“Оорудум дебей, олуттуу максат коюп жаша”
Кыл кыякчы Гүлнара СЫДЫКБЕКОВА:“Даңк” медалынын ээси, Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде 37 жылдан бери эмгектенип келген кыл кыякчы, ырчы Гүлнара Сыдыкбекова көп жылдардан бери асылган оору менен алышып, аны жеңгенин, эми алдыдагы пландары боюнча бизге кызыктуу баян куруп берди.

Комуз менен ырдап баштагам
– Ат-Башы районунда “Жеңиш жолу” деген гезит бар эле. Атам ошол гезитте редактор болуп иштечү. Фрунзеден ырчылар концерт коюп келип калышканда, атам чыгармачыл адам катары аларды тосуп алып, сыйлачу. Келген конокторго атам мени ырдатып койчу. Мен орус мектепте окугандыктан, орусча ырдап берчүмүн. Ошондо бирөө: “Ай Советбек, бул кызыңдын таланты ташкындап аткан го. Жакшы ырдайт экен. Музыкалык окуу жайына берип койбойсуңбу”, – деп калды.
Анан атам мени Ат-Башыдагы Ж. Шералиев атындагы музыкалык мектептин комуз бөлүмүнө 1974-жылы берди. Аны 1979-жылы аяктап, биринчилерден болуп күбөлүк алдым. Атам комуз сатып берди. Комузду биринчи үйрөткөн эжелерим Жээнгүл Кокеева менен Чынара Карымбаева болду. Алар азыркы күнгө чейин мени колдоп, кеп-кеңештерин берип турат. Учурдан пайдаланып, аларга терең ыраазычылык билдирем. Окуп жүргөндө Динара Мамбетакунова деген эжем экөөбүз Фрунзеде болгон конкурс-тарга катышып калчубуз. Ошол учурда бала экенибизге карабай көптөгөн ийгиликтерге жетиштик.
Кыякка агайым эле бөлүп койгон…
– 1979-1983-жылдары М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында кыяк бөлүмүндө окудум. Текембай Исмаилов деген Ташкенттен бүтүп келген скрипач агай бар экен. Ошол агайым “Сен кыякка окуйсуң”, – деп калды. Кыякты кармап көрсөм катуу, комузга окшош эмес экен. Анан “…агай, кыякта ойноп көргөн эмесмин, кылдары да катуу экен”, – деп ыйладым. Агайым: “Комузду үйрөнүп келгениң жакшы. Бирок, сени азыр кыякка бөлөбүз. Себеп дегенде, сен кыякка ылайык болуп турасың”, – деп эле бөлүп койду. Башында сабакка келбей, кызыкпай жүрдүм. Кийинчерээк кыяктын үнү жага баштады.
Москвага биринчи барганда
– Чыны менен Ат-Башыдан комузду үйрөнүп келгенимдин пайдасы тийди. 1981-жылы Москва шаарындагы Кремлде Болот Миңжылкыев агайдын “Эсимде” деген ырын ооз комуз менен коштоп, А.Огонбаевдин “Маш ботой” күүсүн комузда ойноп катышканым эсимде. Анда болгону 16 жашта болчумун.
1983-1988-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун кыяк бөлүмүн аяктадым. Экинчи курсту аяктагандан кийин турмушка чыккам. Жолдошум Абдырахман КРнын эмгек сиңирген артисти. Учурда 1 кыз, 2 уул, 5 неберем бар.
Аты жаман оорунун азабы
– 2009-жылы кант диабети
менен ооруп, эки жыл алыштым. Андан кийин экинчи стадиядагы эмчек рагы бар
экендиги аныкталды. Анализ тапшырып, документтеримди толуктап операцияга
даярданып калдым. Ал ортодо бир кудагыйыма жолугуп калсам: “Дароо эле операция
десе бара бербей, бир аз дарыланып көр. Корей улутундагы бир дарыгер бар экен.
Ошого барып көрбөйсүңбү”,-деп калды. Анын сунушу менен айткан дарыгерине
бардым. Ал мени текшерип: “Териң абдан назик экен, организмиң операцияны көтөрө
албай калуусу мүмкүн. Андан көрө чөп дары менен дарылан.
Диета сакта”, – деген кеңеш берди. Бир топ чөп дарыларды алып үйгө бардым. Эки
күндөн кийин операцияга кирмекмин, дарыгерлер улам-улам чала бергенинен албай
качып аттым. Ошентип жалаң дары чөптөрдү колдонуп, тамакты ылгап калдым.
Ашкабак, сабиздин ширесин, балды колдонуп аттым. Салмагым 75 килограммдан 45
килограммга түштү.
