кийген. Шапалак менен чапканда тоңкулдап үн чыгып, эки ийинден жилеттин темирлери чыгып калгандыктан режиссёр аны чечтиртип салыптыр. Аны мен билбейм. Кийинки дублда Өмүрбекти шапалак менен уруп баштаганда ал кайкалай түшүп көзү менен акырыныраак чап дегендей кылды. Катуу тийип жатканын түшүнсөм да эмоция менен дублду аягына чыгардым. Дубль бүткөндө карасак уйдун терисинен өрүлгөн оор шапалак Өмүрбектин артын айрып кетиптир. Ошол дубль жакшы чыккандыктан тасмада калтырылган. 

– Учурда сиз негизги ролдордун биринде ойногон “Разбой” тасмасы Казакстанда, Кыргызстанда көрөрмандардын бүйүрүн кызытып жатат. Бул тасмага кандайча тартылып калдыңыз?

– Былтыр сентябрь, октябрь айларында бул тасмадагы негизги ролдорго актёрлор арасында кастинг болуп аны мен укпай калыпмын. Башкы ролго Атайды тандашып, калган ролдорго башка актёрлорду бекитип келишип Нурландын ролуна мага айтпай эле мени тандашкан экен. Кино тартыларга он күн калганда Максат Жумаев мени чакырды. Сценарийди окуп жактырдым. Анын үстүнө Кыргызстанда криминалдык драма биринчи тартылып жаткандыктан бул жагынан да өзүмдү сынап көрөйүн деп тартылууга макул болдум.  

– Сыр болбосо учурда кыргыз актёрлорунун тасмага тартылуу гонорары, театрдагы маяналары канча болуп жатат?

– “Кыргыз фильм” тарткан кинолордо мурда бир күндүк тартылууга 1000 сом болчу. Былтыр инфляцияга байланыштуу ал 2000 сомго көтөрүлгөн. Ал эми кассалык фильмдерди тарткан жеке менчик студиялардыкы бюджетине жараша ар кандай болот. Учурда Кыргызстандагы актёрлордун бир күндүк тартылуу акысы 5 миң сомдон 15 миң сомго чейин. Бирок, ал дайыма эле боло бербейт.

Театр кызматкерлери бир кездерде 3-4 миң сом менен иштесек акыркы үч жылда маянабыз көтөрүлүп калды. Азыр жаңы ишке кирген актёр 15 миң сомдун тегерегинде маяна алат.  

– Ролдорду аткарып жатканда же кино тартуудагы кызыктуу учурлардан айтып бербейсизби?

– “Дарак ырындагы” финалдык эпизоддо баш каарман экөөбүз күрөшүп жатып жардын кырына илинип калып, кулап кеткен жерим бар. Ал жерин каскадёр ойномок. Каскадёрдун чачы узун болуп, меники кыска болгондуктан режиссёр каскадёрго чачыңды алдыр десе ал болбой койду. Анан режиссёр “Жардан өзүң түшүп көрөсүңбү?”, – деп калды. Мен тарткынчыктап турсам Рахат Бердикеев деген каскадёр “Коркпой эле түшө бер, сени кармап турган парашюттун жиби оңой менен үзүлбөйт”, – деди. Ойлонуп көрүп макул болдум. Анан жардан ылдый салаңдаганда кырк метрдей бийик жар мага 80 метрдей эле сезилип, кадимкидей корктум. Ал эпизод тартылып бүткөндөн кийин түшүмө ошол жип үзүлүп кеткен, мени кармай албай калган түштөр кирип үч-төрт күн кыйналып жүрдүм.

– Келинчегиңиз журналист экенин билебиз. Ал сиздин аткарган ролдоруңузга биринчи сынчы болсо керек…

– Жубайым азыр балдарды тарбиялап ошол эле кезде бир-эки сайт менен иштешип жатат. Ал менин бардык ойногон ролдорумду жактырат. Менин мугалимим Акылбек Абдыкалыков: – “Өзүңө өзүң тойгон жерде чыгармачылыгың бүтөт”, – деп үйрөткөн. Ошондонбу, айтор, азыркыга чейин аткарган ролдорума өзүм анчейин канааттана элекмин. Анын үстүнө айрым ролдорду аткарып жатканда кээ бир эпизоддорду ийине жеткире ойной албаганымды сезип калам. Кийин ал эпизоддор өзүмө негедир копол көрүнө берет.  

– Бизде акыркы жылдары жеңил-желпи кинолор тартылып олуттуу көркөм тасмалар жаралбай жатышынын себеби эмнеде?

