Маданият

КМШ өлкөлөрүндө Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленет

Кыргызстан 2023-жылы КМШ — көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги уюмуна төрагалык кылат. Ушуга байланыштуу Бишкекте 13-октябрда КМШнын Президенттеринин саммити болот. Ага чейин уюмдун Тышкы иштер министрликтеринин кеңеши, 27-октябрда уюмдун Өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаев журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

КМШ 1991-жылы түзүлгөн. Азыркы күндө ага 11 мамлекет мүчө. Андан бери өнөктөштөр ортосунда 686 келишим түзүлгөн.  Советтер союзу урагандан бери КМШ мамлекеттеринин ар тараптуу кызматташтыгы токтобой өнүгүп келе жатат. Анын далили катары интеграциянын алкагында визасыз режим менен каттоо, ар тараптуу байланыштардын кеңири жүргүзүлүп келе жатканын айтууга болот. Кыргызстан ушул тенденцияны мындан ары да бекем сактоого аракет кылган өлкө.

Уюмдун 2030-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясы, маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча приоритеттери да бекитилген. КМШга төрагалык кылуунун алкагында 80ден ашык иш-чара камтылып, анын 10дон ашыгы Кыргызстанда өткөрүлөт.

-Белгилүү болгондой, Кыргызстанда 2023-жыл — экологияны жакшыртуунун жылы болуп кабыл алынган. Ушуга байланыштуу уюмга төрага өлкө катары бул маселени алдыга жылдыруу да  приоритеттүү болуп коюлуп жатат. Дүйнөдө климаттык өзгөрүүлөр күчөп, өтө туруксуз болгон чөйрөдө жашап жатабыз. Андыктан, экология абдан кеңири талкууланат. Кыргызстан уюмга төрагалык кылуунун алкагында ушул идеяны түйүндүү маселе катары кароону сунуштап, ага өнөктөштөрдөн колдоо тапты. Бул иш мамлекет башчыларынын, Өкмөт жетекчилеринин, Тышкы иштер министрликтеринин жана бардык тармактык органдардын кеңештеринде каралып, талкууга алына турган болду. Мисалы, Президент Садыр Жапаров демилгелеген “Жашыл мурас” программасынын алкагында уюмга мүчө өлкөлөр аталган программаны өздөрүндө ишке ашырууну колдоодо, — дейт А.Исаев.  

Андан тышкары, эркин соода жүргүзүү жана тейлөө боюнча кызматташтыгы уюмдун алкагында акыркы 10 жылдан бери каралып келе жатат. Албетте, бул ар бир өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына тиешелүү болгон абдан олуттуу иш. Эгерде Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында ушул маселе алдыга жылдырылып, келишимдерге кол коюлуп калса, КМШ мамлекеттеринин өз ара алака-катышы жаңы деңгээлге көтөрүлөт деген ишеним чоң.   Андан тышкары, энергетикалык коопсуздук, транспорт, санариптештирүү жана маалымат коммуникациясы, миграция боюнча кызматташтыкты алдыга жылдыруу маселелери артыкчылыктуу орунга коюлуп жатат. 

Ар жылы уюмдун алкагында бир тематикалык жылдын белгилениши адатка айланган. Ушуга байланыштуу КМШнын мамлекет башчылары 2023-жылды орус тилинин жылы кылып белгилөө тууралуу өз ара сүйлөшүшкөн. Кыргызстанда орус тили расмий тил катары кеңири колдонулат. Быйыл улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы КМШнын алкагында белгиленмекчи. Дүйнө адабиятына улуу көркөм мурасты калтырган Айтматовдун чыгармалары да орус тили аркылуу ааламга тараганы тангыс чындык эмеспи. Быйыл уюмга мүчө мамлекеттер орус тилин өнүктүрүүгө, бекемдөөгө артыкчылык берүү чечимине келишкен. Анын үстүнө, орус тили Кыргызстан мүчө болгон эл аралык уюмдардын дээрлик бардыгында колдонулуп келе жаткандыгы менен баалуу. Бардык келишимдер орус тили аркылуу ишке ашырыла турган инструмент экени да чындык.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА

0 Поделились