Чыгармачылыкка кайтканда…
– Ошол дарыгердин кеңеши менен ооруну унутуп, ырдап, кыякта ойноп, жаңы клиптерди тартып, алаксый баштадым. Ошентип италия-лык композитор Витторио Монтинин “Чардаш” деген чыгармасын аткарып, ага Кыргызстандан биринчилерден болуп төрт кылдуу кыякта клип тартып ойноп чыктым. Анда менин оорум күчөп кеткен болчу.
Өзүмдүн оюм клипке тартылып, балдарыма эстелик калтыруу болчу. Ооруган адамга ар кандай ойлор келет экен. Ал учурда чыгармачылык менен элге таанылайын деген деле ой болгон эмес. Ошентип “Чардашка” клип тартып, үйдө ооруп, дарыланып жүрдүм. Жолдошум “Арашан” тобунда иштейт эле. Үйдө пианиносу бар. Аны ойноп жатып “Сүйкүм элес” деген чыгарманы аткарып калды. Үнүн угуп эле жактырдым. Анан жолдошумдан “Бул кайсыл ыр”, – деп сурасам, “Сүйкүм элес” деген ыр. Муну “Арашан” тобунда кыздар ырдайт”, – деп калды.
Анан мен ушул ырдын сөзүн алып келип берчи. Мага музыкасы жакты дедим. Жолдошум ырдын сөзүн алып келип берди. Ал ырды ырдап даярдап, жолдошум экөөбүз клип тарттык.
“Өмүрлүк жарыма” деген ырды жолдошума арнагам
– Андан кийинки клибим Жазгүл Жумакунованын обонуна жазылган, сөзү Надырбек Алымбеков агайга таандык. Жазгүл: “Эже, мен сизге “Өмүрлүк жарыма” деген ырды тандадым. Себеби, жездем сизди канча жылдан бери колдоп, оорусаңыз жөлөк болуп келе жатат”, – деп сунуштап калды.
Ал комузу менен “Өмүрлүк жарыма” деген ырды аткарып берди. Мен көбүнчө ырдын сөзүнө маани берем. Сөзүн угуп көрсөм, мазмуну менин тагдырыма окшош экен. Дароо эле жактырдым. Үйгө мени сурап келген бир туугандарыма ушул ырды ырдап берсем баары ыйлашат. Аларга кошулуп өзүм да ыйлайм. Бул ырдын сөзү аябай муңдуу болгондуктан 2-3 жолу записке барып, ыйлап сөзүн жаздыра албай койдум. Ошентип жүрүп акыры сөзүн жаздырдым. Анан ага клип тартыш керек болду. Ага өзүм эле тартыла бербей үй-бүлөм менен тартылдык. Андан кийинки клибим “Пахтачы кыздын бийи” болду.
Калп эле ооруйсуң дегендер көп болду
– Азыркы тапта мага көпчүлүк таң калышат. “Сен калп эле ооруйсуң. Ооруган адам кантип клиптерге тартылсын” дегендер болду. “Сен оорубасаң, чыгармачылыкка чыкмак эмессиң. Оору сенин позитивдик жашоого түрттү”, – деп азыркыга чейин айтышат. Туура, мен позитивдик жашоону тандадым.
Азыр ооруйм деп кайгыргым келбейт. Кайра баарын унуткум келет. Мурда менден интервью алам деген журналисттерге бара албайм деп жооп берет элем. Азыр болсо, чакырган жерге калбай барып жатам. Себеби, ооругандар “Рак” деген сөздү угуп алып, “Эми өлөт турбаймынбы” деп ойлошот экен.
“Ыйлабагыла, үй-бүлөңөрдү, өзүңөрдү да кыйнабагыла”, – деп айтар элем. Оорудум деп жатып албай ар ким колунан келген ишке алпурушуп, алаксып кетишин каалаймын. Анткени, мени менен чогуу операция болгондор каза болуп кетишти. Рак оорусу менен ооругандар мага телефон чалып, “Эже, сиз кандай тамак-аш жедиңиз? Кандай дары-дармек ичтиңиз эле”, – деп сурап калышат. Анан мен аларга “Эң негизгиси, башыңардагы ар кандай ойлорду жана ички жан дүйнөңөрдү оңдогула! Мына ошондо гана силерде оору жок болот”, – деп айтып калам.
Алдыда пландарым көп
– Азыркы учурда алдыга койгон максаттарым көп. Дагы да жаңы клиптерди тартып, ошонун үстүнөн иштесемби деп жатам. Кийинки жылы, Кудай буюрса, 60 жашка чыгат экенмин. Ага карата өзүмдүн жеке концертимди берип, өзүм жөнүндө бир китеп жазсамбы деп пландап жүрөм.
Учурдан пайдаланып, мени ушул күнгө чейин колдоп келген үй-бүлөмө, экинчи үйүм болуп калган филармонияма, башкы директорум Кыргызбай Осмоновко, чогуу иштеген жамаатыма жана мага дуба кылган күйөрмандары-ма терең ыраазычылык билдирип
кетем.
Асел Муса кызы, «Кыргыз Туусу»