Кылым каарманы (очерк)

Кадыр КАЛИЛОВ, журналист


 Кыргыздын чыгаан уулу Султан Ибраимовду замандаштары «ХХ кылымдын каарманы» деп жүрүшөт. Мындай жогору ишенимге ээ болуш үчүн ал мезгилинде элине татыктуу кызмат өтөдү.

Ал 1968-жылдын 23-январында партиянын Ош облустук комитетинин биринчи катчысы болуп дайындалган. Мына ушул өлкөнүн жарымын түзгөн облусту жетектеп турганда анын жетекчилик жөндөмү же таланты толук ачылган. Ал кээде жекшемби күндөрү Ош шаарынын базарын баштан – аяк кыдырчу. Муну менен ал базар баасына кызыкчу. Экинчиден, кайсыл айыл чарба азыгына кардарлардын кызыгуусу көп экенине күбө болчу. Базарда кайсыл бир товар таңсык же аз болсо, аны көбөйтүү жагын тиешелүү кызматтарга тапшырчу. Ал кезде базарда жалаң башка улуттун өкүлдөрү соода жүргүзгөнүнө күбө болуп, башка соода тармактарын да кыдырып чыккан. Бул тармакта кыргыз уул-кыздарынын жоктугу аны ойго салды. Анан жаштар арасында соода тармагында окугандарды иликтеп көрдү. Ошондо Өзбекстандын Самарканд шаарындагы кооператив институтун бүтүрүп, Жалал-Абад шаарындагы соода техникумунда иштеп жүргөн Мамат Орозбаевдин тиешелүү документтери менен дыкат таанышып чыккан. Анан бул боюнча укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө жооптуу тапшырма берет. Маселе бышып жетилгенде Маматты обкомдун кабыл алуусуна чакырды. Ал кезде обкомдун биринчи катчысына кабыл алуу өзүнчө бир кооптонуунужаратчу.

Ал күн 1975-жылдын 17-майы. Калкыбызда “Баатырдын атын алыстан ук жаныңа келсе бир киши” деген нуска кеп бар эмеспи. Султан Ибраимов кабыл алуусуна келе турган Мамат Орозбаевдин кандай адам экенин ар кандай элестеп көрдү. Каалга кагылып, сырттан илбериңки, жапалдаш бойлуу жыйырма тогуз жаштагы ак жуумал, маңдайы жарык жигит кирди. Облустун башчысынын салттуу адаты бар эле. Эшиктен кирген адамды ордунан туруп барып, саламын алик алып, анан аны орундукка олтургузуп, анан барып өз ордуна олтурчу. Азыр да ошентти. “Кандайсың, Мамат?” деп суроо салды. Бүткөн бою калтырап чыккан жаш адис өзүн ыңгайсыз сезип турду бу саам.

– Сенин документтериңди карап чыктым. Соода тармагында иштейин деген максатың дурус. Менин баамдашыма караганда соода тармагында иштеген кыргыз жаштары жок эсе турбайбы. Сени Жалал-Абаддагы универсалдуу соода базасынын соода бөлүмүнүн башчылыгына жиберүүнү ылайык көрдүм, кандай дейсиң, – деп Маматка суроолуу карады.

– Сизди уят кылып койбоймбу? – деди ал илбериңки.

Анын бул жообу облус башчысынын ичин жылытты.

– Бул сөзүң мага жакты. Демек сен иштейт экенсиң. Айрымдар “ишеним көрсөткөнүңүзгө ырахмат! – деп айтышат.

Бул Султан Ибраимовдун соода тармагына жумушка кабыл алган бир адис менен болгон көз ирмеми.

Ошондон баштап соода тармагына тартылган кыргыз улан-кыздарынын катары арбыды. Көрсө ал киши көрөгөчтүк кылып, базар шартына өзгөчө маани берген тура. Азырчы, азыр базарда, соода тармагында иштегендердин басымдуу бөлүгү жергиликтүү улуттун өкүлдөрү.

