Мексикада зилзаладан каза болгондордун саны 226га жетти

Мексикада күчү 7,1 баллга жеткен жер силкинип, каза болгондордун саны 226га жеткени маалымдалууда. Өлкөнүн борбору Мехикодо 30дай имарат кыйрап, аба майданы жабылды. Ошондой эле 4 миллионго жакын тургун электр жарыгы жок калганы айтылууда.

Эскерте кетсек, аталган өлкөдө буга чейин да күчү 8,2 баллга жеткен зилзала катталып, Мексиканын түштүк тарабы жана коңшу Гватемаланын батыш бөлүгү жабыркап, каза болгондордун саны 90дон ашкан болчу. Өлкөнүн президенти Энрико Пенья Ньето бул жер титирөө соңку 100 жылда катталган эң катуу зилзала экенин белгилеген.