Зоопарктан качкан карышкыр жок кылынды

Караколдо зоопарктан чыгып кеткен карышкырдын бир жашар бөлтүрүгү жок кылынды, шаар тургундарына коркунуч жок. Бул тууралуу зоопарктын жетекчиси Салтанат Сеитова билдирди. Анын айтымында, окуя 9-майда болгон:

— Биз дароо «Тазалыктын» жумушчуларына сигнал бердик. Зоопарктын аймагынан чыгып кеткенден кийин мен маалымдоого милдеттүү болчумун. Биздин уруксат менен бир сааттын ичинде ликвидация болду. Азыр тынч. Эч кимге кол салган жок.

Сеитованын белгилешинче, карышкыр кармалчу торду белгисиз бирөөлөр кесип кеткен, бөлтүрүк ошол жерден чыккан.

Эскерте кетсек, мурда ЖМКларды бири Караколдун зоопаркынан карышкыр качып кетти деген маалымат тараткан болчу.