Прокурорлор Аида Салянованы сегиз жылга соттоону суранды

Ленин райондук сотунда бүгүн 20-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын сот иши уланды.

Анда Башкы прокуратура Аида Салянованы сегиз жыл эркинен ажыратууну соттон суранды.

Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айып тагылган.