Өкмөт Liglass Trading компаниясына 1 млн. 147 миң доллар кепилдик төлөмүн кайтарбайт

Кыргызстандын өкмөтү Liglass Trading компаниясына 1 млн. 147 миң доллар өлчөмүндөгү кепилдик төлөмүн кайтарбайт. Бул тууралуу КР вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

 

Liglass өкмөт 1 млн. 147 миң доллар өлчөмүндөгү кепилдик төлөмүн 11-августка чейин кайтарып берүүсү керек эле деп эсептешет, бирок алар беришкен жок.

Эскерте кетсек, 18-сентябрда өкмөттүн жыйынында премьер-министр Сапар Исаков министрлер кабинети Liglass менен ГЭСтердин курулушу боюнча келишимин 37 млн. долларды төлөө мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу бузган.