Дүйнөнү дүңгүрөткөн “Сүйүү вальсынын” таржымалы
Доганын вальсы…Союз кезинде бул вальс жаңырбаган бир да үлпөт сарайы жок эле. Жаш жубайлар салттуу түрдө ушул музыкага гана вальс бийин бийлешкен. Ал эми Москванын өзүндө ар бир метро өткөөлү ушул музыканын шаңына бөлөнүп турар эле дешет, жаштыгын эстеген улуу муундун айрым өкүлдөрү. Мынчалык популярдуулук композитордун өзү үчүн да табышмак болгон.
Вальстын жаралыш тарыхына үңүлсөк, башаты көркөм адабият болуп чыкты…Баары Антон Павлович Чеховдун «Аңчылыктагы драма” повестинен башталган. Повесттин кызыктуу сюжетине таасирленген кинорежиссёр Эмиль Лотяну чыгарманын негизинде “Мой ласковый и нежный зверь” (“Менин жароокер жана сезимтал жырткычым”) тасмасын жаратууга белсенип киришет. Тасма тартыла турган болгон соң, албетте анын мазмунуна шайкеш келип, кульминациялык ажарын ача турган музыка керек эле.
Бул учурлар тууралуу композитор Евгений Дога “Публика” телеканалынын журналисттерине өз учурунда мындай маек куруп берген:
“Мен кинорежиссёр Эмиль Лотянуга тасмага ылайыктуу музыка жазып берем деп айттым. Ал таң калып, “Эмне дейсиң?” – деп кайра менден сурады. Мен ага “Кел, вальс жазып берейин”, – дедим. Убада берерин берип коюп, бирок өзүм унутуп калыпмын…”
Кийинчерээк алар “Мосфильмде” бул картинанын үстүндө иштей баштаганда Э.Лотяну Э. Догага “бул жер сага “Табор” эмес, кино чөйрөсү, музыка мынчалык шаңдуу угулбаш керек, кино бул – такыр башка дүйнө” деп көрсөтмө берип турган.
Лотяну мурда саундтрек менен тасмаларды тартчу негизинен. Бул убакыттардын ичинде Дога да тим олтурган жок – Глинканын музейинин архивине сүңгүп, XIX кылымдын 80-жылдарындагы вальстарды издеп, бирдеме табууга аракет кылып жүрдү, бирок ага эч нерсе жакпай койду. Металл дисктердеги эски пластинкалар ага таштандыдай көрүнүп: ”Ушундай таштандыларды мен өзүм жазам!” деген ачууланып.
Ошентип башы түйшүктүү изденүү менен башталган вальс музыкасын жаратуу иши уламдан-улам солгундап жүрүп отуруп, аягында Евгений Дога ал тууралуу унутуп да калат.
Бирок режиссер унутпаган экен. Бир күнү композитор жайгашкан мейманкананын номерине издеп таап келип, баягы убада кылынган вальсты тезинен берүүсүн сурайт, анткени музыканы бүтүндөй кино тартуучу топ күтүп жатышкандыгы чындык эле.
– “Эшик капыс ачылып, ачуулуу кейпи менен, артында ээрчиткен артисттери менен кинорежиссёр Эмиль Лотяну турат, жинденгени ушунчалык, жада калса артындагы эшикти жаппай туруп кыйкырды:
– Вальс? Кана вальс!!! Мен камырабай:
– Кайсы вальс? – деп сурап коем.. чын эле унутуп калыпмын… Анан эсиме түшүп, кырдаалдан чыгуу үчүн пианинодо түшүнүксүз бир музыканы ойной баштадым. Ал улам ачууланат. Мен болсо “эми качан желкеден ары бирди жээр экем” деп күтүп коюп, пианинодо дагы эле түшүнүксүз музыканы ойноп аттым” деп эскерет.
Евгений Дога ошондо вальстын башталыш ноталары түшүрүлгөн барак актай калганын эстейт: “Мен кагазга биринчи үч нотаны гана жазган элем, андан башка эч нерсе жок баракта. Вальстын аягыбы?.. Аягына өзүм да таң калдым! Мындай музыка кантип, кайдан келгени өзүмө да түшүнүксүз”.
Анда маэстро бул чыгармасы аны атактуу кылат деп ойлогон да эмес. “Мен келсем оркестр токтобой ойноп жатыптыр, музыканттар аягына чейин чертип, музыкалык трибуналарды дүңгүрөтө ура башташты. Адегенде мени шылдыңдап жатышат деп ойлогом” – деп эскерет композитор.
Эртеси таңга жуук кино тартуучу топ өзгөчө жигердүүлүк менен өз ишин баштап, кечинде кинематографиянын оркестри Доганын вальсын жаңыртты. Ал эми кийинки күн жайдын алгачкы башталышы эле, кино тартуучу топ Москванын сыртындагы Валуевада көк шиберде эс алып жатып вальсты кайра-кайра угушту! Он кайталап угуудан тажашкан жок. Бул музыканы кандай бактылуу тагдыр күтүп турганы ал учурда биринин да оюна келген эмес!
Тасма 1978-жылы советтик экрандарга “Мой ласковый и нежный зверь” деген ат менен чыккан. Башкы ролдордо орус киносунун жылдыздары: Галина Беляева (Оленка Скворцова), Олег Янковский (Камышев), Кирилл Лавров (граф Корнеев), Леонид Марков (Урбенин) ойношкон. Бул тасманын өзгөчөлүгүн арттырып турган бир зор күч – композитор Евгений Доганын вальсы деп билишет тасма сүйүүчүлөр .
Музыка тез эле тасмадан тышкары жашай баштап, кырк жылдан ашуун убакыттан бери “Сүйүү жөнүндө вальсы” бүткүл дүйнөнүн концерттик залдарын багындырып келет. А.П Чеховдун “Аңчылыктагы драма” повести боюнча тартылган Эмиль Лотянунун фильминдеги терең психологиялык кульминациялык чекти ачып берүү үчүн аракеттенген композитор Евгений Дога өзү да байкабай жазган “Сүйүү жөнүндөгү вальсы” менен укмуштуудай ийгиликке жетти. Голливудда актердук карьерасынан кийин саясатка келген АКШнын президенти Рональд Рейган бул музыкалык чыгарманы “Кылымдын вальсы” деп атагандыгы айтылат. Бул түбөлүктүү музыка!