Ислам УРМАТБЕК уулу: “Шаардын көрүнүшү Голливуддун коркунучтуу тасмаларындай”
ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Ленин району боюнча өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсүнүн улук офицери, лейтенант Ислам УРМАТБЕК уулу учурда Кахраманмараш шаарында куткаруучулук милдетин аткарууда. Ал жактагы абалды өз көзү менен көргөн адам катары буларды айтып берди.

Түрк боордошторду көрүп жүрөгүм тилинди
– Биздин куткаруучу топ Кахраманмараш шаарына бөлүндү. Шаардын аэропорту жер титирөөдөн жабыркаптыр. Аялдар, жаш балдар, эмчектеги балдар, карылар суукта жука кийим менен жүрүшөт. Түрк боордоштордун мындай абалын көрүп жүрөгүм тилинди. Кахраманмараш шаарынын эли тоонун этектерине үй салып кете беришиптир. Бул жакта түз жер жок экен. Үйлөр 9 кабаттан жогору салынбаптыр, көбүнчө 2-5 кабаттуу үйлөр. Кеч киргенде шаардын көрүнүшү Голливуддун коркунучтуу тасмаларындай болуп калат. Көп жерде жарык жок, үйлөр талкаланып таптакыр жараксыз абалда.
Биздин тарыхтагы экинчи өзгөчө кырдаал
– Өлкөбүздүн куткаруучулары эң алгач 1999-жылы Түркияда куткаруу иштерин жүргүзүшүптүр. Андан кийинки биз болдук. Авариялык куткаруу иштерин жүргүзгөнгө керектүү болгон бардык шаймандарды алып бардык.
Чатырларды тигип, лагер уюштурдук, жумушту ушул жактан эле баштадык. Учурда ондон ашык чатыр тигилди. Ар бир чатырдын өзүнүн максаты бар. Мисалы, бир чатырда шаймандарыбыз турат, экинчи чатырда азык-түлүктөр, үчүнчү чатыр ашкана, төртүнчү чатырда ӨКМдин штабы жайгашкан, калган чатырларда куткаруучулар жумуштан кийин эс алышат. Тамак-ашыбызды даярдап берген атайын жумушчулар бар.
Жумушубуз натыйжалуу болушу үчүн биз 4 топко бөлүндүк. Жалпы 4 топ болгон менен 1-2-топ күндүзү иштесе, 3-4-топ түн ичинде алмашып турат. Интернет, байланыш жакшы иштеп жатат. Радиостанциялар да бар. Куткаруучулар бири-бирибиз менен маалымат алышып иштейбиз.
Иштөө шартыбыз ар кандай болуп жатат. Анткени, үйлөр, батирлер ар кандай абалда кулап калыптыр. Мисалы, кээ бир үйлөр жөн гана арт жакка ооп калса, дагы бири бүт кулап калган. Издөө куткаруу иштерин техникалардын жардамы менен жүргүзүп жатабыз. Куткаруучулар экскаваторчуларга кайсы жерди казуу керектигин көргөзүп беришет. Андан сырткары тургундардын чоң жардамы тийүүдө. Алар жакындарынын, кошуналарынын кайсы бөлмөдө болушу мүмкүн экенин кагазга чийип айтып берип жатышат. Алардын берген маалыматы көп учурда туура чыкты.
Мындай кыйроону алгачкы көрүшүм
– Түркияга барган күнү эле Кахраманмараш шаарында жайгашкан 9 кабаттуу батирге издөө-куткаруу иштерин жүргүздүк. Мындай кыйроону алгачкы көрүшүм. Бул сыяктуу окуяларды сүрөттөн гана көрүп, окуганмын. 9 кабат үйдүн ар бир батиринин шыбы, ылдыйкы батир менен жабышып калыптыр. Ушундай шартта тирүү киши калабы деген ой келди. Үмүттү үзбөй издөө-куткаруу иштерин баштадык. Бир аз убакыт өткөндөн кийин эле бир үй-бүлөнүн сөөгүн таптык. Жакын тууганы айтып берип жатып таап алдык. Бул үй-бүлөдөн 22 жаштагы бала гана тирүү калды. Ал ата-энесинен, агасынан бир учурда айрылды. Зилзала түн ичинде болгондуктан тургундардын сөөгүн керебетте жаткан абалында таап жатабыз.
Тирүү тапканыбызда көзүбүзгө жаш алдык
– 11-февралда, кечки саат 11:00 чамасында биздин топ бир объектиде иштеп жатканбыз. Ал жакта 5 кабаттуу үй кулап калыптыр. Ал жакта жашаган тургун бизге маалымат берди. 2-3- кабатта бир аял эки баласы менен калыптыр. Куткаруу тобу менен издөө ишин баштадык. Мүмкүн боло турган бөлмөнү тешип, ошол жакка жол ачтык. Анан аялдын сөөгү чыкты. Керебетте ичи менен жатып кете бериптир. Анын сөөгүн 112 кызматына өткөрүп бердик. Андан соң, ал жакка дагы кирип карап жатканыбызда бир нерсе кыймылдап кетти. Чочуп карасак кичинекей бала. Биз адамдын сөөгүн гана издеп жатканбыз да. Көрүп аябай сүйүндүк.
Сүйүнгөнүбүздөн көзүбүзгө жаш алдык. Бул биздин алгачкы жолу тирүү адамды таап чыкканыбыз болду. Таң калыштуусу, ал бала өлгөн аялдын керебетинин бир аз гана нары жагында экен. Анан дагы издөө иштерин уланта бердик. Экинчи бөлмөдөн 12 жаштагы баланы таап чыктык. Бул балдар эч кандай жаракат албаптыр, жада калса денесинде бир тытылган жери жок.
Бул окуя өмүр бою эсимде сакталат
– Аларды чыгарарда толтура киши артыбызда карап турду. Бизге аябай ыраазы болушту. Бул окуя өмүр бою менин эсимде сакталат. Бул балдардын ичер суусу бар болгондуктан, Жараткан өзү сактаптыр. Ушул куткаруу биздин топко аябай дем берди. Буюрса, дагы тирүү адамдарды таап чыгабыз деп мурункудан да күчтөнүп иштеп калдык.
Боордоштордун ынтымагы
– Кахраманмараш шаарында кыргыздардан сырткары эл аралык уюмдар да келип жардам берүүдө. Түркиянын ар кайсы шаарларынан ыктыярчылар келип иштеп жатышат. Измир, Чанаккале, Анталия, Стамбулдан келген ыктыярчылар бар. Колдорунан келген жардамдарын берип жатышат. Ошондой эле, Измирден, Стамбулдан кыргыз эжелер келип, тамак жасап беришүүдө.
Учурда жардамга келген мамлекеттер арасынан Кыргызстан натыйжалуу жумуш көрсөтүп жатат. Жансыз кишилердин сөөгү жана тирүүлөрдү тапкан боюнча 2-орундабыз. Урандылардын астынан 5 тирүү кишини алып чыктык. Ошондуктан биздин салымыбыз өтө чоң. Түрк эли бизди туугандарындай көрүп, рахматтарын айтып жатышат. Ысык чайын, нанын, айтор, эмне керек болсо көтөрүп келишет. Боордоштордун ынтымагы ушундай кырдаалда билинет тура.
PS. Эскерте кетсек, дүйнөлүк маалымат каражаттары билдиргендей, Түркияда болгон катуу зилзалада өлгөндөрдүн саны 40 миңге чукулдады.
Асель РАМАНКУЛ кызы