Спикерлик кыска ишмердиги

Ал Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы болуп төрт айдан ашык иштеди. Бирок ошол кыска мезгил аралыгында түмөн жумуштарды аткарганга үлгүрдү. Адегенде республикабыздагы мыйзам, токтом, типтүү жоболордун баары менен дыкат таанышып чыкты. Чындыгында бир катар мыйзамдардын башка республикалардыкына коендой окшоштугу аны ойго салды. Анткени, аларда биздин республиканын шарты, табигый-климаттык абалы эске алынбаганы түйшөлттү. Ал кезде эмне, союздун курамындагы көз каранды республика катары өз алдынча мыйзам чыгаруу, мыйзам кабыл алуудан кооптончу. Анткени, андагы саясий абал азыркыдан түп-тамырынан бери айрымаланып турчу. Бардык талап Москвадан чечилип, КПССтин Борбордук Комитетинин бирдиктүү саясаты үстөмдүк кылып келгенин ким төгүнгө чыгарат.

Сөздүн чыны ачуу болот демекчи, ал учурда республиканын Жогорку Советинин президиумунун жүзү азыркыга салыштырмалуу ачык көрүнчү эмес. Султан Ибраимов бул кызматка келгенден баштап, бийликтин башкы бутагы болгон соң, аны кагаз түрүндө, иш жүзүндө журтчулукка жайылтуу аракетин көрдү. Мыйзам, токтом, жобо, нормативдик укуктук актылар Султан Ибраимовдун толук кандуу иштеп кетишине кедергисин тийгизбей койгон жок. Же кесиби юрист болбосо.

Кээде жалгыз иш бөлмөсүндө катуу ойлонуп да көрдү. Бардык мыйзам булактары менен жеткиликтүү таанышуу ниетинде түн бир оокумга чейин Жогорку Советте олтурган күндөрү көп болду. Ырасында республика алкагында мыйзамды одоно түрдө бузгандар, оор кылмыш кылгандар мыйзам алдында жасаган күнөөсүнө, кылмышына жараша беренелерде көрсөтүлгөн негизде жазасын алууга, же болбосо, жөнөкөй тил менен айтканда мойну менен тартууга акылуу. Бул маселе да парламент төрагасын түйшүккө салды. Эң жогорку өкүм, соттолгондордун ишин жеңилдетүү туурасындагы беренелерге толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө көп дит койду.

Көрсө, республикадагы көп тармак, кызмат боюнча атайын мыйзамдар бар экен. Анысы жакшы десеңиз, бирок алардын кээде бири-бирине карама-каршы келген да жактары жок эмес. Мурун муну элес албаган Султан Ибраимов адатынча мыйзам, кодекстердин берене, бөлүмдөрүнө чейин кунт коюп таанышып, андагы баамына урунган жаңылыктарды таап чыкты.

Жарыктык киши эртеден кечке иш бөлмөсүндө кагаз менен алек болуп жүрүп, кээде чарбачылыгын, өндүрүштү сагынчу. Анын кыялында өзү баштаган көп иштери кудум токтоп калгандай туюлчу. Көрөсөн көсөмдүгүн ушундан билиңиз, айрым учурда телефон менен райондун жетекчилерине байланышка чыгып, жаңы башталган жумуштардан кабар алчу. Болбой эле өзүнүн багыттамаларын берчү.

Премьерликтен өз стихиясын тапты эле…

1978-жылдын 22-декабрында ал Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагалыгына дайындалды. Өкмөт башчы катары аткаруу бийлигинин тизгинин колго алуу аны дагы жооптуу сыноодон өткөрдү. Анткени, бүтүндөй республиканын экономикалык-социалдык проблемаларын чечүү жүгү андан көп жооптуу милдеттерди талап кылды. Анткени, өндүрүш, айыл чарба, медицина, билим берүү, саламаттыкты сактоо, агартуу… айтор бардык тармак боюнча иш алып баруу вазийпасы жүктөлүп жатпайбы. Бир ай аралыгында республиканын бардык аймагын түрө кыдырып чыгууга үлгүрдү.

