Садыр Жапаровдун атасы каза болду

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаровдун атасы 84 жашында көз жумду.

Маалыматка ылайык, аксакал бүгүн, 20-сентябрда эртең менен үзүлгөн.
Мустали уулу Нуркожо ажы Түп районундагы Кең-Суу айылында 1933-жылы төрөлгөн. Аны дарылатуу максатында балдары Бишкек шаарына 3 күн мурун алып келишкени белгилүү болду. Аксакалды акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 22-сентябрда өзүнүн айылында өтөт.