– Мамлекеттик идеологиянын негизги өзөгү кино менен театр болгондуктан театрда жылыга экиден, үчтөн эпикалык чыгармалар коюлат. Мисалы, былтыр “Манастын уулу Семетей”, “Карагул ботом” сыяктуу чоң-чоң тарыхый чыгармалар сахналаштырылды. Кино жаатына да ушундай көңүл бурулуп Ч.Айтматовдун, 60-70-жылдардагы жазуучуларыбыздын киного ылайыктуу жакшы чыгармаларын бүгүнкү көз караш менен кайрадан жаңыртып тартсак, тасмага түшүрсөк сонун болмок. Мындай тасмалардын тартылбай жатышы кайра эле каражат маселесине барып
такалат.

– Актёр катары кайсыл өлк-лөрдүн кинотармагын баалайсыз жана кайсыл өлкөдөн сунуш түшсө сүйүнүү менен барып тартылмаксыз?

– Кореяда Кин Кидук деген мыкты режиссёр бар эле. Мурдагы жылы каза болуп калды. Ошонун актёрлор менен иштегени, киного болгон көз карашы башка режиссёрлордукуна салыштырмалуу өзгөчө болчу. Ошол себептен мен дайыма студенттерге анын тасмаларын көрүүнү сунуштайм. Айрым студенттер: – “Агай анын кинолорун көрүп үч-төрт күн жаман болуп жүрдүм”, – деп келишкенде, “Демек анда ошол тасма чыныгы кино”, – деп айтам. Себеби кино, спектакль бир көрүп эле кайра унутулуп кала турган нерсе болбош керек. Ошол Ким Кидук Кыргызстанга келип бир фильмдин айрым эпизоддорун тартып, биздин актёрлор да ойношкон экен. Аны менен иштешпей калганыма азыр абдан өкүнөм.

– Чыгармачыл адамдар кыялкеч болушат эмеспи. Капысынан миллиардер болуп калсаңыз эмне кылат элеңиз?

– Эгер миллиардер болуп калсам кыргыз маданияты үчүн дароо эле борборго бир чоң телестудия менен чоң театр ачмакмын.

– Актёр, актрисаларга айрым учурларда күйөрмандар, мамлекет тарабынан туура эмес мамиле болуп калат. Ошондой учурда өкүнгөн учурлар болобу?

– Болот, болбойт деп айта албайм. Бирок, аксакал устаттарыбыз театрдын тузу оор деп көп айтышат. Алар 90-жылдары бир жылдап маяна албаса да театрдан кете албай коюшкан экен. Албетте, арасынан чет өлкөлөргө кеткендер да болуптур. Бирок, көбү театрды таштай алышпаптыр. Муну укканда кыйналдым деп айтыштан да уяласың. Анан ана жакшы болот, мына жакшы болот деп илгери үмүт менен да жүрө берет экенсиң. Ошентсе да Кудайга шүгүр, эки жылдан бери театр-дан көрүүчүлөр үзүлбөй, айрым учурларда билет таппай калгандар болуп жатат. Бул бизге кадимкидей канат байлап, жаштарда театрда иштеп үй алсак деле болот экен деген үмүт пайда болду. Болгону биздин алдыбыздагы кыргыз театрына, маданиятына эмгек сиңирген агай, эжейлерибиздин эмгеги учурунда бааланса жакшы болмок. Мисалы, Камчы Сарыбаев, Асхат Сулайманов, Жеңиш Кангелдиев,  Жеңиш Сманов сыяктуу агаларыбыз эмдигиче наам алыша элек. Менимче, “КРнын маданиятына эмгек сиңирген артист” наамы актёр, актрисаларга 35 жаштын тегерегинде эле берилсе аларга бул дем болуп, мурдагыдан да мыкты иштешмек. Назым Меңдебаиров, Азиз Мурадиллаев агайларга бул наам кечигип берилди. Аларга бул убакта Кыргыз эл артисти наамы берилип калса туура болмок.      

– Он жылдан ашык театрда жүрүп кайсыл атактуу актёр, актрисалар менен иштешип калдыңыз?

– Мен театрга келгенде Сатыбалды Далбаев агай 84кө чыкса да иштеп жүрүптүр. Ал киши менен иштештим. Мыкты актёрлорубуз Муканбет Токтобаев, Дүйшөн Байдөбөтов агайлар жакшы спектаклдерди коюп, тажрыйбалуу режиссёр болуп калганда өтүп кеткен Марат Козукеев агай менен иштешип калганыма сыймыктанам. Учурда биздин көркөм жетекчибиз Назым Меңдебаиров, кесипкөй режиссёрлор Шамил Дыйканбаев, Нурлан Абдыкадыров сыяктуу инсандар менен замандаш болуп калганыма кубанам.

Мелис Совет уулу «Кыргыз Туусу»

0 Поделились