“Миң мерте ыраазымын мен Кудайга Көл жээгинде отурсам манас айтып”
Манасчы Үмөт Дөөлөтов:
Чындап Манас даарыган, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш манасчыларыбыздын бири Үмөт Дөөлөтов (Болот уулу). Сүйлөшө келсең сөзгө сараң, бирок манас айта келгенде агылып-төгүлүп, өзүнө батпай кеткен жаш манасчыбызга айрым суроолор менен кайрылдык.
– “Манас” ар кимге эле эшигин ача бербейт. Ал эми манасчылык түмөндөн бирөөнө берилчү сырдуу аян, касиет. Манасчы болуп калышыңа ушундай бир себептер таасир бергендир…
– Ооба, анча-мынчалары эсимде, үч жарым жашта экенмин. Түшүмдө Чолпон Ата шаарындагы музейге барыптырбыз атам экөөбүз. Ал жерге мурун көп эле баргам, ичинде Саякбай атамдын тебетейи бар. Бир жолу ошол тебетейди музейден башыма кийип сүрөткө да түшкөм. Анан түшүмдө Саякбай атам ошол тебетейди кийгизип, “Кана, Үмөт, манас айтчы”, – деди. Эмне айтаарымды билбейм, айтайын десем окшошпойт. Ошентип атып ойгонуп кеттим. Эртеси күнү ырдагым эле келип калыптыр. Дагы ушундай бирдемелер көп эле болду.
– Учурда кыргыз элине жакшы таанылып калдың. Манасты да арбытып айтып калгандырсың?
– Бул өнөр такай жандап жүрөт экен, канчалык манас айтсам да, дагы айтсам деп дегдеп турам. Айта бергим эле келет…
– Шүгүрчүлүк, азыр манасчыларыбыздын саны арбын. Бирок, айрымдарыныкы кайталоосу көп, сөздөрү супсак. Ошону менен ар ким өз манасын айтып кетсе, Сагымбай, Саякбай бизге жеткирген салттуу манас айтылбай калабы? Буга кандай карайсың?
– Саякбай атабыз «Тайторуну» эки вариант менен айтчу экен. Бири кыс-ка, бири узун. Аны кайталадың деп эч ким айтпаптыр. Сөздөрү кээ бир жерден кайталанат, бирок рамкадан же айтылып аткан окуядан сыртка чыкпайт. Баарыбыз эле Саякбай, Сагымбай атанын айтканынан кошобуз. Ошонусу менен көркөмдүү, көлөмдүү болуп кете берет.
– Алар (Сагымбай, Саякбай) өздөрү да чоң акын, төкмө болушкан. Сагымбай аш-тойлордо жар чакырган. Айтышка түшкөн. Ал эми Саякбай “Эр Төштүк” эпосунун жаратуучусу, төгүлгөн төкмө. Буларды айтып жатканыбыз, ыр жазып же жамактап ырдаган учурларың
барбы?
– Эми чынында жамактайм. Атам ыр жазып жиберет, анан атадан балага өтөт эмеспи.
– Учурда мектепте окуп жатыптырсың, бүткөндөн кийин окууңду улантасыңбы?
– Азыр мектепте 11- классты бүтүрүп жатам. Көбүнчө алып баруучулукту мага беришет, ошондо оюмдан ошол кечеге төгүп ырдап коём.
– Саякбай атабыз мүнүшкөр эле. Манастан тышкары кандай өнөрүң бар, эмнелерге кызыгасың?
– Мен дагы мүнүшкөрлүккө кызыгам. Атам экөөбүз куш салабыз.
Айрыкча бүркүттү жакшы көрөм.
– Учурда Ысык-Көлдө турат экенсиң, ыйык көлүбүз тууралуу эмне айта аласың?
Мөлтүрөп көк асманга нурун чачып,
Ай тийсе аркы өйүзгө чагылышып…
Миң мерте ыраазымын мен Кудайга
Көл жээгинде отурсам манас айтып.
– Өнөрдү улантып кетүү үчүн үй-бүлөнүн колдоосу сөзсүз керек. Атаң-апаңдар сенин өнөрүңө кандай карашат?
– Абдан жакшы карашат. Кенедейимден бери атам-апам ээрчитип жүрүп ушул даражага жеткизишти.