Эмнегедир бир катар тармактагы иштер анын купулуна толгон жок. Республиканын түштүгүндөгү абал ага алаканга салгандай маалым эле, ал аймакта он жыл иштеп келбеди беле. Эми аны түйшөлткөн Нарын, Ысык- Көл, Талас, анан Чүй региондорундагы абал болду. Аталган жерлерден көзгө көрүнөөр, баамга урунаар көрсөткүчтү, өсүп-өнүгүү дымагын, демилгени, алгылыктуу аракетти көрө албаганына өкүндү.

Жетекчилик иш башатын республиканын борбор шаары Фрунзени жөнгө салуудан баштоону ылайык көрдү. Себеби, шаардагы улуттук жүз ыроологон курулуштарды куруу туурасында архитекторлорго келечекти көздөгөн багыттарды берди. Республика казынасына арбын киреше алып келген өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө көп көңүл бурду. Шаардык жылуулук тармагын жаңыртуу маселесин көтөрүп чыгып, атомдук ТЭЦти курууну сунуштады. Эгер жетик жетекчинин ошондогу улуу жумуштары жүзөгө ашканда Казакстандан тонналаган көмүр, Өзбекстандан баасы кымбат көгүлтүр газ алмак эмеспиз. Аны бир айтабызбы, эки айтабызды, эми арман бойдон көкүрөктө катылып келет.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай – Фрунзе – Чолпон-Ата аралыгындагы жолду троллейбус линиясы аркылуу бириктирүү сунушун мезгилинде Султан Ибраимов көтөрүп чыккан. Бул балким айрымдар үчүн фантазия өңдөнөр. Бирок, көрөгөч көсөмдүн көз карашы менен карап көрсөңүз баарына ынанарыңыз бышык. Эгер бул каттам ошол кезде жүзөгө ашып калганда кереметтүү Ысык-Көлүбүзгө барып-келүүгө ыңгайлуу шарт түзүлмөк. Атаганат, эгер көзү тирүү туруп, шаарыбызга атомдук ТЭЦти куруп, пайдаланууга бергенде, Чолпон-Атага троллейбус линиясын жеткиргенде бул асыл адамыбыздын аброю артып, эмгеги элдин эсинде аңыз сымал айтылып калмак.

Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы болуп турган кезинде иш бөлмөсүндө көп отурганды жактырчу эмес. Мүмкүн болушунча облустарды, райондорду, чарбаларды кыдырууга ынтызар болгон. Эң башкысы эл үчүн кызмат кылган курулуш иштерди жасоого дилгир эле. Таластагы «Тай-жорго» массивине шартынын оордугуна карабай каналдын курулушун баштаган. «Башталган иш ташталбайт» демекчи маркум республика аймагында далай иштерди илгери үмүт менен баштаган каналдын курулушу өмүрү кыска экен бүтпөй калды. Бирок, демилгенин деми суубай, Таластагы канал элдин жапырт киришүүсү менен бүткөрүлдү. 1987-жылы каналдын жээгине эстелик тургузулуп, каналга Султан Ибраимовдун ысмы берилди. Азыр ушул каналды жээктеп жол жүрүп бараткандардын арасынан көрөгөч жетекчини тааныгандар атайын токтоп, эстеликке таазим этип, куран окуп, арбагына ыраазы болушун тилешет.

Айтор, өз заманынын залкары Султан Ибраимов артында из калтырган опол тоодой иш жасады. Алардын баарын тизмектеп олтуруунун кажети жок сыяктуу. Анткени, анын баарына эл күбө.

Атаганат, эгер маркумдун көзү тирүү болгондо ушул жылдын, сентябрь айынын жыйырмасында 90 жашка чыкмак. Торколуу тою улуу салтанатка айланып, бүтүндөй кыргыз эли майрамдамак. Анткени, ал “Эл уулу” эмес беле!

Айтмакчы, узап кеткен жылдын соңку күндөрүндө Ош облусунун калкы улуу инсандын 90 жылдыгын алдын ала жогорку деңгээлде белгилеген. Маараке Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы кыргыз улуттук драма театрында өтүп, иш чарага Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан сырткары республикадагы белгилүү коомдук ишмерлер катышканына эл күбө.