«Кентавр» тасмасы «Оскарга» көрсөтүлөт

Кыргызстандагы Оскар комитети режиссер Актан Арым Кубаттын “Кентавр” тасмасын “Оскар” сыйлыгына көрсөтүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстан кинематографисттер союзунун уюштуруу иштери боюнча катчысы Талантбек Төлөбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, Тасма “Чет тилдеги мыкты тасма” номинациясы боюнча башкы байгеге ат салышат. Алгач эки тасма каралып жаткан. Актан Арым Кубаттын “Кентавр” жана Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” тасмасы. Бирок комитет мүчөлөрүн добуш берүү жыйынтыгы боюнча  “Кентаврга” көп добуш алган.

Эске сала кетсек, “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи 2018-жылы 4-мартта Лос-Анжелес шаарында өтөт.